Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы";
- расмий тилде: "Экспертно-криминалистическая служба Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ИИМ ЭКК";
- расмий тилде: "ЭКС МВД КР".
6. Кызматтын ишине ведомстволук контролду Министрлик жүзөгө ашырат.
7. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469, почта индекси 720011.
8. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
9. Кызматтын иши мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, соттук эксперттин көз карандысыздыгы, изилдөөлөрдүн объективдүүлүгү, ар тараптуу жана толук болушу, соттук экспертизаны жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттарды жана методдорду пайдалануу принциптеринде түзүлөт.
2. Кызматтын милдеттери
10. Кызматка төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- эксперттик-криминалистикалык жана соттук-эксперттик ишти компетенциясынын чегинде Министрлик тарабынан аныкталган профилге ылайык уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
- атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонууда, ошондой эле конкреттүү иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды белгилөөдө сот жана укук коргоо органдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн ишин координациялоо.
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын функциялары
11. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- эксперттик-криминалистикалык жана соттук-эксперттик ишти белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- эксперттик-криминалистикалык ишти уюштуруу аркылуу соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн жана алгачкы текшерүү органдарынын тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;
- экспертиза объекттерин изилдөөдө, ошондой эле окуя болгон жерлерди кароодо буюмдук далилдерди табуу, фиксациялоо, алуу, таңгактоо максатында атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонот;
- кылмыш-жаза, жарандык иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адис катары катышат;
- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- соттук-эксперттик иш боюнча программалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
- чет өлкөлөрдүн эксперттик мекемелеринин тажрыйбасын изилдейт жана эксперттик практикага жаңы ыкмаларды жана методикаларды киргизет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен соттук-эксперттик иштин чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашырат;
- эксперттик-криминалистикалык эсепти, мамлекеттик октук гильзотеканы, геномдук маалыматтын маалыматтар базасын, ошондой эле укук коргоо органдарынын керектөөлөрүнө жараша картотекалардын жана натуралык коллекциялардын башка түрлөрүн, маалыматтар базасын түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат;
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан аларга конструкциясы окшош буюмдарды сертификаттоо боюнча ишти уюштурат;
- илимий-изилдөө иштерин жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды, аларды практикалык апробациялоону уюштурат жана жүргүзөт;
- соттук-эксперттик жана эксперттик-криминалистикалык иштин маселелери боюнча методикалык колдонмолорду жана материалдарды иштеп чыгат жана жайылтат;
- мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлеринин сертификаттоодон өтүшүн камсыз кылат;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

4. Кызматтын укуктары
12. Кызмат өзүнүн компетенцияларынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн келишимдик негизде мекемелердин илимий жана практикалык жумушчуларын тартууга;
- өз ара кызматташуунун негизинде Министрликтин бөлүктөрүнөн, башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан башкаруу чечимдерин кабыл алуу, маалыматтык-талдоо жана отчеттук маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдама жана башка материалдарды суроого жана алууга;
- соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча методикалык колдонмолорду жана материалдарды иштеп чыгууну жана Кызматтын бөлүктөрүнө таратууну жүзөгө ашырууга;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында ички иштер органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын маалыматтар базасын белгиленген тартипте пайдаланууга;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий-практикалык институттар, мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен кызматташууга;
- эксперттик-криминалистикалык ишти өнүктүрүү багыттары боюнча улуттук жана эл аралык гранттык программаларга мыйзамда белгиленген тартипте катышууга;
- Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттарды, фонддорду) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте пайдаланууга;
- Кызмат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарга да ээ болушу мүмкүн.
5. Кызматтын ишин уюштуруу
13. Кызматка жалпы жетекчиликти Кызматтын башчысы жүзөгө ашырат, ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Кызматтын башчысынын орун басарлары болот. Кызматтын башчысынын орун басарлары Кызматтын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кызматтын башчысынын орун басарлары түздөн-түз Кызматтын башчысына баш иет, кызматтын ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык уюштурат.
15. Кызматтын түзүмү, башкаруу схемасы, штаттык ырааттамасы Кызматтын башчысынын сунушу боюнча Министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет.
16. Кызматтын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
17. Кызматтын башчысы:
- Кызматтын ишин жетектейт жана уюштурат, Кызматтын ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
- Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын башчысынын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, өздүк курамдын функциялык милдеттерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине Кызматтын кызматкерлерин дайындоо, которуу жана ээлеген кызмат орундарынан бошотуу, аларга атайын наамдарды ыйгаруу, бошотуу, тартиптик жазаларды жана сыйлыктарды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кызматтын кызматкерлерине сыйлык берет жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонот;
- кол алдындагыларды кесиптик жана дене тарбия жагынан даярдоону, окутууну жана тарбиялоону камсыз кылат, өздүк курамдын арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
- кызматкерлердин жеке коопсуздугунун зарыл болгон чараларын, табелдик куралды, техникалык жана атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоону контролдойт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кызматтын өздүк курамы милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Кызматтын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга жөнөтөт;
- келишимдерди түзүүгө жана башка бүтүмдөрдү жасоого, ишеним каттарга кол коюуга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
18. Кызматтын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери Кызматтын башчысы менен макулдашуу боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
6. Кызматты каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
19. Кызматты күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
20. Кызматтын имараттары, курулмалары, жабдуулары, инвентарлары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттин менчиги болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
21. Кызмат белгиленген тартипте кызматтык жайларды, ошондой эле өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон негизги каражаттардын башка түрлөрүн сатып алууга укуктуу.
22. Кызмат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Министрликтин ведомстволук актыларына ылайык Кызматтын балансында эсептелген товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгарууну жүзөгө ашырат.
7. Жыйынтыктоочу жоболор
23. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кайра уюштурууда Кызматтын бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укуктук мураскоруна өтөт.
24. Кызматтын иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10, 2026-жылдын 12-майы № 331 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы";
- расмий тилде: "Экспертно-криминалистическая служба Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ИИМ ЭКК";
- расмий тилде: "ЭКС МВД КР".
6. Кызматтын ишине ведомстволук контролду Министрлик жүзөгө ашырат.
7. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 322, почта индекси 720011.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
9. Кызматтын иши мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, соттук эксперттин көз карандысыздыгы, изилдөөлөрдүн объективдүүлүгү, ар тараптуу жана толук болушу, соттук экспертизаны жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттарды жана методдорду пайдалануу принциптеринде түзүлөт.
2. Кызматтын милдеттери
10. Кызматка төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- эксперттик-криминалистикалык жана соттук-эксперттик ишти компетенциясынын чегинде Министрлик тарабынан аныкталган профилге ылайык уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
- атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонууда, ошондой эле конкреттүү иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды белгилөөдө сот жана укук коргоо органдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн ишин координациялоо.
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын функциялары
11. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- эксперттик-криминалистикалык жана соттук-эксперттик ишти белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- эксперттик-криминалистикалык ишти уюштуруу аркылуу соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн жана алгачкы текшерүү органдарынын тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;
- экспертиза объекттерин изилдөөдө, ошондой эле окуя болгон жерлерди кароодо буюмдук далилдерди табуу, фиксациялоо, алуу, таңгактоо максатында атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонот;
- кылмыш-жаза, жарандык иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адис катары катышат;
- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- соттук-эксперттик иш боюнча программалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
- чет өлкөлөрдүн эксперттик мекемелеринин тажрыйбасын изилдейт жана эксперттик практикага жаңы ыкмаларды жана методикаларды киргизет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен соттук-эксперттик иштин чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашырат;
- эксперттик-криминалистикалык эсепти, мамлекеттик октук гильзотеканы, геномдук маалыматтын маалыматтар базасын, ошондой эле укук коргоо органдарынын керектөөлөрүнө жараша картотекалардын жана натуралык коллекциялардын башка түрлөрүн, маалыматтар базасын түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат;
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан аларга конструкциясы окшош буюмдарды сертификаттоо боюнча ишти уюштурат;
- илимий-изилдөө иштерин жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды, аларды практикалык апробациялоону уюштурат жана жүргүзөт;
- соттук-эксперттик жана эксперттик-криминалистикалык иштин маселелери боюнча методикалык колдонмолорду жана материалдарды иштеп чыгат жана жайылтат;
- мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлеринин сертификаттоодон өтүшүн камсыз кылат;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын укуктары
12. Кызмат өзүнүн компетенцияларынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн келишимдик негизде мекемелердин илимий жана практикалык жумушчуларын тартууга;
- өз ара кызматташуунун негизинде Министрликтин бөлүктөрүнөн, башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан башкаруу чечимдерин кабыл алуу, маалыматтык-талдоо жана отчеттук маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдама жана башка материалдарды суроого жана алууга;
- соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча методикалык колдонмолорду жана материалдарды иштеп чыгууну жана Кызматтын бөлүктөрүнө таратууну жүзөгө ашырууга;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында ички иштер органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын маалыматтар базасын белгиленген тартипте пайдаланууга;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий-практикалык институттар, мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен кызматташууга;
- эксперттик-криминалистикалык ишти өнүктүрүү багыттары боюнча улуттук жана эл аралык гранттык программаларга мыйзамда белгиленген тартипте катышууга;
- Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттарды, фонддорду) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте пайдаланууга;
- Кызмат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарга да ээ болушу мүмкүн.
5. Кызматтын ишин уюштуруу
13. Кызматка жалпы жетекчиликти Кызматтын башчысы жүзөгө ашырат, ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Кызматтын башчысынын орун басарлары болот. Кызматтын башчысынын орун басарлары Кызматтын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кызматтын башчысынын орун басарлары түздөн-түз Кызматтын башчысына баш иет, кызматтын ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык уюштурат.
15. Кызматтын түзүмү, башкаруу схемасы, штаттык ырааттамасы Кызматтын башчысынын сунушу боюнча Министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет.
16. Кызматтын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
17. Кызматтын башчысы:
- Кызматтын ишин жетектейт жана уюштурат, Кызматтын ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
- Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын башчысынын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, өздүк курамдын функциялык милдеттерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине Кызматтын кызматкерлерин дайындоо, которуу жана ээлеген кызмат орундарынан бошотуу, аларга атайын наамдарды ыйгаруу, бошотуу, тартиптик жазаларды жана сыйлыктарды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кызматтын кызматкерлерине сыйлык берет жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонот;
- кол алдындагыларды кесиптик жана дене тарбия жагынан даярдоону, окутууну жана тарбиялоону камсыз кылат, өздүк курамдын арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасынын иштешин камсыз кылат, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана киргизет;
– коррупциялык факторлорго мониторинг жүргүзүүнү уюштурат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт, Кызматтын кызматкерлери менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
– Кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын сакталышына үзгүлтүксүз контролдоо, анын ичинде ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг, кызматтык аракеттердин мыйзамдуулугуна талдоо жүргүзөт жана бузуулар аныкталган учурда чараларды көрөт;