Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 351
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "эки айлык мөөнөттө" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |