Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу, табигый-илимий, математикалык, техникалык багыттардагы предметтер боюнча жана маалыматтык технологиялар, профилдик билим берүү, жогорку деңгээлдеги кадрларды кошумча кесипке чейинки даярдоо чөйрөсүндө инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Атайын интернаттарда жана мектептерде, "Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн | 220 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2.1-пункт менен толукталсын:
"2.1. "Акылман" президенттик лицейинин административдик-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналынын штаттык саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет деп белгиленсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. "Акылман" президенттик лицейинин мугалиминин ставкасына эселөө коэффициенти тиешелүү билими бар мугалимдин ставкасына эселөө коэффициентинен 400%га жогору белгиленет, бул эреже дептерлерди текшерүүгө да жайылтылат.";
2) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. "Акылман" президенттик лицейинин директорунун, директорунун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти жалпы билим берүү уюмдарынын директорунун, директорунун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 400%га жогору белгиленет.";
3) жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Ушул тиркеменин 6-20-пункттарында аталган "Акылман" президенттик лицейинин кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти жалпы билим берүү уюмдарынын тиешелүү кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 400%га жогору белгиленет.";
4) жогоруда аталган токтомдун 19-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. "Акылман" президенттик лицейинин техникалык тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти ушул тиркемеде аныкталган тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициентинен 400%га жогору белгиленет.";
5) жогоруда аталган токтомдун 20-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. "Акылман" президенттик лицейинин кенже тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти ушул тиркемеде аныкталган тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициентинен 400%га жогору белгиленет.".
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Акылман" президенттик лицейинин окуучуларын жана мугалимдерин форма кийими менен камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу, табигый-илимий, математикалык, техникалык багыттардагы предметтер боюнча жана маалыматтык технологиялар, профилдик билим берүү, жогорку деңгээлдеги кадрларды кошумча кесипке чейинки даярдоо чөйрөсүндө инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Атайын интернаттарда жана мектептерде, "Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн | 220 |
".
2.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)