Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 333
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республиканын бардык региондорунда жарандардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбула, 1-3-пункттар "инновациялык демилгелерди", "инновациялык долбоорлорго" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө ", стартаптарды", ", стартаптарга" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык демилгени, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражатын карасын;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бир тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын бөлсүн.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы, преамбула "инновациялык демилгелерди" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"стартап - алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания;
жаңылык (новация) - рыноктун аныкталган сегменти үчүн колдонулуп жаткан аналогдоруна салыштырмалуу жаңы белгилерге ээ, практикада колдонулуучу, анын негизинде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны, жаңы же өркүндөтүлгөн технология, жаңы кызмат көрсөтүүлөр, жаңы уюштуруу-техникалык чечим түзүүдө оң экономикалык же башка пайдалуу натыйжа алып келүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык иштин натыйжасы (жаңы билим, техникалык же башка чечим, эксперименттик же тажрыйбалык үлгү ж.б.);";
бешинчи, алтынчы, он биринчи абзацтар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "инновациялык долбоорлор" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", стартаптар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт, 3-пункттун бешинчи абзацы, 19-пункт түрдүү жөндөмөлөрдөгү "инновациялык долбоорлор" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", стартаптар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7, 20, 23, 24-пункттар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "инновациялык долбоор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы ", стартап" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды алууга тандоого катышууга тандоонун талаптарына жооп берген инновациялык долбоорлорду, стартаптарды сунуштаган катышуучуларга уруксат берилет.";
- 12-пункттагы "тиркемесине" деген сөз "1, 2-тиркемелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) инновациялык долбоорлор:
- долбоордун сыпаттамасы (долбоордун техникалык, экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, анын ичинде долбоорду ишке ашыруудагы муктаждыктар жөнүндө маалымат);
- маркетингдик талдоо, долбоордун рыногу (максаттуу аудитория, негизги атаандаштар, аналогдору, ички же тышкы рынокко багытталгандыгы жөнүндө маалыматтар, мисалы: айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.);
- долбоордун бизнес-планы;
- бизнес-долбоорду ишке ашыруунун календардык планы жана чыгымдар сметасы;
- керектүү адистердин болушу, алардын квалификациясы жөнүндө маалымат;
- юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак жоюлган, банкроттукка учураган, экономикалык ишин кайра уюштуруп же убактылуу токтоткон абалда эмес экендигин ырастаган, жетекчи кол койгон маалымкат;
- интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо). Интеллектуалдык иштин натыйжаларынын бир нече укук ээлери болгон учурда тандоого катышууга бардык укук ээлеринин макулдугу жөнүндө документтер да тиркелет;
2) стартаптар:
долбоордун бизнес-модели, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, стартап-долбоор кандай көйгөйлөрдү чечет же кандай жакшырууларга алып келет жана мурдагы аналогдоруна караганда бир топ жакшыртат);
- стартап рыногу (ички же тышкы рынокко же конкреттүү индустрияга багытталгандыгы, мисалы: айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.);
- масштабдалуусу (стартап кантип рынокту тез камтып, керектөөчүлөрдү топтой алат, бул процесс үчүн кандай технологиялар же процесстер пайдаланылат);
- монеталаштыруу түзүмү (стартап кантип киреше табат, киреше алуунун модели кандай болот);
- долбоордун күтүлүүчү натыйжалары (керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, компаниялардын болжолдуу саны - 1-3 жыл);
- прототип, иштөөчү система/баштапкы продукт барбы (MVP - минималдуу колдонууга жөндөмдүү продукт) жана аны керектөөчүлөр барбы.";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Сунушталган долбоорлор төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) инновациялык долбоорлор:
- жаңылыгы (новация) - илимий, техникалык, технологиялык;
- экономикалык жана социалдык мааниси (долбоорду ишке ашырууда түзүлгөн жумуш орундарынын саны);
- атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү (ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү);
- ишке ашырылуусу (адам ресурстарынын, жабдуулардын болушу, илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү жана өндүрүштү технологиялык даярдоо);
- натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу);
- инновациялык тобокелдик (жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууга каражаттарды салууда, рынокто күтүлүүчү суроо-талапка ээ болбой калышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башкаруу методдорун киргизүүдө келип чыгуучу жоготуулардын ыктымалдыгы);
- экологиялык коопсуздук (айлана-чөйрөгө жана адамга экологиялык коркунучтун жаратылыштык жана антропогендик факторлорунун терс таасиринин жол берилген деңгээли);
- уюмдардын иш чөйрөсүнүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкештиги;
2) стартаптар:
- долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси);

- натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу).";
- 17-пункт "Катчылык" деген сөздөн кийин "Кыргызпатенттин эксперттери менен биргеликте" деген сөздөр менен толукталсын;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, “40 район – 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтому менен бекитилген, 17-пунктунда расмий тилге карата айырмачылыктары бар.
- 22-пунктта:
биринчи абзац "инновациялык долбоорлорду" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптарды" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз эксперттердин, Кыргызпатенттин тармактык эксперттеринин баалоосунун негизинде долбоордун түрүн: инновациялык долбоор, стартап экендигин аныктоо укугу менен катышуучулардын презентацияларын угат жана талдайт.";
- 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Инновациялык долбоорду жана стартапты ишке ашыруу
25. Тандоонун жеңүүчүлөрү инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишимдин аткаруучулары болуп саналат.
26. Комиссиянын чечиминин негизинде ИМ Мамфонду жеңүүчү менен инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) түзөт.";
- 7-главанын аталышы, 28-пункт, 8-главанын аталышы, 32-пункт "инновациялык долбоорлорду" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражаты каралат.";
- 29-пункт "инновациялык долбоордун" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнөт.";
- 31-пункт "инновациялык долбоорду" деген сөздөрдөн кийин ", стартапты" деген сөздөр менен толукталсын;
- 33-пункт "инновациялык долбоорду" деген сөздөрдөн кийин ", стартапты" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Зарыл болгон учурда катчылык инновациялык долбоорлордун, стартаптардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттерди тарта алат, ошондой эле аткаруучу тарабынан Келишимдин шарттары сакталбаган учурда, ИМ Мамфонду бул долбоорду каржылоону токтотууга укуктуу жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттар ИМ Мамфондунун атайын эсебинин алыш-бериш эсебине калыбына келтирилүүгө тийиш.";
- жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
жогорку оң жак бурчундагы "тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тиркеменин аталышы "инновациялык демилгелерди" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-июлундагы № 57 (3506) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 1-тиркеме |
| "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби |
| Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент) |
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан стартаптарды тандоого катышууга / өтүнмө
Өтүнмөнү карап чыгып, "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан стартаптарды тандоонун катышуучуларынын санына киргизүүнү өтүнөм.
Өтүнмө ээсинин аты-жөнү, туулган датасы |
|
Команда (Команданын бардык мүчөлөрүнүн аты-жөнү, туулган датасы) | 1. 2. 3. |
Өтүнмө ээсинин жашаган дареги (иш жүзүндөгү) Өтүнмө ээсинин - команданын лидеринин жеке маалыматтары (паспорт №) |
|
Өтүнмө ээсинин почта дареги |
|
Өтүнмө ээсинин E-mail |
|
Байланыш телефону (моб.) |
|
Стартап-долбоордун аталышы |
|
Иштин түрү (өндүрүш, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) |
|
Долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, стартап-долбоор кандай көйгөйлөрдү чечет же кандай жакшырууларга алып келет жана мурдагы аналогдоруна караганда бир топ жакшыртат) | 100дөн ашпаган сөз |
Стартап рыногу (ички же тышкы рынокко же конкреттүү индустрияга багытталгандыгы, мисалы: айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.) | 100дөн ашпаган сөз |
Долбоор канчалык тез масштабдалат (стартап кантип рынокту тез камтып, керектөөчүлөрдү топтой алат, бул процесс үчүн кандай технологиялар же процесстер пайдаланылат) | 100дөн ашпаган сөз |
Монеталаштыруу түзүмү (стартап кантип киреше табат, киреше алуунун модели кандай болот) | 100дөн ашпаган сөз |
Долбоорду ишке ашыруу үчүн ресурстар (финансы) жана суралган сумма | 100дөн ашпаган сөз |
Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары (керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, компаниялардын болжолдуу саны - 1-3 жыл) | 100дөн ашпаган сөз |
Прототип, иштөөчү система/баштапкы продукт барбы (MVP) жана аны керектөөчүлөр барбы | 100дөн ашпаган сөз |
Атаандаштар жана мүмкүн болгон тобокелдиктер (глобалдуу рыноктор) |
|
Мен "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо баяндалган тандоонун шарттары менен таанышкандыгымды жана макулдугумду ырастайм. Мен ушул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматтар өтүнмө берген учурга карата анык экендигин ырастайм. Мен уюштуруучулардын жана Долбоорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими акыркы чечим болуп саналарына макулмун. Өтүнмө ээсинин аты-жөнү (толугу менен):
Колу:______________________ Датасы:_______________ | |
“.
2-тиркеме |
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору (макулдашуу боюнча);
коомдук уюмдун өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).".
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| 2-тиркеме |