Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июлу № 365
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын "Автоколонна 2091" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин.
3. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жүргүзөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы".
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июлу № 365
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык күчүн жоготту)