Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 380
Жер участокторун берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратынын курулушу" объектин куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдетти ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарында төмөнкүдөй даректер боюнча жайгашкан жер участоктору мамлекеттик менчикке кабыл алынсын:
- Абсамат Масалиев көчөсү - Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 10,878 га;
- Абсамат Масалиев көчөсү - Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 1,6215 га;
- Аалы Токомбаев көчөсү, 12-кичи районунун каршысында, жалпы аянты 2,713 га;
- Семетей көчөсү - Чыңгыз Айтматов проспекти, жалпы аянты 0,47 га;
- 12-кичи району, Түштүк пландоо зонасында Аалы Токомбаев көчөсүн бойлой, жалпы аянты 0,68 га.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
1) Бишкек шаарында төмөнкүдөй даректер боюнча жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жер участокторунун рыноктук наркын аныктасын:
- Абсамат Масалиев көчөсү, 22, жалпы аянты 18,1853 га (жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө 2023-жылдын 26-июлундагы Б сериясындагы № 054637 мамлекеттик акт);
- Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165, жалпы аянты 4,8899 га (жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө 2023-жылдын 24-июлундагы Б сериясындагы № 054633 мамлекеттик акт);
- Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9, жалпы аянты 2,713 га (жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө 2023-жылдын 24-июлундагы Б сериясындагы № 054634 мамлекеттик акт);
2) подрядчы - "Иншаат строй Билдинг" жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участокторунун рыноктук наркына эквиваленттүү болгон суммага Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дареги боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратынын курулушу" объектин (мындан ары - объект) куруу жөнүндө макулдашууга кол койсун;
3) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участокторун объектти тургузуу боюнча аткарылуучу курулуш иштеринин ордуна "Иншаат строй Билдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигине өткөрүп берсин;
4) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Объектти тургузуу боюнча курулуш иштеринин наркы ушул токтомдун 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участокторунун рыноктук наркынан ашып кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы объекттин курулушун аяктоо максатында аталган айырманы жабууга акча каражатын издеп тапсын.
4. Бул токтомдун 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участокторунун рыноктук наркы объектти тургузуу боюнча курулуш иштеринин наркынан ашып кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "Иншаат строй Билдинг" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте келишимдик негизде аталган коом тарабынан көрсөтүлгөн айырманы төлөп берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |