Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-сентябры № 499
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участокторун, турак эмес жайларды, өндүрүш объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын аймагында тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, социалдык объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 31-майындагы N 6 жана 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 8 токтомдорун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөнкү жер участокторун, турак эмес жайларды, өндүрүш объектин тиешелүү жер участоктору менен өткөрүп берсин:
1) Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсү, 61 дарегинде жайгашкан аянты 1489,7 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1813);
2) Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсү, 51б дарегинде жайгашкан аянты 1460 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1811);
3) Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсү, 61а дарегинде жайгашкан аянты 5078,3 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1810);
4) Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан аянты 600 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1803-01);
5) Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан аянты 4499 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1808);
6) Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, 6а дарегинде жайгашкан аянты 600 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1812);
7) Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, 6б дарегинде жайгашкан аянты 552,8 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1809);
8) Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү, 42 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды аянты 1680 кв.м тиешелүү жер участогу менен (идентификациялык номери 3-10-02-0005-1636);
9) Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү, 117ж, 10-квартал дарегинде жайгашкан аянты 2200,0 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-040004-1354);
10) Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү, 176ж, 10-квартал дарегинде жайгашкан аянты 1800,0 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-040004-1353);
11) Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү, 278ж 10-квартал дарегинде жайгашкан аянты 427,0 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1875);
12) Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү, номерсиз, 10-квартал дарегинде жайгашкан аянты 817,0 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1825);
13) Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсү, 3-3, 7-үй дарегинде жайгашкан аянты 22,0 кв. м. жер участогун (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1882);
14) Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсү, 3-3, 9-үй дарегинде жайгашкан аянты 1193 кв.м жер участогун (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1829);
15) Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсү, 3-5, 2-үй дарегинде жайгашкан жалпы аянты 325,7 кв.м турак эмес жайды аянты 498,6 кв.м тиешелүү жер участогу менен (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1363);
16) Жалал-Абад шаарынын Промзона көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан "асфальтбетон заводу жана майдалоочу цех" өндүрүштүк объектин аянты 58500 кв.м тиешелүү жер участогу менен (идентификациялык номери 3-10-01-0022-1606);
17) Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсү, 82а дарегинде жайгашкан спорт залды аянты 2307,5 кв.м тиешелүү жер участогу менен (идентификациялык номери 3-10-01-0022-0803).
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын:
- белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун, турак эмес жайларды, өндүрүш объектин тиешелүү жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аларды мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- жер участокторун, турак эмес жайларды жана өндүрүш объектин максаттуу багыты боюнча так пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) санына жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |