Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 463
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине административдик имаратты өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттин менчигинде турган колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 506-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Саманчин көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттин менчигинде турган, идентификациялык коду: 1-04-10-0030-0135 административдик имаратты (мындан ары - имарат) аянты 0,9889 га тиешелүү жер участогу менен 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1-03-01-0001-0288 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" мекемеси менен "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти" мекемесинин ортосунда түзүлгөн, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын каттоочусу Д.О.Ибраева тарабынан күбөлөндүрүлгөн алмашуу келишиминин 5-пунктуна ылайык 83 118 000 (сексен үч миллион бир жүз он сегиз миң) сом өлчөмүндө алмашылуучу объекттердин баланстык нарктарынын пайда болгон айырмасынын ордун толтуруу эсебине муниципалдык жалпы билим берүү мектебин жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн административдик имаратты тиешелүү жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзсүн.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- муниципалдык жалпы билим берүү мектебин уюштуруу үчүн зарыл иштерди жүргүзүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |