Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 354
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө
“Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |