Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-майы № 237
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле курулуш объекттерин каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 21-пункттагы "10 (он) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "казыналык милдеттенмелердин аяктоо мөөнөтү келгенде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын:
"28-1. Коммерциялык банктар казыналык милдеттенмелерди Мамлекеттик китепке ээсинин укугун өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү жазууларды жүзөгө ашыруу менен сатып алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга жол берилбейт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункттагы "жана буйрук менен бекитет" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттагы "бекитилген" деген сөз алып салынсын;
- 12-пункт "алат" деген сөздөн кийин "жана буйрук менен бекитет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттагы "келип түшкөн" деген сөздөр "бекитилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 17-пункттагы "жана подрядчы" деген сөздөр ", подрядчы жана коммерциялык банктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18, 19-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Мамлекеттик үлүшү 100 пайыз болгон коммерциялык банктарга мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарын жана чектөөлөрүн сактоо менен кредиторлор жана подрядчылар ээлери болгон казыналык милдеттенмелерди номиналдык наркы боюнча экинчи рынокто сатып алуу сунушталат. Ошол эле учурда курулуш объекттерин каржылоого казыналык милдеттенмелердин номиналдык наркына барабар болгон сумма ошол коммерциялык банкта пайыздарды кошуп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өзүнчө депозиттик эсебине жайгаштырылат.
Бул шарттар коммерциялык банктарга да жайылтылат.
19. Коммерциялык банктардын курулуш объекттерин каржылоосу подрядчылар берген, мамлекеттик орган тарабынан кол коюлган жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган салыштыруу актысынын жана № 3 форма боюнча маалымкаттардын негизинде жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. Коммерциялык банктарда өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча финансылык кыйынчылыктар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорго ылайык казыналык милдеттенмелер боюнча өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда төлөйт.";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
2.4-пунктунда "2 (эки) - 3 (үч) жылдын ичинде" деген сөздөр "2 жылдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинде:
1.2-пунктунда "3% (үч пайыздык)" деген сөздөр "13% (он үч пайыздык)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2.5-пункту "чегерилгенден кийин" деген сөздөрдөн кийин ", башкача айтканда казыналык милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү келгенде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк тарабынан каржыланган бирдей сумманы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ