Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 токтомуна) |
Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү (мындан ары - сертификаттоо) жол-жобосун белгилейт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн "Курал жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
2. Шайкештик сертификатын тариздөө жана берүү тартиби
3. Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды (мындан ары - курал) сертификаттоо милдеттүү мүнөзгө ээ.
Куралды сертификаттоо милдеттүү түрдө сертификаттоо түрүндө жүргүзүлөт.
4. Куралды сертификаттоо боюнча иштер ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
5. Куралды сертификаттоо улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификаттоо боюнча органдар (мындан ары - сертификаттоо боюнча орган) тарабынан алардын аккредитациялоо жаатындагы чегинде жүргүзүлөт.
6. Куралды сертификаттоо боюнча сыноолор, эгерде бул куралды сертификаттоо схемасында каралса, тиешелүү жаатта аккредитациялоо менен аккредитацияланган сыноо лабораториялары тарабынан жүргүзүлөт.
7. Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги (мындан ары - Куралдардын тизмеги) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан менен бекитилет.
8. Куралды сертификаттоо Куралдардын тизмегинде белгиленген шайкештигин ырастоо жүзөгө ашырылуучу стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Куралдарды сертификаттоону жүргүзүү менен байланышкан иштерге акы төлөө бекитилген тарифтерге жана/же прейскуранттарга ылайык өтүнмө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Куралды сертификаттоо боюнча документтер электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен гана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.
11. Шайкештик сертификатынын текстин терүү үчүн Times New Roman шрифтинин гарнитурасы колдонулат. Шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган жөнүндө маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү түз жазуунун 9 пунктунан кем эмес болот. Калган маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү - түз жазуунун 10 пунктунан кем эмес.
12. Куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берүүчүнүн аталышы, өндүрүүчүнүн аталышы, анын юридикалык дареги жана жайгашкан жеринин иш жүзүндөгү дареги, ошондой эле куралды жасоо боюнча иш жүргүзүү жеринин дареги (даректери), ишти аткаруу, кызмат көрсөтүү объектинин жайгашкан жери (мамлекеттин аталышынан тышкары) жана куралдын белгилениши (тиби, түрү, маркасы, модели, артикулу ж.б.) мамлекеттик/расмий тилде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
13. Шайкештик сертификатын чет тилде тариздөөгө өтүнмө берүүчүнүн расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген шайкештик сертификаты болгондо жол берилет.
14. Шайкештик сертификатына ушул Тартипте каралбаган маалыматтарды, ошондой эле сөздөрдүн кыскартылышын (жалпы кабыл алынган белгилөөлөрдөн жана кыскартуулардан тышкары) киргизүүгө жана текстти кандайдыр бир оңдоого жол берилбейт.
15. Шайкештик сертификаттары берилген шайкештик сертификаттарынын реестринде катталган датадан тартып күчүнө кирет.
16. Шайкештик сертификатынын көчүрмөлөрү түп нускасын берген сертификаттоо боюнча орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан берилген эсептик номери бар бланктарда шайкештик сертификатынын түп нускасынан таризделет.
Ар бир сертификаттоо органы өзү берген шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүн эсепке алууну уюштурат жана жүргүзөт.
17. Куралдын шайкештигин ырастоодо сертификаттоо жол-жоболорунан өтүү процессинде алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо аркылуу сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берүүчүлөрдүн, сертификат ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо камсыз кылынат.
3. Куралды сертификаттоону жүргүзүү тартиби
18. Куралды сертификаттоо ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык куралды милдеттүү түрдө сертификаттоо схемалары (мындан ары - сертификаттоо схемалары) боюнча жүргүзүлөт.
Сертификаттоо боюнча органдар мамлекеттик жана расмий тилдерде керектөөчү үчүн милдеттүү реквизиттери жана/же маалыматы жок куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укуксуз.
19. Куралды сертификаттоону жүргүзүүгө кайрылган жак (мындан ары - өтүнмө берүүчү):
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык аккредитациялоо чөйрөсүнө өтүнмө берилген куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү кирген сертификаттоо боюнча органга куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берет;
2) сертификаттоо схемасын тандайт;
3) куралды сертификаттоо, сыноолорду жана инспекциялык контролдоону (эгерде сертификаттоо схемасында талап кылынса) жүргүзүү боюнча иштердин наркын төлөйт;
4) төмөнкү документтерди берет:
- өндүрүүчүнүн техникалык документтерин (конструктордук, технологиялык, эксплуатациялык ж.б.) - ушул Тартиптин 23-пунктуна ылайык өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнү караган сертификаттоо схемалары үчүн;
- сапат системасынын документтерин (болсо) жана сертификаттоо схемасына жараша башка документтерди;
- куралдарды алып келүүгө контрактты (зарыл болгон учурда);
- товар коштоочу документтерди - ташып киргизилүүчү куралдар үчүн;
- куралдардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди: шайкештик сертификатын (аны берген сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же көчүрмөсүн), аккредиттелген ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган сыноолордун протоколдорун (аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аларды берген аккредиттелген лаборатория тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);
5) сыноо үчүн куралдын партиясын жана үлгүлөрдү сертификаттоо боюнча органдын адисине карап чыгууга берет;
6) куралдын коопсуздук талаптарына шайкештиги бузулган учурда түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгат, бекитет жана аткарат;
7) шайкештигин ырастоочу документтери жок куралды колдонууга чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат;
8) куралды сертификаттоонун жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган менен пикир келишпестиктер келип чыккан учурда сертификаттоо боюнча органдын апелляциялык комиссиясына, ал эми анын чечимине макул болбогон учурда сертификаттоо боюнча органды аккредитациялаган аккредитациялоо боюнча органга сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдардын жана сыноо лабораторияларынын мыйзамсыз иш-аракеттерине даттануу же апелляция менен же Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылат;
9) сертификаттоо боюнча органдын жана сыноо лабораторияларынын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанат.
20. Сертификаттоо боюнча орган:
1) өтүнмөнү кабыл алат, куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө өтүнмө берүүчүгө маалымдайт, өтүнмө берүүчүгө куралды сертификаттоо жана сыноо боюнча белгиленген тартипте бекитилген тарифти жана/же прейскурантты берет жана сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге (макулдашууга) кол коёт;
2) берилген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерет жана зарыл болгон учурда ушул Тартиптин 19-пунктунун 4-пунктчасына ылайык документтердин берилбегендиги жөнүндө өтүнмө берүүчүгө куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге (макулдашууга) кол коюлуп жана куралды сертификаттоо боюнча иштерге акы төлөө жүргүзүлгөндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет, сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн адисти аныктайт, өтүнмө берүүчүгө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык билдирүү жиберет;
3) үлгүлөрдү аккредиттелген сыноо лабораториясына өткөрүп бергенге чейин үлгүлөрдүн туура тандалышы, алардын сакталышы, таңгактын сакталгандыгы, ташуу шарттарынын сакталышы жана сыноолордун ишенимдүүлүгүнө таасир этүүчү башка жол-жоболор үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Сертификаттоо боюнча органдын адиси:
1) куралдын партиясын карап чыгат, өтүнмө кабыл алынып, сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн келишимге (макулдашууга) кол коюлуп, сертификаттоо боюнча иштерге акы төлөнүп жана куралды баалоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин бир жумуш күндүн ичинде сыноолорду жүргүзүү үчүн куралдын үлгүлөрүн тандап алат;
2) куралга, тандоонун жана сыноонун методдоруна талаптарды белгилеген документтерге ылайык тартипте жана санда үлгүлөрдү тандап алууну ишке ашырат;
3) өтүнмө берүүчүнүн жана/же өкүлүнүн катышуусунда сыноо үчүн куралдын үлгүлөрүн тандоону, маркалоону, пломба басууну жана куралдын үлгүлөрүн тандап алуу актысын нускасы ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эки нускада тариздөө менен үлгүлөрдү алуу жол-жобосун документтештирүүнү жүзөгө ашырат: актынын бир нускасы өтүнмө берүүчүгө жана/же өкүлүнө берилет, экинчи сертификаттоо боюнча органда сакталат;
4) тандалып алынган үлгүлөрдү багыты боюнча аккредиттелген сыноо лабораториясына өткөрүп берет.
22. Сыноолордун протоколдору үч нускада таризделет, анын экөө сертификаттоо боюнча органга берилүүгө тийиш (бир нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат, экинчиси башка документтер менен бирге өтүнмө берүүчүгө берилет), үчүнчүсү сыноо лабораториясында сакталат.
Сертификаттоо боюнча органда сыноолордун протоколдору сертификатты колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөт ичинде сакталууга тийиш. Сыноо лабораториясында протоколдорду сактоо мөөнөтү анын сапат системасынын ички жол-жоболору менен аныкталат.
23. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
- техникалык документтерге;
- персоналдын компетенттүүлүгүнө;
- керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө;
- куралды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүүгө;
- жабдууларды техникалык жактан тейлөөгө жана оңдоого;
- өндүрүш технологиясын сактоого;
- материалдарды, комплекттөөчү буюмдарды жана буюмдун курамдык бөлүктөрүн ишке берүүдө контролдоого;
- өндүрүштүк контролдоо жана сыноолорду жүргүзүү системасына;
- контролдук, өлчөөчү жана сыноочу жабдууларды башкарууга;
- түзөтүүчү иш-чараларга;
- куралдарды сактоого, таңгактоого, маркалоого, консервациялоого.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү ишкана коопсуздук талаптарына шайкеш келген куралдарды сериялык түрдө өндүрүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү экендигинин зарыл далилин аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
24. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысы негизделген чечимди кабыл алууну камсыз кылуучу баалоо жөнүндө так, кыска жана түшүнүктүү жазууну билдирет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сертификаттоо боюнча орган, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) жөнүндө маалыматтарды;
- өтүнмө берүүчү жөнүндө маалыматты;
- куралды өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүлүүчү жердин дарегин (даректерин);
- сертификатталуучу курал, анын ичинде аны идентификациялоону камсыз кылуучу жөнүндө маалыматтарды;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү датасын;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү үчүн негизди;
- сертификаттоодо колдонулуучу куралга карата техникалык талаптарды белгилеген документтердин аталышын;
- сертификатталуучу куралга коюлган талаптарды аткаруу боюнча баалоосунун жыйынтыктарын;
- байкоонун жыйынтыктары жана өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө белгиленген далилдерди (кыскача баяндалган шайкештиктер жана зарыл болгон учурда ырастоочу фактылар менен толук ырасталган шайкеш келбестиктер);
- өндүрүштүн сертификаттоодо ырасталуучу талаптарга шайкеш келген куралды стабилдүү чыгаруу жөндөмдүүлүгү (жөндөмсүздүгү) жөнүндө келтирилген тыянактарды камтыган корутундуну;
- отчеттун тиркемелеринин тизмегин (болсо);
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө алынган башка маалыматтарды.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) кол коёт жана өтүнмө берүүчүнүн же анын өкүлүнүн отчетто баяндалган материалдар менен таанышкандыгы жөнүндө белгини камтыйт.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысында түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгы көрсөтүлөт, өндүрүүчүгө өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө аныкталган шайкеш келбестиктерди жоюу мөөнөттөрү, сертификаттоо боюнча органга аныкталган бузууларды же жагдайларды, алардын келип чыгуу себептерин жоюу жөнүндө документтештирилген далилдерди берүү мөөнөтү, ошондой эле сертификаттоо боюнча органдын түзөтүүчү иш-чараларынын натыйжалуулугун текшерүү ыкмасы белгиленет. Түзөтүүчү иш-чаралардын аткарылышын текшерүү ыкмасы аныкталган шайкеш келбестиктердин санына, алардын маанилүүлүгүнө, ошондой эле берилген далил материалдарга болгон ишеним деңгээлине жана алардын маалымат берүүчүлүгүнө жараша болот.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысы эки нускада түзүлөт: бири сертификаттоо боюнча органда калат, экинчиси өтүнмө берүүчүгө берилет.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысынын датасы жана номери сериялык чыгарылуучу куралга шайкештик сертификатында милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
25. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктары болгон учурда өтүнмө берүүчүгө төмөнкүлөр билдирилет:
- аныкталган шайкеш келбестиктер жоюлганга чейин куралды сертификаттоону жүргүзүү боюнча иштерди бир айга чейинки мөөнөткө токтото туруу жөнүндө (эгерде өндүрүүчү тарабынан сертификаттоо боюнча орган менен макулдашылган, аныкталган бузууларды же жагдайларды, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктарына алып келген себептерди жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүн болсо);
- баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтүү менен куралды сертификаттоону жүргүзүү боюнча ишти токтотуу жөнүндө (эгерде өндүрүүчү тарабынан түзөтүүчү иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүн эмес болсо).
26. Сертификаттоо боюнча орган куралдын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган бардык документтерди талдоонун жыйынтыктары боюнча сертификаттоо боюнча органдын жол-жобосунда белгиленген формада таризделген шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
27. Сертификаттоо боюнча орган шайкештикти баалоону жүргүзгөн адам (адамдар) сертификаттоо боюнча чечим кабыл албашын камсыз кылат.
28. Шайкештик сертификаты:
- өздүк жана өтүнмө берүүчүнүн менчиги болуп саналат;
- конкреттүү бир куралга же сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча бир өндүрүүчү тарабынан чыгарылган жана бир стандарттын коопсуздук талаптары боюнча сертификатталган куралдын тобуна (партиядан белгилүү бир түрдөгү бир моделге) таризделет, мында сертификатка анын колдонулушу жайылтылуучу конкреттүү бир куралдардын тизмегин камтыган тиркеме таризделет.
Шайкештик сертификатында сертификаттоо схемасына ылайык шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болгон бардык документтер көрсөтүлөт.
Шайкештик сертификатынын формасы, анын тиркемелери, бланктарга талаптар жана аларды толтуруу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Милдеттүү түрдө шайкештигин ырастоодон өткөн Куралдарга берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү эрежелери экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Куралга шайкештик сертификаттарынын номерлерин түзүү түзүмүндө милдеттүү сертификаттоонун түрү 02 шифри менен белгиленет.
29. Сериялык куралга шайкештик сертификатын тариздөө жана каттоо менен бир эле учурда куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзгөн сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча сертификаттоо боюнча орган менен өтүнмө берүүчүнүн ортосунда инспекциялык контроль жүргүзүү жөнүндө макулдашуу келишим таризделет жана сертификаттоо боюнча органда катталат.
30. Куралдын милдеттүү талаптарга шайкеш келишине таасир этиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү куралдын конструкциясына (курамына) же аны өндүрүү технологиясына киргизүүдө өтүнмө берүүчү сертификат берген органга бул тууралуу алдын ала билдириши керек, ал жаңы сыноолорду жүргүзүү же бул куралдын өндүрүшүнүн абалын баалоо зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Сертификаттоо боюнча орган өтүнмө берүүчүгө шайкештик сертификатын берүүдөн баш тарта алат. Шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп сертификаттык сыноонун, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктары, өтүнмө берүүчүнүн ишке акы төлөөдөн баш тартуусу жана колдонуудагы стандарттардан башка четтөөлөр саналат. Сертификат берүүдөн баш тартуу себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө берилет. Сертификаттоо боюнча органдын баш тартуу жөнүндө чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
32. Сертификаттоо боюнча органды аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылган учурда, ал тарабынан мурда берилген сертификаттар берилген мөөнөтүнүн чегинде, бирок аккредитациялоо боюнча орган Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасынын реестрине аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жазууну киргизген датадан тартып эки жылдан ашык эмес мөөнөткө жарактуу болот. Мында ушундай сертификаттардын колдонулушу куралдын шайкештигин ырастоону улантуу максатында өтүнмө берүүчү кайрылган сертификаттоо боюнча башка органдар тарабынан сертификат ээлеринин демилгеси боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөргө чейин токтотулат.
33. Сертификатталган куралды инспекциялык контролдоо сертификаттоо схемасынын (болсо) элементи болуп саналат.
34. Шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган шайкештик сертификатынын колдонулушунун бүткүл мөөнөтү ичинде куралдын ал сертификатталган талаптарга (эгерде куралды сертификаттоо схемасында каралса) шайкештигин белгилөө максатында сертификатталган куралды мезгил-мезгили менен баалоону ишке ашырат.
35. Инспекциялык контролду жүргүзүүнүн зарылчылыгы жана тартиби ушул курал үчүн кабыл алынган сертификаттоо схемасынын талаптарын эске алуу менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталат.
36. Инспекциялык контролду жүргүзүүнүн жыштыгы куралдын кооптуулугунун деңгээлине, өндүрүштүн абалына, керектөөчүлөрдөн, керектөөчүлөрдүн коомдорунан, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынан, бирок 12 айда бир жолудан кем эмес даттануулардын же маалыматтардын болушуна жараша болот.
37. Инспекциялык контролдун жыйынтыгы берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун ырастоо, токтото туруу же жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө сертификаттоо боюнча орган тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
38. Сертификаттоо боюнча орган пландан тышкаркы инспекциялык контролду төмөнкү учурларда жүргүзөт:
- куралдын сапатына жана коопсуздугуна дооматтардын жогорулашы жөнүндө даттануу/негизделген маалыматтар келип түшкөндө;
- куралдын коопсуздугуна таасир этүүчү белгиленген талаптардын бузулушу жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө;
- шайкештик сертификаты жана шайкештик белгиси туура эмес колдонулганда;
- өндүрүш процессинде жана иш-аракеттердин түрүндө олуттуу өзгөрүүлөр.
Сертификатталган куралды пландан тышкаркы инспекциялык контролдоону жүргүзүү тартиби пландуу инспекциялык контролду жүргүзүү жол-жобосуна окшош.
39. Шайкештик сертификатынын түп нускасы жоголгон учурда өтүнмө берүүчү куралды сертификаттаган сертификаттоо боюнча органга анын дубликатын берүү жөнүндө өтүнмө берет. Эгерде шайкештик сертификаты сериялык түрдө чыгарылган куралга берилсе, анда мурда берилген сертификаттын негизинде бир жумушчу күндүн ичинде дубликат берилет. Калган учурларда сертификаттоо боюнча орган:
- партиядагы куралдын калган санын белгилейт;
- сактоо шарттарын, жарактуулук (сактоо) мөөнөтүн текшерет.
Сактоо шарттары бузулган учурда куралдын шайкештигин сыноо жол-жобосу аркылуу текшерүү жүргүзөт. Оң жыйынтык болгон учурда мурда берилген сертификаттын негизинде дубликат берилет.
40. Дубликат "Шайкештик сертификаты" деген сөздөр менен штемпель же "Дубликат" деген жазуусу бар шайкештик сертификатынын бланкында таризделет.
41. Мында өтүнмө берүүчү жалпыга маалымдоо каражаттарында тиешелүү кулактандыруунун жайгаштырылышын камсыздайт.
42. Дубликатты берүү үчүн акы төлөө иш жүзүндө аткарылган иштин наркынын өлчөмүндө өтүнмө берүүчүдөн алынат.
43. Сертификаттоо боюнча органдар алар тарабынан берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт жана шайкештик сертификаттары катталгандан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен маалыматтарды берилген шайкештик сертификаттарынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү үчүн жооптуу техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.
44. Куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону ырастоочу документтер жана материалдар сертификатты берген сертификаттоо боюнча органда шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып үч жылдан кем эмес сакталат.
45. Өтүнмө берүүчүгө куралга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартылган учурда сертификаттоо боюнча орган куралдын ушул түрүн мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө жана товарлар иш жүзүндө турган региондогу бажы органына билдирет.
46. Сертификатталган куралдын коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги аныкталганда түзөтүүчү иш-чаралар жүргүзүлөт.
Түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү тартиби сертификаттоо боюнча органдын жол-жобосу менен аныкталат.
4. Сертификаттоо схемаларынын колдонулушу
47. Сертификаттоо схемалары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталат.
48. Сертификаттоо схемасын тандоодо сертификаттоо объекттерин өндүрүүнүн жана сыноонун өзгөчөлүктөрү, ченемдик документтердин талаптарын аткаруунун далилдүүлүгүнүн талап кылынган деңгээли, керектөөчүгө мүмкүн болуучу чыгымдар эске алынат.
49. Сертификаттоо схемаларын төмөнкү шарттарды эске алуу менен колдонуу сунушталат:
- 1-схема кыска мөөнөттүү контракттарда (12 айдан ашпаган) конкреттүү алуучуну (колдонуучуну) жана алып келинүүчү куралдардын конкреттүү өлчөмүн көрсөтүү менен импорттук жана ата мекендик сериялык түрдө чыгарылуучу куралдарды сертификаттоо үчүн колдонулат. Сертификат куралдын үлгүсүнө сыноолор жүргүзүлгөндөн кийин бир жылга чейинки мөөнөткө жеткирип келүү башталганга чейин берилет. Бул схема куралды алуучу (колдонуучу) алып келинген куралды контролдоону ишке ашыруу же алып келинген куралдын берилген үлгүгө шайкештигин текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурларда колдонулат, бул алып келүүгө контрактта көрсөтүлүүгө тийиш;
- 2-схема узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) контракттарда же үч жылга чейинки мөөнөткө шайкештик сертификатын берип жана сатуучудан алынган куралдардын үлгүлөрүндө инспекциялык контролду аткаруу менен өзүнчө контракттар боюнча сериялык куралдардын туруктуу алып келинүүсүндө импорттук куралды сертификаттоо үчүн колдонулат. Куралдарды алып келүү түздөн-түз өндүрүүчү же өндүрүүчүнүн расмий өкүлү тарабынан ишке ашырылат;
- 3-схема керектөөчүлөрдүн белгисиз бир чөйрөсү үчүн арналган сериялык түрдө чыгарылган куралдарды сертификаттоо үчүн колдонулат. Өндүрүүчү куралды жасап чыгаруунун өндүрүш процессин системалуу түрдө контролдонушунун, ар бир партиянын кабыл алуу-өткөрүү сыноолорунун жүргүзүлүшүнүн жана куралдын ар бир партиясынын коопсуздугун ырастаган документтердин (паспорттордун же сапат сертификаттарынын) берилишинин далилин берет. Шайкештик сертификаты даяр куралды контролдоону уюштуруу системасынын колдонулушунун натыйжалуулугун, буга чейинки сертификаттык сыноолордун жана инспекциялык контролдун жыйынтыктарын, керектөөчүлөрдөн түшкөн рекламациялардын жоктугун эске алуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө берилет;
- 4-схема 3-схемада каралган шарттарда колдонулат, куралдын коопсуздугу ташуу жана сактоо шарттарына көз каранды болуп, ошондой эле өндүрүүчүнүн өзүнүн сыноо лабораториясы жок болсо, керектөөчүлөрдүн белгисиз бир чөйрөсү үчүн сериялык түрдө чыгарылган куралды ар тараптуу жана катуу инспекциялык контролдоо зарылчылыгын эске алуу менен. Шайкештик сертификаты эки жылга чейинки мөөнөткө берилет;
- 5-схема үч жылга чейин куралга шайкештик сертификатын берүү менен, сапат менеджментинин системасы бар ишканада куралды сертификаттоодо колдонулат;
- 6, 7-схемалар куралды өндүрүү, жеткирүү же сатуу бир жолку мүнөзгө (партия, бир жолку продукция) ээ болгон учурларда колдонулат.
50. 6-схема боюнча партиядан алынган үлгүлөргө (үлгүгө) сыноолор, ал эми 7-схема боюнча ар бир үлгүгө сыноолор жүргүзүлөт.
51. 6, 7-схемалар боюнча шайкештик сертификаты ушул куралдын жарактуулук мөөнөтүн, сактоо шарттарын, колдонулушун жана сатуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө берилет.
52. Эгерде өтүнмө берүүчү сертификаттоо боюнча органга коопсуздук параметрлеринин туруктуулугун камсыз кылуучу куралды өндүрүүнүн деңгээли жана абалы жөнүндө маалыматты бере албаса, 2а, 3а, 4а схемалары тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4-схемалардын ордуна колдонулат, натыйжада сертификаттоону жүргүзүү үчүн өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү зарыл. Жарактуулук же сактоо мөөнөтү чектелген, коопсуздукту сактоо үчүн ташуу жана сактоо шарттарын так сактоону талап кылган сериялык түрдө чыгарылган сертификатталган куралдар үчүн 4а схемасы гана колдонулат. Сыноолорду жүргүзүүдө үлгүлөрдү тандап алуу өндүрүүчүдө да, кеминде 3 сатуу пунктунда да ишке ашырылат.
53. 6а схемасы шайкештик сертификаты берилгенден кийин партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо жүргүзүү аркылуу сертификатталган куралды инспекциялык контролдоону карайт.
54. Ушул Тартиптин 49-53-пункттарында каралган сертификаттоо схемалары куралдын, аны өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан куралдарды сертификаттоо жол-жоболорунда колдонулат.
55. Бул куралга шайкештик сертификатынын жарактуулук мезгили ичинде чыгарылган жана берүүчүдө (сатуучуда) сатууда турган сериялык түрдө өндүрүлгөн куралдар үчүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен шайкештик сертификаттары (өндүрүүчүгө сериялык түрдө өндүрүүгө берилген) жарактуулук мөөнөтү же куралды сактоонун кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп эсептелет.
5. Сертификаттоо үчүн берилген куралдардын үлгүлөрүн тандап алуу
56. Сертификаттоо үчүн берилген куралдардын үлгүлөрүн тандап алууну сертификаттоо боюнча орган жүргүзөт жана куралды идентификациялоо, тандалып алынган үлгүлөрдү сыноо лабораториясы тарабынан сыноолорду жүргүзүү максатында ишке ашырылат.
57. Куралдардын үлгүлөрүн тандап алууну уюштуруу өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Тандап алуу өтүнмө берүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын катышуусунда жүргүзүлөт.
58. Өтүнмө берүүчү көрсөткөн куралдан сертификаттоо үчүн берилген куралдын бүтүндөй жыйындысынын өкүлдөрү катары кызмат кылган үлгүлөр тандалып алынат.
59. Сертификаттоо боюнча орган куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө боюнча чечимде тандалып алынган куралды идентификациялоо үчүн олуттуу белгилерди, анын ичинде таңгакталышын, комплекттерин жана курал менен бирге берилүүчү эксплуатациялык документтерди жана куралдын тандалып алынган үлгүлөрүнүн санын көрсөтөт.
Эскертүү: куралды идентификациялоочу олуттуу белгилерге куралдын маркаланышы же таңгагы, жеке номери, өзүнчө конструктивдүү белгилери, комплекттүүлүгү, товарды коштоп жүрүүчү документтер жөнүндө маалыматтар ж.б. кирет.
60. Үлгүлөрдү тандап алуу куралга болгон талаптарды белгилеген документтерге жана/же тандап алуунун максаттары үчүн зарыл болгон санда тандап алуу жана сыноо методдоруна ылайык жүргүзүлөт.
61. Тандап алуу аяктагандан кийин ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу актысы таризделет.
62. Сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу актысында төмөнкүлөр камтылат:
- сертификаттоо боюнча органды, улуттук аккредитациялоо системасындагы анын аккредитациялоо аттестатынын номерин, өтүнмө боюнча чечимдин идентификациялык реквизиттерин көрсөтүү менен куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө боюнча сертификаттоо боюнча органдын чечимине шилтеме;
- куралды тандап алууну ишке ашырган уюм жөнүндө маалыматтар: жайгашкан жеринин толук аталышы, телефонунун, факстын номерлери, электрондук почтанын дареги;
- тандап алууну жүргүзүү жери жана датасы жөнүндө маалыматтар, тандалып алынган куралды идентификациялоочу олуттуу белгилерге шайкеш келген мүнөздөмөлөр;
- куралдын тандалып алынган үлгүлөрүнүн саны, ал эми жеке номер менен маркаланган куралдардын үлгүлөрү үчүн ар бир тандалып алынган үлгүнүн жеке номерлери көрсөтүлөт;
- куралды тандап алууну ишке ашырган уюм тандап алуу актысына киргизүү зарыл деп эсептеген кошумча маалыматтар;
- тандап алуу актысынын идентификациялык реквизиттери: идентификациялык номери, түзүлгөн датасы;
- тандап алууну ишке ашырган сертификаттоо боюнча органдын кызматкерлеринин жана өтүнмө берүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жана тандап алууда катышкан адамдардын фамилиялары, инициалдары жана кол тамгалары.
63. Бир эле өтүнмө берүүчүнүн куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмөлөрү боюнча бир эле сертификаттоо органынын бир нече чечимине ылайык бир эле учурда тандап алууну жүргүзүүгө жана үлгүлөрдү тандап алуунун бирдиктүү актысын тариздөөгө жол берилет.
64. Эгерде белгиленген талаптарга ылайык куралдын кээ бир олуттуу белгилерин идентификациялоо куралдын үлгүлөрүн тандап алууга катышпаган сертификаттоо боюнча орган тарабынан гана жүргүзүлсө, анда тандалып алынган үлгүлөр сертификаттоо боюнча органга берилет, ал идентификациялоо протоколун түзөт.
6. Шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу тартиби
65. Сатылып жаткан куралга шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу шайкештик сертификатынын түп нускасынын ээсинин өтүнмөсү боюнча ишке ашырылат.
66. Сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин толук сатылбаган куралдардын партиясына берилген сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн өтүнмө берүүчү сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин эки жума калганда сертификатты берген сертификаттоо боюнча органга өтүнмө берген учурда сатылбай калган куралдын так санын, куралдын жарактуулук (кызмат өтөө) мөөнөтүн көрсөтүү менен сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмө жөнөтөт.
67. Сертификаттоо боюнча орган келип түшкөн материалдарды карап чыгат жана иштин төмөнкү түрлөрүн жүргүзөт:
- партияда сатылбай калган куралдын санын белгилөө;
- сактоо шарттарын, жарактуулук (кызмат өтөө) мөөнөтүн текшерүү;
- куралды сактоо шарттарын бузуулар аныкталса, сыноо жол-жобосу аркылуу тастыкталган талаптарга шайкештигин текшерүү.
Мында шайкештик сертификатынын жарактуулук мезгили ичинде (сертификаттоонун тандалган схемасына жараша) бул куралды инспекциялык контролдоонун жыйынтыктары милдеттүү түрдө эске алынат.
68. Шайкештик сертификатынын жарактуулук мезгили ичинде өндүрүлгөн сериялык түрдө чыгарылган курал үчүн жогоруда көрсөтүлгөн иштерден тышкары, куралдын ал сертификатталган талаптарга шайкештиги жана техникалык контролдоо кызматы тарабынан куралды кабыл алуу шарттары текшерилет.
69. Жогоруда аталган иштер жүргүзүлгөндөн кийин сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу (узартпоо) жөнүндө чечим кабыл алынат, ал тууралуу өтүнмө берүүчүгө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөнү алган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен билдирилет. Оң чечим кабыл алынган учурда шайкештик сертификатынын жаңы бланкы таризделет.
70. Шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу сертификатты алгач берген сертификаттоо боюнча орган тарабынан ишке ашырылат. Шайкештик сертификаты узартылып жаткан мөөнөт куралдын жарактуулук (кызмат өтөө) мөөнөтүн, сактоо жана ташуу шарттарынын сакталышын, сатылбаган куралдын өлчөмүн эске алуу менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталат.
Сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат берилген шайкештик сертификаттарынын реестрине киргизилет.
Куралдарды сертификаттоо СХЕМАЛАРЫ
Эскертүү: (*) куралдын типтүү өкүлдөрү болуп саналышкан үлгүлөрдү баалоонун негизинде ага сыноо жүргүзүү. Үлгүлөрдүн саны сыноолор методдорундагы көрсөтүлгөн санга шайкеш келиши керек.
|
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 токтомуна) |
Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү (мындан ары - сертификаттоо) жол-жобосун белгилейт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн "Курал жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
2. Шайкештик сертификатын тариздөө жана берүү тартиби
3. Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды (мындан ары - курал) сертификаттоо милдеттүү мүнөзгө ээ.
Куралды сертификаттоо милдеттүү түрдө сертификаттоо түрүндө жүргүзүлөт.
4. Куралды сертификаттоо боюнча иштер ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
5. Куралды сертификаттоо улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификаттоо боюнча органдар (мындан ары - сертификаттоо боюнча орган) тарабынан алардын аккредитациялоо жаатындагы чегинде жүргүзүлөт.
6. Куралды сертификаттоо боюнча сыноолор тиешелүү жаатта аккредитациялоо менен аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги (мындан ары - Куралдардын тизмеги) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан менен бекитилет.
8. Куралды сертификаттоо Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегинде белгиленген стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Куралдарды сертификаттоону жүргүзүү менен байланышкан иштерге акы төлөө сертификаттоо боюнча орган тарабынан бекитилген тарифтерге жана/же прейскуранттарга ылайык өтүнмө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Шайкештик сертификаты электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен гана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Шайкештик сертификатынын текстин терүү үчүн Times New Roman шрифтинин гарнитурасы колдонулат. Шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган жөнүндө маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү түз жазуунун 9 пунктунан кем эмес болот. Калган маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү - түз жазуунун 10 пунктунан кем эмес.
12. Куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берүүчүнүн аталышы, өндүрүүчүнүн аталышы, анын юридикалык дареги жана жайгашкан жеринин иш жүзүндөгү дареги, ошондой эле куралды жасоо боюнча иш жүргүзүү жеринин дареги (даректери), ишти аткаруу, кызмат көрсөтүү объектинин жайгашкан жери (мамлекеттин аталышынан тышкары) жана куралдын белгилениши (тиби, түрү, маркасы, модели, артикулу ж.б.) мамлекеттик/расмий тилде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
13. Шайкештик сертификатын чет тилде тариздөөгө өтүнмө берүүчүнүн расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген шайкештик сертификаты болгондо жол берилет.
14. Шайкештик сертификатына ушул Тартипте каралбаган маалыматтарды, ошондой эле сөздөрдүн кыскартылышын (жалпы кабыл алынган белгилөөлөрдөн жана кыскартуулардан тышкары) киргизүүгө жана текстти кандайдыр бир оңдоого жол берилбейт.
15. Шайкештик сертификаттары берилген шайкештик сертификаттарынын реестринде катталган датадан тартып күчүнө кирет.
16. Шайкештик сертификатынын көчүрмөлөрү түп нускасын берген сертификаттоо боюнча орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан берилген эсептик номери бар бланктарда шайкештик сертификатынын түп нускасынан таризделет.
Ар бир сертификаттоо органы өзү берген шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүн эсепке алууну уюштурат жана жүргүзөт.
17. Куралды сертификаттоодо сертификаттоо жол-жоболорунан өтүү процессинде алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо аркылуу сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берүүчүлөрдүн, сертификат ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Куралды сертификаттоону жүргүзүү тартиби
18. Куралды сертификаттоо ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык куралды милдеттүү түрдө сертификаттоо схемалары (мындан ары - сертификаттоо схемалары) боюнча жүргүзүлөт.
Сертификаттоо боюнча органдар мамлекеттик жана расмий тилдерде керектөөчү үчүн милдеттүү реквизиттери жана/же маалыматы жок куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укуксуз.
19. Куралды сертификаттоону жүргүзүүгө кайрылган жак (мындан ары - өтүнмө берүүчү):
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык аккредитациялоо чөйрөсүнө өтүнмө берилген куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү кирген сертификаттоо боюнча органга куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берет;
2) сертификаттоо схемасын тандайт;
3) куралды сертификаттоо, сыноолорду жана инспекциялык контролдоону (эгерде сертификаттоо схемасында талап кылынса) жүргүзүү боюнча иштердин наркын төлөйт;
4) төмөнкү документтерди берет:
– куралдардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди (бар болсо): шайкештик сертификатын (аны берген сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же көчүрмөсүн), аккредиттелген ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган сыноолордун протоколдорун (аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аларды берген аккредиттелген лаборатория тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);
- сапат системасынын документтерин (болсо) жана сертификаттоо схемасына жараша башка документтерди;
- куралдарды алып келүүгө контрактты (зарыл болгон учурда);
- товар коштоочу документтерди - ташып киргизилүүчү куралдар үчүн;
- куралдардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди: шайкештик сертификатын (аны берген сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же көчүрмөсүн), аккредиттелген ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган сыноолордун протоколдорун (аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аларды берген аккредиттелген лаборатория тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);
5) сыноо үчүн куралдын партиясын жана үлгүлөрдү сертификаттоо боюнча органдын адисине карап чыгууга берет;
6) куралдын коопсуздук талаптарына шайкештиги бузулган учурда түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгат, бекитет жана аткарат;
7) шайкештик сертификаты жок куралды колдонууга чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат;
8) куралды сертификаттоонун жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган менен пикир келишпестиктер келип чыккан учурда сертификаттоо боюнча органдын апелляциялык комиссиясына, ал эми анын чечимине макул болбогон учурда сертификаттоо боюнча органды аккредитациялаган аккредитациялоо боюнча органга сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдардын жана сыноо лабораторияларынын мыйзамсыз иш-аракеттерине даттануу же апелляция менен же Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылат;
9) сертификаттоо боюнча органдын жана сыноо лабораторияларынын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Сертификаттоо боюнча орган:
1) өтүнмөнү кабыл алат, куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө өтүнмө берүүчүгө маалымдайт, өтүнмө берүүчүгө куралды сертификаттоо жана сыноо боюнча белгиленген тартипте бекитилген тарифти жана/же прейскурантты берет жана сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге (макулдашууга) кол коёт;
2) берилген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерет жана зарыл болгон учурда ушул Тартиптин 19-пунктунун 4-пунктчасына ылайык документтердин берилбегендиги жөнүндө өтүнмө берүүчүгө куралды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге (макулдашууга) кол коюлуп жана куралды сертификаттоо боюнча иштерге акы төлөө жүргүзүлгөндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет, сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн адисти аныктайт, өтүнмө берүүчүгө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык билдирүү жиберет;
3) үлгүлөрдү аккредиттелген сыноо лабораториясына өткөрүп бергенге чейин үлгүлөрдүн туура тандалышы, алардын сакталышы, таңгактын сакталгандыгы, ташуу шарттарынын сакталышы жана сыноолордун ишенимдүүлүгүнө таасир этүүчү башка жол-жоболор үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Сертификаттоо боюнча органдын адиси:
1) куралдын партиясын карап чыгат, өтүнмө кабыл алынып, сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн келишимге (макулдашууга) кол коюлуп, сертификаттоо боюнча иштерге акы төлөнүп жана куралды баалоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин бир жумуш күндүн ичинде (сертификаттоо схемасына ылайык) сыноолорду жүргүзүү үчүн куралдын үлгүлөрүн тандап алат;
2) куралга, тандоонун жана сыноонун методдоруна талаптарды белгилеген документтерге ылайык тартипте жана санда үлгүлөрдү тандап алууну ишке ашырат;
3) өтүнмө берүүчүнүн жана/же өкүлүнүн катышуусунда сыноо үчүн куралдын үлгүлөрүн тандоону, маркалоону, пломба басууну жана куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысын нускасы ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эки нускада тариздөө менен үлгүлөрдү алуу жол-жобосун документтештирүүнү жүзөгө ашырат: актынын бир нускасы өтүнмө берүүчүгө жана/же өкүлүнө берилет, экинчи нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат;
4) тандалып алынган үлгүлөрдү багыты боюнча аккредиттелген сыноо лабораториясына өткөрүп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Сыноолордун протоколдору үч нускада таризделет, анын экөө сертификаттоо боюнча органга берилүүгө тийиш (бир нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат, экинчиси өтүнмө берүүчүгө берилет), үчүнчүсү сыноо лабораториясында сакталат.
Сертификаттоо боюнча органда сыноолордун протоколдору сертификатты колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөт ичинде сакталууга тийиш. Сыноо лабораториясында протоколдорду сактоо мөөнөтү анын сапат системасынын ички жол-жоболору менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
- техникалык документтерге;
- персоналдын компетенттүүлүгүнө;
- керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө;
- куралды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүүгө;
- жабдууларды техникалык жактан тейлөөгө жана оңдоого;
- өндүрүш технологиясын сактоого;
- материалдарды, комплекттөөчү буюмдарды жана буюмдун курамдык бөлүктөрүн ишке берүүдө контролдоого;
- өндүрүштүк контролдоо жана сыноолорду жүргүзүү системасына;
- контролдук, өлчөөчү жана сыноочу жабдууларды башкарууга;
- түзөтүүчү иш-чараларга;
- куралдарды сактоого, таңгактоого, маркалоого, консервациялоого.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү ишкана коопсуздук талаптарына шайкеш келген куралдарды сериялык түрдө өндүрүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү экендигинин зарыл далилин аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
24. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысы негизделген чечимди кабыл алууну камсыз кылуучу баалоо жөнүндө так, кыска жана түшүнүктүү жазууну билдирет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сертификаттоо боюнча орган, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) жөнүндө маалыматтарды;
- өтүнмө берүүчү жөнүндө маалыматты;
- куралды өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүлүүчү жердин дарегин (даректерин);
- сертификатталуучу курал, анын ичинде аны идентификациялоону камсыз кылуучу жөнүндө маалыматтарды;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү датасын;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү үчүн негизди;
- сертификаттоодо колдонулуучу куралга карата техникалык талаптарды белгилеген документтердин аталышын;
- сертификатталуучу куралга коюлган талаптарды аткаруу боюнча баалоосунун жыйынтыктарын;
- байкоонун жыйынтыктары жана өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө белгиленген далилдерди (кыскача баяндалган шайкештиктер жана зарыл болгон учурда ырастоочу фактылар менен толук ырасталган шайкеш келбестиктер);
- өндүрүштүн сертификаттоодо ырасталуучу талаптарга шайкеш келген куралды стабилдүү чыгаруу жөндөмдүүлүгү (жөндөмсүздүгү) жөнүндө келтирилген тыянактарды камтыган корутундуну;
- отчеттун тиркемелеринин тизмегин (болсо);
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө алынган башка маалыматтарды.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) кол коёт жана өтүнмө берүүчүнүн же анын өкүлүнүн отчетто баяндалган материалдар менен таанышкандыгы жөнүндө белгини камтыйт.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысында түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгы көрсөтүлөт, өндүрүүчүгө өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө аныкталган шайкеш келбестиктерди жоюу мөөнөттөрү, сертификаттоо боюнча органга аныкталган бузууларды же жагдайларды, алардын келип чыгуу себептерин жоюу жөнүндө документтештирилген далилдерди берүү мөөнөтү, ошондой эле сертификаттоо боюнча органдын түзөтүүчү иш-чараларынын натыйжалуулугун текшерүү ыкмасы белгиленет. Түзөтүүчү иш-чаралардын аткарылышын текшерүү ыкмасы аныкталган шайкеш келбестиктердин санына, алардын маанилүүлүгүнө, ошондой эле берилген далил материалдарга болгон ишеним деңгээлине жана алардын маалымат берүүчүлүгүнө жараша болот.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысы эки нускада түзүлөт: бири сертификаттоо боюнча органда калат, экинчиси өтүнмө берүүчүгө берилет.
Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү актысынын датасы жана номери сериялык чыгарылуучу куралга шайкештик сертификатында милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
25. Өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктары болгон учурда өтүнмө берүүчүгө төмөнкүлөр билдирилет:
- аныкталган шайкеш келбестиктер жоюлганга чейин куралды сертификаттоону жүргүзүү боюнча иштерди бир айга чейинки мөөнөткө токтото туруу жөнүндө (эгерде өндүрүүчү тарабынан сертификаттоо боюнча орган менен макулдашылган, аныкталган бузууларды же жагдайларды, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктарына алып келген себептерди жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүн болсо);
- баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтүү менен куралды сертификаттоону жүргүзүү боюнча ишти токтотуу жөнүндө (эгерде өндүрүүчү тарабынан түзөтүүчү иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүн эмес болсо).
26. Сертификаттоо боюнча орган куралдын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган бардык документтерди талдоонун жыйынтыктары боюнча сертификаттоо боюнча органдын жол-жобосунда белгиленген формада таризделген шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
27. Сертификаттоо боюнча орган шайкештикти баалоону жүргүзгөн адам (адамдар) сертификаттоо боюнча чечим кабыл албашын камсыз кылат.
28. Шайкештик сертификаты:
- өздүк жана өтүнмө берүүчүнүн менчиги болуп саналат;
- конкреттүү бир куралга же сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча бир өндүрүүчү тарабынан чыгарылган жана бир стандарттын коопсуздук талаптары боюнча сертификатталган куралдын тобуна (партиядан белгилүү бир түрдөгү бир моделге) таризделет, мында сертификатка анын колдонулушу жайылтылуучу конкреттүү бир куралдардын тизмегин камтыган тиркеме таризделет.
Шайкештик сертификатында сертификаттоо схемасына ылайык шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болгон бардык документтер көрсөтүлөт.
Шайкештик сертификатынын формасы, анын тиркемелери, бланктарга талаптар жана аларды толтуруу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Куралдарга берилген шайкештик сертификаттарынын реестри “Tulpar System” бирдиктүү терезесинин маалыматтык системасынын алкагында сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт. Куралдарга шайкештик сертификаттарынын номерлерин түзүү түзүмүндө милдеттүү сертификаттоонун түрү 02 шифри менен белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Сериялык куралга шайкештик сертификатын тариздөө жана каттоо менен бир эле учурда куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзгөн сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча сертификаттоо боюнча орган менен өтүнмө берүүчүнүн ортосунда инспекциялык контроль жүргүзүү жөнүндө макулдашуу келишим таризделет жана сертификаттоо боюнча органда катталат.
30. Куралдын милдеттүү талаптарга шайкеш келишине таасир этиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү куралдын конструкциясына (курамына) же аны өндүрүү технологиясына киргизүүдө өтүнмө берүүчү сертификат берген органга бул тууралуу алдын ала билдириши керек, ал жаңы сыноолорду жүргүзүү же бул куралдын өндүрүшүнүн абалын баалоо зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Сертификаттоо боюнча орган өтүнмө берүүчүгө шайкештик сертификатын берүүдөн баш тарта алат. Шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп сертификаттык сыноонун, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүнүн терс жыйынтыктары, өтүнмө берүүчүнүн ишке акы төлөөдөн баш тартуусу жана колдонуудагы стандарттардан башка четтөөлөр саналат. Сертификат берүүдөн баш тартуу себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө берилет. Сертификаттоо боюнча органдын баш тартуу жөнүндө чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
32. Сертификаттоо боюнча органды аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылган учурда, ал тарабынан мурда берилген сертификаттар берилген мөөнөтүнүн чегинде, бирок аккредитациялоо боюнча орган Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасынын реестрине аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жазууну киргизген датадан тартып эки жылдан ашык эмес мөөнөткө жарактуу болот. Мында ушундай сертификаттардын колдонулушу куралдын шайкештигин ырастоону улантуу максатында өтүнмө берүүчү кайрылган сертификаттоо боюнча башка органдар тарабынан сертификат ээлеринин демилгеси боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөргө чейин токтотулат.
33. Сертификатталган куралды инспекциялык контролдоо сертификаттоо схемасынын (болсо) элементи болуп саналат.
34. Шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган шайкештик сертификатынын колдонулушунун бүткүл мөөнөтү ичинде куралдын ал сертификатталган талаптарга (эгерде куралды сертификаттоо схемасында каралса) шайкештигин белгилөө максатында сертификатталган куралды мезгил-мезгили менен баалоону ишке ашырат.
35. Инспекциялык контролду жүргүзүүнүн зарылчылыгы жана тартиби ушул курал үчүн кабыл алынган сертификаттоо схемасынын талаптарын эске алуу менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталат.
36. Инспекциялык контролду жүргүзүүнүн жыштыгы куралдын кооптуулугунун деңгээлине, өндүрүштүн абалына, керектөөчүлөрдөн, керектөөчүлөрдүн коомдорунан, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынан, бирок 12 айда бир жолудан кем эмес даттануулардын же маалыматтардын болушуна жараша болот.
37. Инспекциялык контролдун жыйынтыгы берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун ырастоо, токтото туруу же жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө сертификаттоо боюнча орган тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
38. Сертификаттоо боюнча орган пландан тышкаркы инспекциялык контролду төмөнкү учурларда жүргүзөт:
- куралдын сапатына жана коопсуздугуна дооматтардын жогорулашы жөнүндө даттануу/негизделген маалыматтар келип түшкөндө;
- куралдын коопсуздугуна таасир этүүчү белгиленген талаптардын бузулушу жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө;
- шайкештик сертификаты жана шайкештик белгиси туура эмес колдонулганда;
- өндүрүш процессинде жана иш-аракеттердин түрүндө олуттуу өзгөрүүлөр.
Сертификатталган куралды пландан тышкаркы инспекциялык контролдоону жүргүзүү тартиби пландуу инспекциялык контролду жүргүзүү жол-жобосуна окшош.
39. Шайкештик сертификатынын түп нускасы жоголгон учурда өтүнмө берүүчү куралды сертификаттаган сертификаттоо боюнча органга анын дубликатын берүү жөнүндө өтүнмө берет. Эгерде шайкештик сертификаты сериялык түрдө чыгарылган куралга берилсе, анда мурда берилген сертификаттын негизинде бир жумушчу күндүн ичинде дубликат берилет. Калган учурларда сертификаттоо боюнча орган:
- партиядагы куралдын калган санын белгилейт;
- сактоо шарттарын, жарактуулук (сактоо) мөөнөтүн текшерет.
Сактоо шарттары бузулган учурда куралдын шайкештигин сыноо жол-жобосу аркылуу текшерүү жүргүзөт. Оң жыйынтык болгон учурда мурда берилген сертификаттын негизинде дубликат берилет.
40. Дубликат "Шайкештик сертификаты" деген сөздөр менен штемпель же "Дубликат" деген жазуусу бар шайкештик сертификатынын бланкында таризделет.
41. Мында өтүнмө берүүчү жалпыга маалымдоо каражаттарында тиешелүү кулактандыруунун жайгаштырылышын камсыздайт.
42. Дубликатты берүү үчүн акы төлөө иш жүзүндө аткарылган иштин наркынын өлчөмүндө өтүнмө берүүчүдөн алынат.
43. Сертификаттоо боюнча органдар алар тарабынан берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт жана шайкештик сертификаттары катталгандан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен маалыматтарды берилген шайкештик сертификаттарынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү үчүн жооптуу техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.
44. Куралды милдеттүү түрдө сертификаттоону ырастоочу документтер жана материалдар сертификатты берген сертификаттоо боюнча органда шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып үч жылдан кем эмес сакталат.
45. Өтүнмө берүүчүгө куралга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартылган же берилген шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сертификаттоо боюнча орган куралдын ушул түрүн мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө жана товарлар иш жүзүндө турган региондогу бажы органына билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Сертификатталган куралдын коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги аныкталганда түзөтүүчү иш-чаралар жүргүзүлөт.
Түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү тартиби сертификаттоо боюнча органдын жол-жобосу менен аныкталат.
4. Сертификаттоо схемаларынын колдонулушу
47. Сертификаттоо схемалары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталат.
48. Сертификаттоо схемасын тандоодо сертификаттоо объекттерин өндүрүүнүн жана сыноонун өзгөчөлүктөрү, ченемдик документтердин талаптарын аткаруунун далилдүүлүгүнүн талап кылынган деңгээли, керектөөчүгө мүмкүн болуучу чыгымдар эске алынат.
49. Сертификаттоо схемаларын төмөнкү шарттарды эске алуу менен колдонуу сунушталат:
- 1-схема кыска мөөнөттүү контракттарда (12 айдан ашпаган) конкреттүү алуучуну (колдонуучуну) жана алып келинүүчү куралдардын конкреттүү өлчөмүн көрсөтүү менен импорттук жана ата мекендик сериялык түрдө чыгарылуучу куралдарды сертификаттоо үчүн колдонулат. Сертификат куралдын үлгүсүнө сыноолор жүргүзүлгөндөн кийин бир жылга чейинки мөөнөткө жеткирип келүү башталганга чейин берилет. Бул схема куралды алуучу (колдонуучу) алып келинген куралды контролдоону ишке ашыруу же алып келинген куралдын берилген үлгүгө шайкештигин текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурларда колдонулат, бул алып келүүгө контрактта көрсөтүлүүгө тийиш;
- 2-схема узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) контракттарда же үч жылга чейинки мөөнөткө шайкештик сертификатын берип жана сатуучудан алынган куралдардын үлгүлөрүндө инспекциялык контролду аткаруу менен өзүнчө контракттар боюнча сериялык куралдардын туруктуу алып келинүүсүндө импорттук куралды сертификаттоо үчүн колдонулат. Куралдарды алып келүү түздөн-түз өндүрүүчү же өндүрүүчүнүн расмий өкүлү тарабынан ишке ашырылат;
- 3-схема керектөөчүлөрдүн белгисиз бир чөйрөсү үчүн арналган сериялык түрдө чыгарылган куралдарды сертификаттоо үчүн колдонулат. Өндүрүүчү куралды жасап чыгаруунун өндүрүш процессин системалуу түрдө контролдонушунун, ар бир партиянын кабыл алуу-өткөрүү сыноолорунун жүргүзүлүшүнүн жана куралдын ар бир партиясынын коопсуздугун ырастаган документтердин (паспорттордун же сапат сертификаттарынын) берилишинин далилин берет. Шайкештик сертификаты даяр куралды контролдоону уюштуруу системасынын колдонулушунун натыйжалуулугун, буга чейинки сертификаттык сыноолордун жана инспекциялык контролдун жыйынтыктарын, керектөөчүлөрдөн түшкөн рекламациялардын жоктугун эске алуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө берилет;
- 4-схема 3-схемада каралган шарттарда колдонулат, куралдын коопсуздугу ташуу жана сактоо шарттарына көз каранды болуп, ошондой эле өндүрүүчүнүн өзүнүн сыноо лабораториясы жок болсо, керектөөчүлөрдүн белгисиз бир чөйрөсү үчүн сериялык түрдө чыгарылган куралды ар тараптуу жана катуу инспекциялык контролдоо зарылчылыгын эске алуу менен. Шайкештик сертификаты эки жылга чейинки мөөнөткө берилет;
- 5-схема үч жылга чейин куралга шайкештик сертификатын берүү менен, сапат менеджментинин системасы бар ишканада куралды сертификаттоодо колдонулат;
- 6, 7-схемалар куралды өндүрүү, жеткирүү же сатуу бир жолку мүнөзгө (партия, бир жолку продукция) ээ болгон учурларда колдонулат.
50. 6-схема боюнча партиядан алынган үлгүлөргө (үлгүгө) сыноолор, ал эми 7-схема боюнча ар бир үлгүгө сыноолор жүргүзүлөт.
51. 6, 7-схемалар боюнча шайкештик сертификаты ушул куралдын жарактуулук мөөнөтүн, сактоо шарттарын, колдонулушун жана сатуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө берилет.
52. Эгерде өтүнмө берүүчү сертификаттоо боюнча органга коопсуздук параметрлеринин туруктуулугун камсыз кылуучу куралды өндүрүүнүн деңгээли жана абалы жөнүндө маалыматты бере албаса, 2а, 3а, 4а схемалары тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4-схемалардын ордуна колдонулат, натыйжада сертификаттоону жүргүзүү үчүн өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү зарыл. Жарактуулук же сактоо мөөнөтү чектелген, коопсуздукту сактоо үчүн ташуу жана сактоо шарттарын так сактоону талап кылган сериялык түрдө чыгарылган сертификатталган куралдар үчүн 4а схемасы гана колдонулат. Сыноолорду жүргүзүүдө үлгүлөрдү тандап алуу өндүрүүчүдө да, кеминде 3 сатуу пунктунда да ишке ашырылат.
53. 6а схемасы шайкештик сертификаты берилгенден кийин партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо жүргүзүү аркылуу сертификатталган куралды инспекциялык контролдоону карайт.
531. Эгерде продукцияга талаптар эквиваленттүү болуп эсептелсе жана сертификаттоо боюнча орган тарабынан ушул пункттун жоболорун эске алуу менен белгиленсе, жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча сертификаттоону жүргүзүү жол-жобосу Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекетте өндүрүлгөн куралга карата гана жүзөгө ашырылат.
Эгерде продукцияны сертификаттоо жүргүзүүгө өтүнмө берүүчү коопсуздук талаптарына куралдын шайкештигин ырастаган документтерди (шайкештик сертификатынын түп нускасы же аны берген ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү; ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан берилген куралдын конкреттүү партиясына сыноолордун (аларды өткөрүү мөөнөттөрүн эске алуу менен) протоколдорунун түп нускалары же аларды берген ЕАЭБдин аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрү) (мындан ары – ЕАЭБдин шайкештик сертификаттары, ЕАЭБдин сыноолорунун протоколдору) берсе, анда сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча сертификаттоо жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча жүргүзүлөт.
Сертификаттоо боюнча орган 20-пунктта көрсөтүлгөн иштерди, ошондой эле төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
– берилген документтердин Продукциялардын тизмегине ылайык коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча стандарттардын талаптарына шайкештигин, аларды берүү жана колдонуу мөөнөттөрүн аныктоо бөлүгүндө экспертизалоону;
– билдирилген куралдын партиясынын берилген документтерге шайкештигин аныктоо максатында алып келинген куралдын партиясын карап чыгууну;
– куралга берилген документтерди талдап чыккандан жана аны карап чыккандан кийин оң натыйжа болгондо сыноолорду жүргүзбөстөн сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Куралга берилген документтерди талдоонун жана/же аны кароонун терс натыйжасы болгон учурда жана сертификаттоо боюнча орган тарабынан куралдын коопсуздуктун белгиленген талаптарына шайкеш келбешине алып келиши мүмкүн болгон сактоо жана (же) ташуу шарттарын бузуунун айкын натыйжалары белгиленгенде, сертификаттоо боюнча орган коопсуздуктун бардык көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүүнү дайындоого укуктуу;
– шайкештик сертификатын каттоону жүргүзөт жана аны өтүнмө берүүчүгө берет.
Зарыл болгон учурда сертификаттоо боюнча орган кошумча төмөнкүдөй маалымат сурай алат:
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан берилген шайкештик сертификатында же ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аккредиттелген сыноо лабораториясы тарабынан берилген сыноолордун протоколунда көрсөтүлгөн техникалык талаптарды белгилөөчү документтер;
– куралга шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болгон документтер.
Өтүнмөнү кабыл алуудан тартып өтүнмө берүүчүгө шайкештик сертификаты берилгенге чейин жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча сертификаттоону жүргүзүү жол-жобосу боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөтү бардык ырастоочу документтер болсо, продукцияга сыноолорду жүргүзүү убактысын эсепке албастан, куралдын бардык түрлөрү үчүн эки күндөн ашпоого тийиш.
Шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан берилген шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн, куралдын жарактуулук мөөнөтүн, продукцияны берүү жөнүндө келишимдердин (контракттардын) колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен белгиленет.
Продукцияга шайкештик сертификатынын бланкын толтуруу Тартипке ылайык жүргүзүлөт, мында “ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келет” графасында продукцияга стандарт көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Ушул Тартиптин 49-531-пункттарында каралган сертификаттоо схемалары куралдын, аны өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан куралдарды сертификаттоо жол-жоболорунда колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Бул куралга шайкештик сертификатынын жарактуулук мезгили ичинде чыгарылган жана берүүчүдө (сатуучуда) сатууда турган сериялык түрдө өндүрүлгөн куралдар үчүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен шайкештик сертификаттары (өндүрүүчүгө сериялык түрдө өндүрүүгө берилген) жарактуулук мөөнөтү же куралды сактоонун кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп эсептелет.
5. Сертификаттоо үчүн берилген куралдардын үлгүлөрүн тандап алуу
56. Сертификаттоо үчүн берилген куралдардын үлгүлөрүн тандап алуу сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт жана куралды идентификациялоо, тандалып алынган үлгүлөргө аккредиттелген сыноо лабораториясы тарабынан сыноолорду жүргүзүү максатында жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Куралдардын үлгүлөрүн тандап алууну уюштуруу өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. Тандап алуу өтүнмө берүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын катышуусунда жүргүзүлөт.
58. Өтүнмө берүүчү көрсөткөн куралдан сертификаттоо үчүн берилген куралдын бүтүндөй жыйындысынын өкүлдөрү катары кызмат кылган үлгүлөр тандалып алынат.
59. Сертификаттоо боюнча орган куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө боюнча чечимде тандалып алынган куралды идентификациялоо үчүн олуттуу белгилерди, анын ичинде таңгакталышын, комплекттерин жана курал менен бирге берилүүчү эксплуатациялык документтерди жана куралдын тандалып алынган үлгүлөрүнүн санын көрсөтөт.
Эскертүү: куралды идентификациялоочу олуттуу белгилерге куралдын маркаланышы же таңгагы, жеке номери, өзүнчө конструктивдүү белгилери, комплекттүүлүгү, товарды коштоп жүрүүчү документтер жөнүндө маалыматтар ж.б. кирет.
60. Үлгүлөрдү тандап алуу куралга болгон талаптарды белгилеген документтерге жана/же тандап алуунун максаттары үчүн зарыл болгон санда тандап алуу жана сыноо методдоруна ылайык жүргүзүлөт.
61. Тандап алуу аяктагандан кийин ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысы таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысында төмөнкүлөр камтылат:
- сертификаттоо боюнча органды, улуттук аккредитациялоо системасындагы анын аккредитациялоо аттестатынын номерин, өтүнмө боюнча чечимдин идентификациялык реквизиттерин көрсөтүү менен куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө боюнча сертификаттоо боюнча органдын чечимине шилтеме;
- куралды тандап алууну ишке ашырган уюм жөнүндө маалыматтар: жайгашкан жеринин толук аталышы, телефонунун, факстын номерлери, электрондук почтанын дареги;
- тандап алууну жүргүзүү жери жана датасы жөнүндө маалыматтар, тандалып алынган куралды идентификациялоочу олуттуу белгилерге шайкеш келген мүнөздөмөлөр;
- куралдын тандалып алынган үлгүлөрүнүн саны, ал эми жеке номер менен маркаланган куралдардын үлгүлөрү үчүн ар бир тандалып алынган үлгүнүн жеке номерлери көрсөтүлөт;
- куралды тандап алууну ишке ашырган уюм тандап алуу актысына киргизүү зарыл деп эсептеген кошумча маалыматтар;
- тандап алуу актысынын идентификациялык реквизиттери: идентификациялык номери, түзүлгөн датасы;
– тандап алууну ишке ашырган сертификаттоо боюнча органдын кызматкеринин (кызматкерлеринин) жана өтүнмө берүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жана тандап алууда катышкан адамдардын фамилиялары, инициалдары жана кол тамгалары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Бир эле өтүнмө берүүчүнүн куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмөлөрү боюнча бир эле сертификаттоо органынын бир нече чечимине ылайык бир эле учурда тандап алууну жүргүзүүгө жана үлгүлөрдү тандап алуунун бирдиктүү актысын тариздөөгө жол берилет.
64. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомуна ылайык күчүн жоготту)