Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 372
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринде жана реабилитациялоо борборлорунда тамактануу рационун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө";
2) преамбулада "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр алып салынсын;
3) 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарынын сакталышын камсыз кылсын.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары";
- 1-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Социалдык стандарттардын аталышы | Ченөө бирдиги | Сандык туюнтулушу |
1. Камкордукка алынган жашоочулар үчүн аянттын ченемдери, бир адамга турак жай аянтынын социалдык ченеми | ||
Улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар улуу курактагылар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
";
- 2-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн кийим-кечени, бут кийимди жана жумшак инвентарларды пайдалануунун ченемдери жана мөөнөттөрү";
- 4.1-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4.1.Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды жууп-тазалоочу каражаттар жана жеке колдонулуучу санитардык-гигиеналык предметтер менен камсыздоо ченемдери";
- 5-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелери жана реабилитациялоо борборлору үчүн физиологиялык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери | |||||||||||
5.1. Социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашаган улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери | |||||||||||
№ | Азык-түлүктөрдүн аталышы | Жалпы режим | Төшөктө жатуу режими | ||||||||
Брутто (грамм) | Брутто (грамм) | ||||||||||
| Нан, талкан жана башка дан азыктары | ||||||||||
1 | Буудай наны | 150 | 120 | ||||||||
2 | Кара буудай наны | 150 | 120 | ||||||||
3 | Буудай уну | 45 | 39 | ||||||||
4 | Акшак (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (буурчак, маш, нокот ж.б.) | 134 | 108 | ||||||||
5 | Макарондор | 16 | 13 | ||||||||
6 | Нан күкүмдөрү | 4 | 3 | ||||||||
| Жашылчалар | ||||||||||
7 | Картөшкө | 230 | 192 | ||||||||
8 | Башка жашылчалар, көк чөптөр, бакча өсүмдүктөрү | 414 | 335 | ||||||||
9 | Томат пюреси же пастасы | 4 | 3 | ||||||||
| Жемиштер жана ширелер | ||||||||||
10 | Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар | 136 | 113 | ||||||||
11 | Кургатылган жемиштер | 18 | 15 | ||||||||
12 | Табигый ширелер | 180 | 150 | ||||||||
| Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык | ||||||||||
13 | Эт (уй, кой, жылкы, топоз эти) | 93 | 71 | ||||||||
14 | Колбасалар | 11 | 9 | ||||||||
15 | Тоок эти | 39 | 25 | ||||||||
16 | Балык | 43 | 34 | ||||||||
17 | Жумуртка (даана) | 1/2 | 1/2 | ||||||||
| Сүт жана сүт азыктары | ||||||||||
18 | Сүт | 180 | 135 | ||||||||
19 | Быштак | 20 | 16 | ||||||||
20 | Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз | 150 | 120 | ||||||||
21 | Каймак | 20 | 16 | ||||||||
22 | Сырлар | 15 | 12 | ||||||||
| Майлар жана май азыктары | ||||||||||
23 | Каймак майы | 25 | 20 | ||||||||
24 | Өсүмдүк майы | 20 | 16 | ||||||||
| Кондитер азыктары жана башка азыктар | ||||||||||
25 | Кант(*), кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары) | 70 | 56 | ||||||||
26 | Чай | 1 | 0,8 | ||||||||
27 | Какао порошогу, кофе ичимдиги | 2 | 1,6 | ||||||||
28 | Крахмал | 1 | 0,8 | ||||||||
29 | Ачыткы | 2 | 1,6 | ||||||||
30 | Иоддолгон тамак-аш тузу | 5 | 4 | ||||||||
31 | Татымалдар (специя) | 0,3 | 0,3 | ||||||||
5.2. Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашаган улуу курактагылар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери | |||||||||||
№ | Азык-түлүктөрдүн аталышы | Жалпы режим | Төшөктө жатуу режими | ||||||||
Брутто (грамм) | Брутто (грамм) | ||||||||||
| Нан, талкан жана башка дан азыктары | ||||||||||
1 | Буудай наны | 160 | 120 | ||||||||
2 | Кара буудай наны | 160 | 120 | ||||||||
3 | Буудай уну | 46 | 40 | ||||||||
4 | Акшак (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (буурчак, маш, нокот ж.б.) | 134 | 108 | ||||||||
5 | Макарондор | 17 | 14 | ||||||||
6 | Нан күкүмдөрү | 4 | 3 | ||||||||
| Жашылчалар | ||||||||||
7 | Картөшкө | 242 | 202 | ||||||||
8 | Башка жашылчалар, көк чөп, бакча өсүмдүктөрү | 435 | 352 | ||||||||
9 | Томат пюреси же пастасы | 4 | 3 | ||||||||
| Жемиштер жана ширелер | ||||||||||
10 | Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар | 140 | 120 | ||||||||
11 | Кургатылган жемиштер | 19 | 16 | ||||||||
12 | Табигый ширелер | 190 | 160 | ||||||||
| Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык | ||||||||||
13 | Эт (уй, кой, жылкы, топоз эти) | 95 | 79 | ||||||||
14 | Колбасалар | 12 | 10 | ||||||||
15 | Тоок эти | 37 | 31 | ||||||||
16 | Балык | 45 | 36 | ||||||||
17 | Жумуртка (даана) | 1/2 | 1/2 | ||||||||
| Сүт жана сүт азыктары | ||||||||||
18 | Сүт | 180 | 150 | ||||||||
19 | Быштак | 21 | 17 | ||||||||
20 | Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз | 160 | 130 | ||||||||
21 | Каймак | 21 | 17 | ||||||||
22 | Сырлар | 16 | 13 | ||||||||
| Майлар жана май азыктары | ||||||||||
23 | Каймак майы | 26 | 21 | ||||||||
24 | Өсүмдүк майы | 21 | 17 | ||||||||
| Кондитер азыктары жана башка азыктар | ||||||||||
25 | Кант(*), кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары) | 74 | 59 | ||||||||
26 | Чай | 1 | 0,8 | ||||||||
27 | Какао порошогу, кофе ичимдиги | 2 | 1,6 | ||||||||
28 | Крахмал | 1 | 0,8 | ||||||||
29 | Ачыткы | 2 | 1,6 | ||||||||
30 | Йоддолгон тамак-аш тузу | 5 | 4 | ||||||||
31 | Татымалдар (специя) | 0,3 | 0,3 | ||||||||
5.3. Өзгөчөлөнгөн психофизикалык өнүгүүсү бар майып балдар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери | |||||||||||
№ | Азык-түлүктөрдүн аталышы | 4-10 жаш | 11-17 жаш | ||||||||
Жалпы режим | Төшөктө жатуу режими | Жалпы режим | Төшөктө жатуу режими | ||||||||
Брутто (грамм) | Брутто (грамм) | Брутто (грамм) | Брутто (грамм) | ||||||||
| Нан, талкан жана башка дан азыктары | ||||||||||
1 | Буудай наны | 130 | 120 | 150 | 140 | ||||||
2 | Кара буудай наны | 130 | 120 | 150 | 140 | ||||||
3 | Буудай уну | 37 | 34 | 45 | 41 | ||||||
4 | Акшак (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (буурчак, маш, нокот ж.б.) | 110 | 103 | 125 | 116 | ||||||
5 | Макарондор | 10 | 9 | 16 | 15 | ||||||
6 | Нан күкүмдөрү | 4 | 4 | 4 | 4 | ||||||
| Жашылчалар | ||||||||||
7 | Картөшкө | 166 | 150 | 230 | 207 | ||||||
8 | Башка жашылчалар, көк чөп, бакча өсүмдүктөрү | 320 | 288 | 414 | 370 | ||||||
9 | Томат пюреси же пастасы | 4 | 4 | 4 | 4 | ||||||
| Жемиштер жана ширелер | ||||||||||
10 | Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар | 102 | 92 | 136 | 122 | ||||||
11 | Кургатылган жемиштер | 18 | 17 | 18 | 17 | ||||||
12 | Табигый ширелер | 150 | 140 | 150 | 140 | ||||||
| Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык | ||||||||||
13 | Эт (уй, кой, жылкы, топоз эти) | 62 | 54 | 93 | 80 | ||||||
14 | Колбасалар | 11 | 10 | 11 | 10 | ||||||
15 | Тоок эти | 29 | 24 | 39 | 32 | ||||||
16 | Балык | 36 | 32 | 43 | 39 | ||||||
17 | Жумуртка (даана) | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||||
| Сүт жана сүт азыктары | ||||||||||
18 | Сүт | 200 | 200 | 180 | 180 | ||||||
19 | Быштак | 20 | 18 | 25 | 23 | ||||||
20 | Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз | 100 | 90 | 150 | 140 | ||||||
21 | Каймак | 15 | 14 | 20 | 18 | ||||||
22 | Сырлар | 10 | 10 | 13 | 13 | ||||||
| Майлар жана май азыктары | ||||||||||
23 | Каймак майы | 20 | 18 | 20 | 18 | ||||||
24 | Өсүмдүк майы | 15 | 15 | 15 | 15 | ||||||
| Кондитер азыктары жана башка азыктар | ||||||||||
25 | Кант(*), кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары) | 40 | 36 | 60 | 54 | ||||||
26 | Чай | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||||
27 | Какао порошогу, кофе ичимдиги | 2 | 2 | 2 | 2 | ||||||
28 | Крахмал | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | ||||||
29 | Ачыткы | 2 | 2 | 2 | 2 | ||||||
30 | Йоддолгон тамак-аш тузу | 3 | 3 | 5 | 5 | ||||||
31 | Татымалдар (специя) | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | ||||||
5.4. Азык-түлүк топтомуна сунушталган тамак-аштын баалуулугу | |||||||||||
5.4.1. Социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашаган улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн азык-түлүк топтомуна сунушталган тамак-аштын баалуулугу | |||||||||||
Жалпы режим | |||||||||||
Белоктор, гр | Майлар, гр | Углеводдор, гр | Энергетикалык баалуулук, ккал | ||||||||
79 | 79 | 303 | 2239 | ||||||||
Төшөктө жатуу режими | |||||||||||
63 | 63 | 242 | 1791 | ||||||||
5.4.2. Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашаган улуу курактагы жарандар үчүн азык-түлүк топтомуна сунушталган тамак-аштын баалуулугу | |||||||||||
Жалпы режим | |||||||||||
Белоктор, гр | Майлар, гр | Углеводдор гр | Энергетикалык баалуулук, ккал | ||||||||
83 | 83 | 318 | 2351 | ||||||||
Төшөктө жатуу режими | |||||||||||
66 | 66 | 254 | 1874 | ||||||||
5.4.3. Өзгөчөлөнгөн психофизикалык өнүгүүсү бар майып балдар үчүн азык-түлүк топтомуна сунушталган тамак-аштын баалуулугу | |||||||||||
Жалпы режим | |||||||||||
4-10 жаштагы балдар | 11-17 жаштагы балдар | ||||||||||
Белоктор, гр | Майлар, гр | Углеводдор, гр | Энергетикалык баалуулук, ккал | Белоктор, гр | Майлар, гр | Углеводдор, гр | Энергетикалык баалуулук, ккал | ||||
67 | 65 | 228 | 1765 | 82 | 73 | 293 | 2157 | ||||
Төшөктө жатуу режими | |||||||||||
60 | 59 | 205 | 1589 | 74 | 66 | 264 | 1941 | ||||
Эскертүү: - (*) таза кант күнүнө 48 гр ашпайт; - буудай унунун ченеми 30 гр, эгерде нан жана кондитердик азыктар күндө даярдалса; - буудай унунун ченеми 15 гр, эгерде нан жана кондитердик азыктар күн өткөрүп даярдалса; - I категориядагы тоок, эт сатып алынат; - жаңы балыкты жана жаңы тоңдурулган балыкты колдонсо болот, деңиз балыгын колдонуу артык. Бутерброд үчүн туздалган сельдь же балыктын консервасын колдонсо болот; - момпосуй, бал, кыям пайдаланылганда кант колдонулбайт. Кант диабети менен ооруган жарандар үчүн канттын ченеми кант алмаштыруучу менен пропорциялуу алмаштырылсын (мисалы, сорбит, ксилит); - курамы боюнча бирдей азык-түлүктөр жок болгон учурда азык-түлүктөрдү алмаштырууга жол берилет; - жай мезгилинде - жаңы жемиштер, жашылчалар жана көк чөптөр, кыш мезгилинде кургатылган жемиштер (компотко) колдонулат; - менюда тамактардын аталыштары кезектелип кайталанат, бир эле тамактын же кулинариялык азыктардын күндө же бир күндөн кийин кайталанышына жол берилбейт; - перспективалык меню 14 күндөн кем эмес күнгө түзүлөт; - менюда орун алган азык-түлүктөргө ылайык, технологиялык (кулинардык) картадагы эсеп боюнча тамак-ашты даярдоо үчүн азык-түлүктөр милдеттүү түрдө тараза менен текшерилет; - менюда суткалык физиологиялык азык-түлүк ченемине жана суткалык акчалай ченемине жол берилген айырма социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет; - азык-түлүктөрдү биринчи иштетүүдө жол берилген айырма (брутто менен неттонун ортосунда) социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. | |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
";
- 7-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7. Дары препараттары менен камсыз кылуу ченемдери | ||
Улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,50 |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,70 |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Майыптыгы бар улуу курактагылар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,50 |
Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Майыптыгы бар адамдар, майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борборлордо жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |