Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 518
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Полиметалл рудаларын казып алуу, байытуу процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын жана кен казуу өнөр жайынын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана экинчи жолу кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) Ишкананын карамагында турган калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу жана белгиленген коопсуздук талаптарын сактоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-7-пунктчалар менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен заманбап технологияларды колдонуу аркылуу кендерди иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайларды, анын ичинде радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды экинчи жолу кайра иштетүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу;
4) Ишкананын карамагында же балансында турган калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын коопсуз күтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
5) Ишкананын карамагында же балансында турган калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштеринин жылдык пландарын түзүү жана ишке ашыруу;
6) Ишкананын карамагында же балансында турган калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында реабилитациялык жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин аткарылышына өндүрүштүк-техникалык мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын карамагында же балансында турган калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) Ишкананын карамагында же балансында турган калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын күтүү жаатында:
- калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарына мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө боюнча илимий-изилдөө, долбоордук-издөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын иштеп чыгуу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө чөйрөсүндө радиациялык коопсуздук боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу (жөнгө салуучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча);
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышуу;
- калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында илимий-изилдөө, долбоордук-издөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын эсепке алууну жүргүзүү, коопсуздукту баалоо жана паспорттоштуруу;
- жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Ишкананын ишинин маселелери боюнча маалыматтарды берүү;
- жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик бийлик органдарына Ишкананын карамагында турган калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарындагы радиациялык кырдаал жөнүндө маалымдоо;
- Ишкананын карамагында турган калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда аларды жоюу жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүү;
- радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жана кадрдык потенциалды камсыз кылуу.";
- 17-пунктта:
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө. Берилген жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруунун алкагында инвестор (инвесторлор) менен биргелешкен иш жүргүзүү үчүн юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимдерин түзүүгө, ошондой эле жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык пайда, чийки зат же даяр продукция алууга;";
төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15-пунктчалар менен толукталсын:
"14) жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо фондун түзүүгө;
15) логистикалык борборлорду курууну жүзөгө ашырууга.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 83 (3531) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |