Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 419
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 «Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 «Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги текстте 1-пункт «почечной» деген сөздөн кийин «недостаточностью» деген сөз менен толукталсын;
2) 2-пункттун үчүнчү абзацында «Өкмөтүнө» деген сөз «Саламаттык сактоо министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-пунктта:
- экинчи абзацта «Өкмөтүнө» деген сөз «Саламаттык сактоо министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 5-пунктта «Өкмөтүнө» деген сөз «Саламаттык сактоо министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-пунктта:
- биринчи абзацта «Өкмөтүнө» деген сөз «Саламаттык сактоо министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.»;
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибинде:
- 1, 2, 11, 15, 17-пункттарда «ыйгарым укуктуу мамлекеттик» деген сөздөр «аткаруучу» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-августундагы № 69 (3518) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |