Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 375
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ош автовокзалы" филиалын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ош автовокзалы" филиалы Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте бир айлык мөөнөттө "Ош автовокзалы" филиалынын негизги фонддорун (объекттерин), штаттык санын, активдерин жана финансылык милдеттенмелерин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте акысыз негизде жүргүзсүн.
3. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча):
- муниципалдык менчикке өткөрүлүүчү объекттин сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптагыдай чараларды көрсүн;
- өткөрүлүүчү объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана Ош автобекетинин ишинен түшкөн кирешеден автобекетке капиталдык оңдоо жана модернизациялоо жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 11-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ош автобекетинин ишине тартылган мамлекеттик жана муниципалдык органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |