Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 547
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндөгү алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү, жээктерди бекемдөө иштеринин жана башка иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү жана жээктерди бекемдөө иштерин, ошондой эле гидрокурулмаларды жана башка объекттерди куруу боюнча иштерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 68 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 84 (3533) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |