Сравнение редакций…
4-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна) |
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн жана маалымат алмашуунун тартибин белгилейт.
2. Ушул жобонун колдонулушу милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган төмөнкү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана камсыздандыруу пулунун катышуучусу болуп саналган камсыздандыруу уюмдары (мындан ары - Камсыздандыруучу);
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финкөзөмөл);
- жарандык коргонуу, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ӨКМ);
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча комиссияга (мындан ары - Жарандык коргонуу боюнча комиссия);
- шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамкурулуш);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - "Кадастр" ММ);
- социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Социалдык коргоо);
- көз карандысыз экспертке (мындан ары - Баалоочу).
3. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын негизги милдети болуп милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү жана маалымат менен алмашуу саналат.
2. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
4. Финкөзөмөл:
- милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чектерде милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү маалыматтарды берет;
- камсыздандыруучунун маалымат базасын милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган кызыкдар органдардын маалымат базалары менен интеграциялоону уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде милдеттүү камсыздандыруу боюнча керектүү маалыматтарды сурап алат.
5. ӨКМ:
- камсыздандыруучунун суроо-талабы (арызы) берилген учурдан тартып 10 иш күндүн ичинде өрт болгон факты боюнча тиешелүү корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өз ара аракеттенүүнү камсыздандыруу окуя болгон жерде камсыздандыруучунун өкүлдөрү (же ал ыйгарым укук берген адамдар) менен камсыздандыруу окуясынын себептерин жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча өз ара аракеттенүүнү өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
6. Жарандык коргонуу боюнча комиссия:
- камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин териштирүү боюнча ишти уюштурат;
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) тиешелүү суроо-талабы боюнча камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин текшерүү актысын берет.
7. Мамкурулуш:
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун), Финкөзөмөлдүн суроо-талабы боюнча турак жайлардагы авариялардын жана бузулуулардын себептерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маалыматтарды берет.
8. "Кадастр" ММ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өз компетенциясынын чегинде тиешелүү суроо-талап боюнча камсыздандыруучуга, Мамфинкөзөмөлгө мамлекеттик каттоодон өткөн турак жайлар жөнүндө маалыматтарды берет;
- камсыздандыруучунун суроо-талабы боюнча маалымат берилген учурга карата жарактуу укуктар жана турак жайга болгон чектөөлөр (оорчулуктар) жөнүндө маалыматтарды берет.
9. Социалдык коргоо:
- камсыздандыруучунун суроо-талабы боюнча жалгыз жашаган улгайган жарандын-турак жайдын менчик ээсинин башка бирөөнүн багуусуна муктаждыгын аныктаган аз камсыз болгон үй-бүлө статусун ыйгаруу жөнүндө маалыматтарды (документтерди) берет.
10. Баалоочу берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү суроо-талап боюнча камсыздандыруучуга төмөнкү маалыматтарды берет:
- турак жайлардын бузулушунун өлчөмүн жана даражасын баалоо тууралуу;
- турак жайлардын техникалык абалы боюнча;
- камсыздандыруу окуясынын иш жүзүндөгү жагдайларын баалоо боюнча.
11. Камсыздандыруучу:
- ӨКМдин, Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өкүлдөрү менен биргеликте турак жайлардын бузулуу же жок болуу фактысын аныктоого катышат;
- милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган уюмдардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтарды сурап алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тиешелүү суроо-талап боюнча милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга компетенциясынын чегинде милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат берет;
- компетенциясынын чегинде жарандык коргонуу боюнча комиссиянын, ӨКМдин жана камсыздандыруу окуясы болгон жерге тартылган башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.
3. Өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу системасында документтерди тариздөө тартиби
12. Ушул жободо көрсөтүлгөн тиешелүү маалыматты тариздөө жана алуу үчүн милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, эгерде бул жободо түздөн-түз көрсөтүлбөсө, тиешелүү уюмга суроо-талап менен жазуу жүзүндөгү жана/же электрондук арыз же суроо-талап берүү жолу менен кайрылышат.
13. Милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жооптуу кызматкерлери суралган маалыматты өздөрүнүн компетенциясынын чегинде берет.
14. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен регламенттелбеген учурларда суралуучу маалыматты кагаз жүзүндө берүү келип түшкөн учурдан тартып беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
15. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен регламенттелбеген учурларда суралуучу маалыматты электрондук алып жүрүүчүдө берүү келип түшкөн учурдан тартып эки жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
16. Ушул жобону регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен иш-аракеттер жасалган учурда милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдын жана башка уюмдардын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна) |
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн жана маалымат алмашуунун тартибин белгилейт.
2. Ушул жобонун колдонулушу милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган төмөнкү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана камсыздандыруу пулунун катышуучусу болуп саналган камсыздандыруу уюмдары (мындан ары - Камсыздандыруучу);
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финкөзөмөл);
- жарандык коргонуу, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ӨКМ);
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча комиссияга (мындан ары - Жарандык коргонуу боюнча комиссия);
- шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамкурулуш);
- жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Агенттик);
- социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Социалдык коргоо);
- көз карандысыз экспертке (мындан ары - Баалоочу).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын негизги милдети болуп милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү жана маалымат менен алмашуу саналат.
2. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
4. Финкөзөмөл:
- милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чектерде милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү маалыматтарды берет;
- камсыздандыруучунун маалымат базасын милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган кызыкдар органдардын маалымат базалары менен интеграциялоону уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде милдеттүү камсыздандыруу боюнча керектүү маалыматтарды сурап алат.
5. ӨКМ:
- камсыздандыруучунун суроо-талабы (арызы) берилген учурдан тартып 10 иш күндүн ичинде өрт болгон факты боюнча тиешелүү корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өз ара аракеттенүүнү камсыздандыруу окуя болгон жерде камсыздандыруучунун өкүлдөрү (же ал ыйгарым укук берген адамдар) менен камсыздандыруу окуясынын себептерин жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча өз ара аракеттенүүнү өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
6. Жарандык коргонуу боюнча комиссия:
- камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин териштирүү боюнча ишти уюштурат;
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) тиешелүү суроо-талабы боюнча камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин текшерүү актысын берет.
7. Мамкурулуш:
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун), Финкөзөмөлдүн суроо-талабы боюнча турак жайлардагы авариялардын жана бузулуулардын себептерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маалыматтарды берет.
8. Агенттик: