Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын (мындан ары - базарлар) иштешине, базарлардын аймактарын, базарлардын субъекттеринин жайгашкан аймактарын тосууга, көрктөндүрүүгө жана жабдууга карата талаптарды (мындан ары - талаптар), ошондой эле базарлардын дирекцияларынын жана соода ишинин субъекттеринин милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Базарлардын реестрине киргизилбеген базарларга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) соода ишинин субъекти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык базарлардын аймагында соода ишин жүргүзгөн жеке ишкер;
2) базардын дирекциясы - базарлардын аймагында соода орундарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү жак;
3) базардын аймагы - товарларды сатуу үчүн соода ишинин субъекттерине берүү максатында түзүлгөн ижарага берүүчүнүн субъектинин соода жайлары жана кампалары жайгашкан аймак;
4) контейнер - соода залы менен же ансыз, бир же эки жумуш орду бар соода объекти, металл курулушу;
5) чекене соода - жеке пайдалануу үчүн керектөөчүлөргө товарларды сатуу боюнча ишкердик иши;
6) сатып алуучу - товар сатып алуучу жеке же юридикалык жак.
2-глава. Базарлардын реестрине киргизүү тартиби
4. Реестрге киргизилген базарлардагы соода ишинин субъекттери үчүн 0,1% ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы колдонулат.
Реестр Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Базарлардын дирекциясы Реестрге киргизүү үчүн ушул Жободо аныкталган базарлардын иштешине талаптар сакталган шартта Реестрге киргизүү жөнүндө арыз менен жайгашкан жери боюнча салык кызматынын органына кайрылуу керек.
Салык кызматынын органы Реестрге киргизүү жөнүндө арызды арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Реестрге киргизүү үчүн берүү же жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Базарлар Реестрге киргизилген же андан чыгарылган учурда салык кызматынын органы жазуу жүзүндө 10 жумуш күндүн ичинде рыноктордун дирекциясына расмий түрдө кабарлоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Салык кызматынын органы Реестрге киргизилген рыноктордун ишине жыл сайын 1 октябрга чейин ушул талаптарды аткаруу бөлүгүндө мониторинг жүргүзөт. Өз милдеттенмелеринин аткарылышын ырастоо үчүн рыноктордун дирекциялары салык кызматынын органына талаптардын алкагында суралган маалыматты берет.
Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча 10 жумуш күндүн ичинде маалымкат түзүлөт, анда аныкталган бузуулар, салык кызматынын органынын мониторинг боюнча тыянактары жана бузууларды белгилүү мөөнөттө жоюу боюнча сунуштары чагылдырылат.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча талаптарга ылайык келбөө жоюлбаган учурда салык кызматынын органы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Реестрден чыгаруу жөнүндө сунуш жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине базарларды Реестрге киргизүү жана чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Базарлардын иштешине талаптар
8. Базарлардын аймагы менчик ээсинин укук күбөлөндүрүүчү документтери менен аныкталат жана бардык периметри боюнча кайтарылууга, белгиленүүгө жана тосулууга тийиш.
9. Базарлардын аймактарын тосуу темир-бетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же бул материалдардын комбинацияларынан үзгүлтүксүз конструкция түрүндө болууга жана товарлардын сакталышын камсыз кылуучу базарлардын тосулган аймагынын ичинде жайгашкан соода ишинин субъекттеринин жайларын тосууну кошпогондо, бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш.
10. Базарлардын аймагын көрктөндүрүүгө төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) транспорт каражаттарынын коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн жол катмарынын болушу;
2) автотранспорт каражаттары үчүн кирүү жана чыгуу жолдорунун болушу;
3) жүк ташуучу жана жеке транспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайдын болушу;
4) мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустардын болушу;
5) базардын аймактарында салык контролун жүргүзгөн салык органынын кызматкерлери үчүн видеокөзөмөлдөө камераларына жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар, жылытуу жана кондиционер менен жабдылган кызматтык жайлардын болушу;
6) товарларды жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды ташуунун салыктык операцияларын аяктоо үчүн зарыл болгон убакытта соода ишинин субъекттеринин товарларынын жана товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн кайтаруунун болушу;
7) видеобайкоо системасынын болушу;
8) персонал жана келүүчүлөр үчүн коомдук пайдаланылуучу жерлерге карата талаптарга ылайык орнотулган жана жабдылган, суу түтүгүнүн жана канализациянын борборлоштурулган тармактарына кошулган дааратканалардын болушу. Райондо суу менен жабдуунун жана канализациянын борборлоштурулган тармактары жок болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча суу менен жабдуунун жана канализациянын жергиликтүү системаларын орнотууга жол берилет;
9) соода объекттеринин, күзөт кызматынын, милициянын, базардын администрациясынын, өрт калканчынын (гидранттар) жана даараткананын жайгашуусунун деталдуу схемасы бар маалымат тактасы;
10) базарлар менен өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мүмкүн болгон өрт өчүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн бекитилген планынын, өрт өчүрүүнүн ыкчам планынын болушу;
11) өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдерге ылайык келүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Реестрге киргизилген базардын аймагында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салуу жүзөгө ашырылуучу башка ишти жүзөгө ашырууга жол берилет.
12. Ушул талаптарда каралган шарттар сакталбаган учурда базар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Базарлардын реестринен чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Соода ишин жүзөгө ашырууга талаптар
13. Соода объектинде анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, таандыктыгы (менчик ээси), иштөө режими көрсөтүлгөн көрнөгү болууга тийиш.
Көрүнүктүү жерге төмөнкүдөй маалыматтар илинүүгө тийиш:
- ушул соода объектини ачкан соода ишинин субъектинин аталышы;
- контролдук-кассалык чекти талап кылуунун жана аны сатып алуучуга көрүнүктүү жерге жайгаштыруунун зарылдыгы жөнүндө маалымат.
14. Соода объекттеринде белгиленген иш режими жана товардык профили сакталууга тийиш.
15. Соода ишинин субъектинин иш режими базарлардын иш режиминде белгиленет.
16. Соода объектинин кызматкерлеринин жеке буюмдары соода жайларынан алыс, ушул максат үчүн арналган жерлерде сакталууга тийиш.
17. Соода ишинин субъекти сатылуучу товарларга карата электрондук эсеп-фактураларга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарга ээ болууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Азык-түлүк товарларын жана тамак-аш продукттарын саткан соода ишинин субъекттери көрсөтүлгөн товарлардын коопсуздугун ырастоочу тиешелүү документтерге ээ болууга милдеттүү.
19. Базарлардын аймагында соода операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен акчалай эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ККМди милдеттүү колдонуу менен жүргүзүлөт.
20. Мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга накталай эмес эсептешүү боюнча товарларды сатуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
21. Соода ишинин субъекттери өз ишинин профилин жана адистешүүсүн эске алуу менен ушул главада белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.
22. Товарларды жөнөтүүчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук эсеп-фактураларды, электрондук-товардын транспорттук коштомо кагаздарын жазып берүүгө милдеттүү.
Реестрге киргизилген базарларда иш жүргүзгөн соода ишинин субъекти сатылып жаткан бардык товарларга электрондук эсеп-фактураларына жана электрондук товардык транспорттук коштомо кагаздарына ээ болууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Товардын (продукциянын) бааларындагы, ярлыктарындагы акчалай милдеттенме жана көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскуранттары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулууга тийиш.
24. Соода ишинин субъекттери ушул талаптарда каралган шарттарды сактабаган учурда салык кызматынын органынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча базардын дирекциясы 10 жумуш күндүн ичинде соода ишинин субъекти менен ижара келишимин бир тараптуу тартипте бузат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Соода объектини күтүүгө жана анын кызматкерлерине талаптар
25. Соода ишинин субъекти салык кызматынын органынын кызматкерлерине соода ишин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу бардык жайларга анын ишин текшерүү жана аныкталган кемчиликтерди четтетүүнү камсыз кылуу максатында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Сатууга тыюу салынат:
1) автордук жана (же) чектеш укуктарды бузуу менен же бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз пайдалануу менен жасалган интеллектуалдык менчиктин объекттерин камтыган товарлар;
2) жүгүртүүдөн алынган товарлар;
3) сапаты талаптагыдай эмес, коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик документтерге ылайык келбеген товарлар;
4) жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарлар;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сатууга тыюу салынган башка товарлар.
27. Сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар базардын аймагында бул үчүн атайын жабдылган кампаларда, зарыл болгон учурда муздатуучу жабдуулар бар кампаларда сакталууга тийиш.
28. Сатуучу товардын аталышын, товардын узундугу, аянты, көлөмү, таза массасы же бирдиги үчүн бааны көрсөтүү менен сатылып жаткан товарларга так таризделген баа белгилеринин болушун камсыз кылат.
29. Товарлардын баалары соода ишинин субъекттери тарабынан өз алдынча аныкталат.
6-глава. Базарлардын жана кичи базарлардын дирекциясына талаптар
30. Базарлардын жана кичи базарлардын дирекциясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соода ишинин субъекти өзүнүн ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу салыктык каттоосу болгон учурда калкка кызмат көрсөтүү үчүн айыл чарба продукциясын, тамак-аш продукттарын, азык-түлүк эмес товарларды сатуу жана/же сактоо үчүн соода ишинин субъекттерине жайларды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
2) салык кызматынын органынын кызматкерин базардын аймагында жайгашкан бардык жайларга тоскоолдуксуз киргизүүгө;
3) ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча контролду жүзөгө ашырууга;
4) соода ишинин субъекттери менен түзүлгөн келишимдер (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү, СИН, келишимдин колдонуу мөөнөтү, берилген соода орду (контейнер, павильон ж.б.) үчүн ижара акысынын суммасы жана аларга киргизилген өзгөртүлөр жана/же толуктоолор, ижарачылар жана ижарага берүүчүлөр колдонгон контролдук-кассалык машиналардын болушу жана жоктугу, ошондой эле номерленген, белгилүү бир шифр менен белгиленген соода орундарынын жайгашуу схемасы, лицензия жөнүндө маалыматтарды, эгерде мындайлар бар болсо, көрсөтүү менен ижарачылардын реестрин жүргүзүүгө Көрсөтүлгөн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын суроо-талабы боюнча берүүгө;
5) соода ишинин субъекти менен базардын дирекциясынын ортосундагы ижара келишиминде милдеттүү түрдө салык кызматынын органынын талабы боюнча ижара келишимин бузуу жөнүндө пункт болууга тийиш;
6) салык кызматынын органынын талабы боюнча 3 жумуш күндүн ичинде базардын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн ар бир ишкердик субъект боюнча маалымат берүүгө;
7) базар жайгашкан жер боюнча салык органына тиркемеге ылайык маалыматтарды ай сайын берип турууга;
8) базардын аймагын көрктөндүрүүгө жана тосууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Ушул Жобонун талаптарынын сакталышын контролдоо
31. Талаптардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органдары, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз компетенцияларынын чегинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Талаптарды сактабаган соода ишинин субъекттери жана адамдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик