КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 355
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Ишке ашыруусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссия эки айлык мөөнөттө улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо жол-жобосун баштасын.
4. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
– Комиссия тарабынан тандоодон өткөн улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмесин мамлекеттик органдарды жана алардын жооптуу кызмат адамдарын бекитүү менен түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
– ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик инвестициялардын долбоору боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун тизмесин бекитсин;
– тандоонун жыйынтыгы боюнча квартал сайын долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
|
|
| 1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын реалдуу секторду тескөөчү орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти.