Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 355
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Ишке ашыруусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия эки айлык мөөнөттө улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо жол-жобосун баштасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- Комиссия тарабынан тандоодон өткөн улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесин мамлекеттик органдарды жана алардын жооптуу кызмат адамдарын бекитүү менен түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
- ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик маанидеги долбоор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун тизмесин бекитсин;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча квартал сайын долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
|
|
| 1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти.