Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 367
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын облустук телерадиокомпанияларын бирдиктүү координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемеси тиешелүү штаттары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Уюштуруучунун функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аткарат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жана сунушталган талапкерлердин арасынан ушул орган тарабынан бекитилген тартипте 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.";
- 14, 23-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта "Өкмөттүк субсидиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сунушу боюнча киргизилет.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 3-пунктчасы.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 367
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын облустук телерадиокомпанияларын бирдиктүү координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемеси тиешелүү штаттары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Уюштуруучунун функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аткарат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жана сунушталган талапкерлердин арасынан ушул орган тарабынан бекитилген тартипте 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.";
- 14, 23-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта "Өкмөттүк субсидиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сунушу боюнча киргизилет.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)