Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 508
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы № 136 "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы № 136 "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле мектепте акысыз билим алууда окуп жаткандар үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга тыюу салынсын.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте 2023-жылда мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоого, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга чыгымдарды ченемдик каржылоо боюнча жүз пайыз жабуу үчүн республикалык бюджеттен 557158000 (беш жүз элүү жети миллион бир жүз элүү сегиз миң) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлсүн;
2) мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоого, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга чыгымдарды ченемдик каржылоо боюнча жүз пайыз жабуу үчүн акча каражаттарын республикалык бюджеттен жыл сайын милдеттүү тартипте бөлүүнү карасын;
3) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына оңдоого, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен жыл сайын бөлүүнү милдеттүү тартипте камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У.Жапаров |