Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) калктын маданият жана искусство чөйрөсүндөгү руханий муктаждыктарын канааттандыруу жана калыптандыруу максатында түзүлгөн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизденген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн ишин чарбалык эсептин негизинде жүзөгө ашырат.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - башкаруучу орган) саналат.
6. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле башкаруучу органдын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
7. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде "Государственное предприятие "Кыргыз Маданият Сервис" при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики".
8. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Маданият Сервис" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргыз Маданият Сервис".
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А.Огонбаев көчөсү, 242.
10. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү бар, белгиленген үлгүдөгү штамптарга, бланктарга жана башка атрибутка ээ.
11. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
12. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы алар бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
13. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчиликти алат.
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп калктын маданий муктаждыктарын өнүктүрүү жана канааттандыруу, театралдык, музыкалык, сүрөт жана адабий искусствону колдоо, илгерилетүү жана популярдаштыруу, жогорку көркөм сүрөт программаларын түзүү саналат.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик заказдарга ылайык алмашуу гастролдорун, Маданият күндөрүн, фестивалдарды, конкурстарды, расмий аземдерди өткөрүү;
2) чет өлкөлүк чыгармачыл жамааттардын Кыргыз Республикасындагы гастролдук-концерттик ишин уюштуруу;
3) ата мекендик чыгармачыл жамааттардын чет өлкөлөрдөгү гастролдук-концерттик ишин уюштуруу;
4) маданиятты жана искусствону колдоо жана өнүктүрүү боюнча ар түрдүү долбоорлорго катышуу;
5) кыргыз фольклордук-этнографиялык музыкалык маданиятгы өнүктүрүүгө жана пропагандалоого көмөктөшүү;
6) музыкалык, театралдык, фольклордук жана цирк искусствосу чөйрөсүндө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, программаларды даярдоо жана прокатка берүү;
7) маданият жана искусство жаатындагы келечектүү долбоорлорду андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
8) жарнамалык-басма ишин жүзөгө ашыруу;
9) маданият жана искусство мекемелерин үн күчөтүүчү жана жарык берүүчү техникалык аппаратура, музыкалык аспаптар жана башка техникалык каражаттар жана атайын жабдуулар менен камсыз кылуу;
10) маданиятты жана искусствону өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик уюмдар, чыгармачыл союздар жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
11) маданий мурастын эстеликтерин түзүүгө көмөктөшүү;
12) китеп басып чыгаруу системасын өнүктүрүү, китептерди жана көркөм котормолорду жайылтуу;
13) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл сатып алууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле башкаруучу орган тарабынан жүргүзүлгөн бир булактан алуу методу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө конкреттүү жак катары чыгуу;
14) скульптордун кызматтарын көрсөтүү, эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоо жана орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жана иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
2) соттордо доогер жана жоопкер болууга;
3) уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Ишкананын милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке адамдар менен келишимдерди түзүүгө;
4) Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди белгиленген тартипте тартууга;
5) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
6) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
8) Ишкананын милдеттерине жана функцияларына ылайык кызмат көрсөтүүгө;
9) башкаруучу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу бир булактан алуу методу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө конкреттүү жак катары катышууга.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
18. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
3) ыйгарым укуктуу органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
4) Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
5) Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканадагы ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын башкаруучу органынын компетенциясы
20. Ишкананын башкаруучу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
9) фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) ушул Устав менен башкаруучу органдын компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын башкаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүү;
2) Ишканадан финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга, ага карата тартиптик жаза же сыйлоо чараларын колдонуу үчүн сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган ушул Жободо жана мамлекеттик ишкананын уставында каралган башка укуктарга ээ.
22. Ишкананын башкаруучу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Башкаруучу органга мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган башка милдеттер жүктөлөт.
23. Ишкананын башкаруучу органы болуп саналган мамлекеттик орган жоюлган жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укук улантуучусу жок болгон учурда, Ишкананын башкаруучу органы болуп окшош чөйрөдө функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныкталат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуш киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотуу жана кызмат ордуна дайындоо;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
14) Ишканага тиешелүү мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
15) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматты, ошондой эле кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты кошпогондо, өзүнүн расмий веб-сайтына төмөнкүдөй материалдарды жайгаштырууга милдеттүү:
1) иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмесин;
2) жоюу жана банкроттук процессте турган мамлекеттик ишканалардын тизмесин;
3) мамлекеттик ишканалардын стратегиялык өнүктүрүү пландарын;
4) мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджеттерин жана финансы-чарбалык иши жөнүндө отчётторун;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоонун жыйынтыктарын;
6) мамлекеттик ишканада жетекчилик кызмат ордун ээлеген адамдардын реестрин;
7) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин.
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүүгө;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага тиешелүү мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге Ишкананын аймагына барууга жана текшерүү жүргүзүүгө жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин аталган документтер Ишкананын жетекчисинен келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде макулдашууну жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартууну Ишкананын жетекчисине жиберет.
28. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Уставда каралган башка укуктары бар.
6. Ишкананы башкаруу
29. Ишкананы директор башкарат.
30. Ишкананын директору башкаруучу орган сунуштаган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген кызмат адамдарынын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
31. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Ишкананын директору башкаруучу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
32. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишинде жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчетун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) финансы-чарбалык иштин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту бекитүүгө берүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
6) башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү, подряддык келишимдерди (көрсөткөн кызматтарынын, сатып алынган товарлардын конкреттүү сандык, сапаттык жана нарктык параметрлерин көрсөтүү менен) түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдындагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
35. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
36. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
38. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
39. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
40. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
41. Ишкананын директору кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлөөгө чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына же Ишкананын кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
42. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
43. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
45. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетекчилик курамы
46. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирет:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
47. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандары Ишкананын жетекчилери боло албайт.
48. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар, анын ичинде жоюлган кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар;
2) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
3) менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчи кызмат ордун мурда ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчи курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
49. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
50. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоо;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасы, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
51. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
52. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруу түзүмүндө болгондо ички аудит кызматына);
2) башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
53. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
54. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
55. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
56. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарына жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
57. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
58. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.
59. Ишкана өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алган жана сатып алган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
60. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
61. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
62. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
66. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ