Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-июлу № 363
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Темир жол уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну жана оңдоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдарынын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Темир жол уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Темир жол уставында:
- 114-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Битумду өз муктаждыктары үчүн ташуу боюнча жүк алуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдары 112-беренеде көрсөтүлгүн айып пулдарды төлөөдөн бошотулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |