Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 503 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Маммүлк) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлеринин иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыздоо максатында түзүлөт.
2. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүү тартиби
2. Өнүктүрүү фондунун каражаттары Маммүлктүн эмгек акы төлөө фондунан 35 пайызга чейинки өлчөмдө республикалык бюджеттен каржылоонун жана акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддердин каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
Өнүктүрүү фондуна каражаттарды которуу үчүн Маммүлк белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында бюджеттик каражаттар боюнча учурдагы эсепти ачат.
3. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Өнүктүрүү фондунун каражаттары Маммүлктүн кызматкерлерин материалдык-тиричиликтик камсыздоого жана социалдык коргоого байланышкан чыгымдарды каржылоого пайдаланылат, анын ичинде:
- кызматтык милдеттерин аткарууда майып болгон кызматкерлерге же каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
- Маммүлктүн директорунун тиешелүү буйругунун негизинде кызматкерлерге, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү төлөмдөргө;
- иш берүүчүнүн жана Маммүлктүн кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, башка милдеттерди аткарууга;
- кенже жана техникалык тейлөөчү персонал үчүн тамак-аш жана транспорттук чыгымдардын компенсациялык суммаларын төлөөгө;
- Маммүлктүн кызматкерлерине, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга, Маммүлктүн жетекчилиги аныктаган өлчөмдө айыл чарба продукттарын даярдоо мезгилинде аларды сатып алууга бир жолку материалдык жардам бөлүүгө;
- Маммүлктүн кызматкерлерине, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга, Маммүлктүн жетекчилиги аныктаган өлчөмдө жылытуу мезгилинде көмүр сатып алууга бир жолку материалдык жардам бөлүүгө;
- консалтинг, баалоо, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар, ошондой эле эксперттер жана адистер көрсөтүүчү кызматтарды төлөөгө;
- компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди, комплекттөөчүлөрдү сатып алууга, аларды оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду түзүү боюнча илимий-изилдөө жумуштарына төлөөгө;
- социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул Жобонун 3-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарында каралган төлөөлөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө эске алынбайт;
- кенже жана техникалык тейлөө персоналы үчүн тамак-аш жана транспорттук чыгымдардын компенсациялык суммалары иш жүзүндө иштеген мезгили үчүн төлөнөт (өргүү күндөрүндөгү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрүндөгү, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү жумуштарды кошпогондо).
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби
5. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын чыгымдоо бекитилген чыгымдар сметасына жана ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
6. Өнүктүрүү фонддун каражаттарын пайдалануу үчүн тескөөчү жана жооптуу адам болуп Маммүлктүн директору саналат.
7. Маммүлктүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү тиешелүү түзүмүнүн бөлүмү белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык дайындоолорго ылайык Өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүүнүн (түшүүнүн), бөлүштүрүүнүн эсебин, каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн контролду жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өнүктүрүү фондунун тескөөчүсүнө көрсөтүлгөн каражаттар боюнча отчетторду берет.
8. Маммүлктүн каражаттарын пайдалануунун конкреттүү багыттары жана өлчөмдөрү Маммүлктүн директору тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ