Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (мындан ары - Комиссия) жыйналыштарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт, ошондой эле Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ишин регламенттейт.
2. Комиссиялар тиешелүү чет мамлекет менен эки тараптуу кызматташууну активдештирүү жана кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүлөт.
Тигил же бул чет мамлекет менен макулдашууга жараша Комиссиялар ар кандай аталышта болушу мүмкүн. Комиссиянын ишинин мазмуну, түзүүнүн жана иштөөсүнүн уюштуруу принциптери бирдей болууга жана ушул Жобого ылайык келүүгө тийиш.
3. Комиссиялардын кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу органы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө, Комиссиянын жыйынын өткөрүү датасына, убактысына, ордуна, ошондой эле Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнө визалык колдоо алууга байланышкан маселелерди иштеп чыгууда саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтөт.
5. Финансы-кредиттик, аскердик-техникалык, чек аралык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдери менен жөнгө салынат.
6. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү жетекчилик кылат. Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси (кызмат орду боюнча) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
7. Комиссиянын персоналдык курамын Комиссиянын катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
8. Комиссиянын катчылыгынын функциясын Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аткарат.
2. Комиссиянын негизги максаттары
9. Комиссиянын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин негизинде Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
2) Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосунда кызматташуунун натыйжалуулугун, анын ичинде өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо жана формаларын өркүндөтүү аркылуу жогорулатуу;
3) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын чет өлкөлүк ишканалар менен өз ара аракеттенүүсүнүн шарттарын жана натыйжалуу формаларын түзүү;
4) чет мамлекеттер менен кызматташуунун келишимдик укуктук базасын түзүү жана өркүндөтүү.
3. Комиссиянын ыйгарым укуктары
10. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, өнүктүрүү институттарынан, бизнес-коомчулуктардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте сурайт;
2) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, уюмдардын, мекемелердин, өнүктүрүү институттарынын, бизнес-коомчулуктардын, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн Комиссиялардын ишинде катышууга, Комиссиялардын жыйналыштарынын алкагында кабыл алынган протоколдук чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мындай жыйналыштарды жана жолугушууларды даярдоого жана өткөрүүгө белгиленген тартипте тартат;
3) кызматташуунун ар кандай конкреттүү маселелерин жана долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле уюмдардын, мекемелердин, өнүктүрүү институттарынын, бизнес-коомчулуктардын, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүнөн туруктуу же убактылуу негизде ведомстволор аралык эксперттик же жумушчу топторду түзөт;
4) Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен макулдашуу боюнча биргелешкен туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарды түзөт;
5) Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин талап кылуучу маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
7) эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Комиссиялардын ишине байланышкан башка маселелер боюнча белгиленген тартипте же Комиссиялардын чет өлкөлүк бөлүктөрүнүн көмөк көрсөтүүсү менен чет өлкөлөрдүн өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдарына кайрылат;
8) өлкөнүн оң имиджин жана анын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөө боюнча чараларды көрөт, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтөт.
4. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук негиздери
11. Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүк менен биргелешкен жыйналыштары зарылдыгына жараша тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өткөрүлөт.
12. Чет өлкөлүк бөлүк менен биргелешкен жыйналыштын күн тартиби жана протоколу тараптардын сунуштарынын негизинде Комиссиянын катчылыгы тарабынан түзүлөт.
13. Комиссиянын кыргыз бөлүгү Комиссиянын төрагасынан, катчылыктан жана Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнөн турат.
14. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын жыйналыштарына милдеттүү түрдө катышат.
15. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ишканаларынын, өнүктүрүү мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилеринен жана жооптуу кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелердин учурдагы деңгээлине, соода-экономикалык, инвестициялык, технологиялык, илимий-техникалык, туристтик жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын мүнөзүнө жана масштабына, талкууга коюлган күн тартибинин маселелеринин жана протоколдун мазмунуна, ошондой эле Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн курамына жараша түзүлөт.
16. Комиссиянын жооптуу катчысы болуп Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тышкы экономикалык бөлүмүнүн өкүлү саналат.
17. Жыйналыштардын протоколдорун тариздөө Комиссиянын жооптуу катчысына жүктөлөт.
18. Комиссиянын жыйналышынын кол коюлган протоколу экономика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында сакталат. Комиссиянын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы), Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарына жана уюмдарына берилет, экономика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайтында жайгаштырылат.
19. Зарыл болгон учурда жыйналыштардын ортосундагы мезгилде Комиссиянын кыргыз жана чет өлкөлүк бөлүктөрүнүн төрагалары өз ара макулдашуу боюнча кызматташуунун айрым маселелери боюнча чечимдерди кабыл ала алат. Мындай учурда бул чечимдер Комиссиянын кезектеги жыйналышынын протоколу менен таризделет.
20. Комиссиялардын жыйналыштарынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан уюштурулуучу бизнес-форумдар, бизнес кеңештердин жыйналыштары, конференциялар, көргөзмөлөр жана презентациялар өткөрүлүшү мүмкүн.
5. Комиссиянын төрагасы
21. Комиссиянын төрагасы Комиссияга ишенип тапшырылган комиссиянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча маселелердин бардык комплекси үчүн жоопкерчилик тартат жана координациялайт:
1) улуттук кызыкчылыктарды илгерилетет жана Комиссиянын протоколдук чечимдерин аткаруунун жүрүшүн жеке контролдойт;
2) Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ишине түздөн-түз жана жалпы жетекчилик кылат;
3) Чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасын аныктайт. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жетекчиси болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын мөөнөттөрү жөнүндө Президенттин Администрациясын алдын ала кабарлайт;
4) чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышын даярдоо жана өткөрүү маселелерин координациялайт жана контролдойт;
5) чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышынын маселелерин алдын ала иштеп чыгуу максатында Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ведомстволор аралык кеңешмелерин өткөрөт;
6) чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышын өткөрөт;
7) чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен жыйналышынын жыйынтыктоочу Протоколуна кол коёт;
8) зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйналыштарынын ортосундагы мезгилде Комиссиянын тең төрагаларынын жолугушууларын өткөрөт;
9) Комиссиянын мурунку жыйналышынын протоколунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Комиссиянын катчылыгынын сунушу боюнча квартал сайын Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана уюмдарынын катышуусу менен ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрөт жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматты Президенттин Администрациясына киргизет;
10) зарыл болгон учурда Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси болгон учурда Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында отчет берет.
6. Комиссиянын катчылыгы
22. Комиссиянын катчылыгы Комиссиялардын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана уюмдарынын ишин координациялайт жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча чет өлкөлүк бөлүгү менен Комиссиянын кезектеги биргелешкен жыйналышын өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана орду жөнүндө сунуштарды даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышына маселелерди иштеп чыгат жана чет өлкөлүк бөлүгү менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышынын күн тартибин жана протоколун түзөт;
3) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ошондой эле ишканалардын, өнүктүрүү институттарынын жана уюмдарынын сунуштары боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөр менен алдын ала иштелип чыккан жана макулдашылган маселелерди Комиссиянын боло турган жыйналышынын күн тартибине жана протоколуна киргизет;
4) чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышынын күн тартибинин жана протоколунун долбоорлорун Комиссиянын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашат;
5) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, ишканаларынын жана уюмдарынын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жетекчиси болуп саналган Комиссиянын төрагасы менен жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча чет өлкөлүк бөлүк менен Комиссиянын биргелешкен кезектеги жыйналышында талкуулоого болжолдонгон маселелерди эске алуу менен Комиссиянын персоналдык курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, ишканаларынын жана уюмдарынын сунушу боюнча Комиссиянын күн тартибинин жана протоколунун долбоорлорун даярдоо максатында Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү эксперттик жыйналыштарга катышуу үчүн Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн эксперттеринин курамын түзөт;
7) Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн катчылыгы менен иш боюнча тыгыз байланышты түзөт жана жүргүзөт, түшкөн сунуштарды, суроо-талаптарды жана кайрылууларды иштеп чыгууда ага зарыл болгон көмөк көрсөтөт;
8) Жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органына жыйналыш болор алдында Комиссиянын протоколунун долбоорун макулдашуу боюнча эксперттик жыйналыштарды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
9) Жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органына Комиссиянын жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
10) Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жыйналышты өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдардын топтомун (маалыматтык маалымкаттар, сүйлөөчү сөздөрүнүн, күн тартибинин, программанын, Комиссиянын жыйынын өткөрүү сценарийинин долбоорлорун ж.б.) киргизет;
11) Президенттин Администрациясынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан Комиссиянын чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
12) кезектеги отчеттук мезгилдеги Комиссиянын протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө Президенттин Администрациясына жана Комиссиянын төрагасына маалымат киргизет;
13) Президенттин Администрациясына жана Комиссиянын төрагасына протоколдук чечимдердин айрым конкреттүү пункттарынын аткарылбагандыгы тууралуу маалыматты берет;
14) Комиссиялардын, комиссиялардын төрагаларынын жана мүчөлөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна жана эффективдүүлүгүнө, ошондой эле Комиссиялардын протоколдорун аткаруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алар тарабынан аткарылышын талдайт;
15) Комиссиялардын иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жетекчиси болуп саналган Комиссиялардын төрагалары маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткарбаган учурда ар бир отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясына тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
16) ар бир отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясына Комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларын, мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлерин кызматташуунун көйгөйлүү маселелерин жөнгө салуу боюнча көрүлгөн чаралар жана Комиссиялардын жыйналыштарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга байланышкан маселелердин комплексин чечүү үчүн сыйлоо боюнча сунуштарды киргизет;
17) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын деңгээли боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
18) Комиссиялардын ишин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет.
7. Жетекчиси тиешелүү Комиссиянын төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы
23. Жетекчиси тиешелүү Комиссиянын төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Комиссиянын төрагасынын Комиссиянын катчылыгы менен оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын жыйналышын өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзөт;
2) Комиссиянын катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу менен Комиссиянын эксперттик жана пленардык жыйналыштарын өткөрүү программасын жана делегациянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн келүү программасын иштеп чыгат, Комиссиянын эксперттик жана пленардык жыйналыштарын даярдоо боюнча уюштуруу маселелерин иштеп чыгат: тосуп алуу жана узатуу, конференц-зал, автотранспорт менен камсыздоо, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн мүчөлөрү үчүн мейманкананы брондоо, фуршеттерди, кабыл алууларды уюштуруу, делегациялардын жетекчилери/мүчөлөрү үчүн сувенирлерди сатып алуу, Комиссиянын жыйналышын оргтехника, канцеляриялык буюмдар жана таратылуучу материалдар менен камсыздоо, керек болгон учурда котормочулардын кызматы менен камсыз кылуу, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн төрагасынын жана мүчөлөрүнүн эки тараптуу жолугушууларын уюштуруу;
3) көчмө жыйналыштарды өткөрүүдө Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн келүү программасын иштеп чыгат жана Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн катчылыгы менен макулдашат; делегациянын кыргыз бөлүгүнүн келүү жана кетүү даталарын макулдашат; авиабилеттерди брондойт; кыргыз делегациясын чет өлкөдө жайгаштыруу маселелерин макулдашат;
4) Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ведомстволор аралык кеңешмесин өткөрүү зарыл болгондо аны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт (кеңешмени өткөрүү мөөнөтүн төрага менен макулдашат жана аныктайт, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнө кеңешмени өткөрүү датасы жана убактысы жөнүндө кабарлайт; Комиссиянын төрагасын жана мүчөлөрүн Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн кеңешмесин өткөрүү үчүн зарыл болгон таратылуучу материалдар менен камсыз кылат);
5) көчмө жыйналыштарды өткөрүүдө Комиссиянын төрагасынын эки тараптуу жолугушууларын уюштуруу маселелерин иштеп чыгат, жолугушууларга материалдарды жана өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча отчетторду даярдайт;
6) жетекчиси тиешелүү Комиссиянын төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын расмий сайтына Комиссиянын иши тууралуу толук маалыматтарды жайгаштырат.
8. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары
24. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Комиссиялардын ишине активдүү катышат жана төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиялардын жыйналыштарынын күн тартибинин жана протоколдорунун долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен конкреттүү сунуштарды киргизет;
2) Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине жана протоколуна киргизилген маселелерди Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жана ал аркылуу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштеп чыгат жана протоколдук чечимдердин натыйжалуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
3) Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына киргизүү үчүн өкүлдүн талапкерлигин квалификациялык жана компетенттүүлүк принциптерине жараша аныктайт;
4) Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн эксперттеринин курамына киргизүү үчүн адистердин талапкерлигин аныктайт;
5) Комиссиянын катчылыгынан расмий жана/же электрондук каналдар боюнча келген күн тартибинин, протоколдун жана Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн персоналдык курамы жөнүндө буйруктардын долбоорлорун оперативдүү макулдашууну камсыз кылат;
6) катчылыкка келип чыккан маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштары менен толук маалыматты өз учурунда берет;
7) Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрөт;
8) өзүнүн компетенциясынын чегинде квартал сайын же Президенттин Администрациясы тарабынан белгиленген мөөнөттөргө ылайык катчылыкка Комиссиялардын протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду жиберет;
9) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Комиссиялардын жыйналыштарынын алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумдардын, контракттардын жана макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгат жана кол коюуга даярдайт.
9. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
25. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоочу аткаруу бийлигинин негизги органы катары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн перспективалары, эки тараптуу соода жүргүзүүдө аныкталган соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн мамлекетинин экономикасынын (айрым тармактарынын) абалы (өнүгүшү) маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону камсыз кылат;
2) маалымдама материалдарды даярдайт (тышкы саясат жөнүндө, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн мамлекетинин ички саясий жана экономикалык абалы жөнүндө, эки тараптуу кызматташуу жөнүндө, эки тараптуу кызматташуунун көйгөйлүү аспекттери жөнүндө, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында Комиссиянын чет өлкөлүк мамлекеттин кызматташуусу жөнүндө саясий портреттер, өмүр баяндар);
3) Комиссиялардын жыйналышынын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдердин илгерилешине көмөк көрсөтөт;
4) Комиссиянын төрагасына жана катчылыкка Комиссиянын жыйналышынын жыйынтыктары боюнча көз карашты Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча талдоо жана сунуштар менен киргизет;
5) Комиссиялардын жыйналыштарынын алкагында эл аралык келишимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоо маселелерин координациялайт;
6) Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн мөөнөттөрүн макулдашууда Комиссиянын катчылыгына көмөк көрсөтөт;
7) келген өлкөдө Комиссиялардын жыйналыштарын даярдоодо жана өткөрүүдө чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү болуп саналган чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан саясий жана дипломатиялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жетекчилик кылуучу Комиссиялардын жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү тартиби
26. Эгерде Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болсо, алардын Комиссиянын катчылыгы менен оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташуу маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмү камсыз кылат.
27. Комиссиянын жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча функциялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) Комиссиянын катчылыгы:
- Президенттин Администрациясына Комиссиянын жыйналышын даярдоо боюнча ведомстволор аралык пландын долбоорун киргизет;
- Комиссиянын боло турган жыйналышынын күн тартибин жана протоколун иштеп чыгат;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн персоналдык курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун даярдайт жана Президенттин Администрациясына киргизет;
- Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн программасынын жана сценарийинин долбоорлорун киргизет;
- жыйналыш болор алдында Комиссиянын протоколунун долбоорун макулдашуу боюнча кыргыз жана чет өлкөлүк бөлүктөрдүн эксперттик жыйналыштарын өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жыйналышты өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдардын топтомун жиберет (сүйлөөчү сөздөрдүн долбоорлору, Комиссиянын теңтөрагаларынын аңгемелешүүсүнө тезистер, Комиссиянын мурунку жыйналышынын протоколунун аткарылышын талдоо, жыйналыштын күн тартиби маселелери боюнча позициялык маалымкаттар ж.б.);
- Комиссиянын жыйналышынын жыйынтыктары боюнча отчетторду киргизет.
2) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- делегациянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн келүү программасын макулдашат, Комиссиянын жыйналышын даярдоо боюнча уюштуруу маселелерин иштеп чыгат; тосуп алуу жана узатуу, протоколдук коштоо, жыйналышты өткөрүү ордун даярдоо, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн төрагасынын жана мүчөлөрүнүн эки тараптуу жолугушууларын уюштуруу;
- көчмө жыйналыштарды өткөрүүдө Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын келүү программасын иштеп чыгат, кыргыз делегациясын чет өлкөдө жайгаштыруу маселелерин макулдашат;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын жолугушууларга аңгемелешүүсүнүн тезистерин жана маалымдама материалдарын киргизет (тышкы саясат жөнүндө, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн мамлекетинин ички саясий жана экономикалык абалы жөнүндө, эки тараптуу кызматташуу жөнүндө, эки тараптуу кызматташуунун көйгөйлүү аспекттери жөнүндө, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында Комиссиянын чет өлкөлүк мамлекеттин кызматташуусу жөнүндө саясий портреттер, өмүр баяндар);
- саясий түзүүчүлөрдү эске алуу менен Комиссиянын катчылыгынан келип түшкөн толуктап иштелип чыккан материалдарды Президенттин Администрациясына киргизет;
- Комиссиянын төрагасынын эки тараптуу жолугушууларынын жыйынтыктары боюнча отчетту Президенттин Администрациясына киргизет.
11. Комиссиялардын ишин каржылоо
28. Кыргыз Республикасынын аймагында Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйналышты өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо жетекчиси Комиссияны жетектеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органына жүктөлөт.