Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 539
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кениндеги "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2022-жылы көмүр казып алуу форс-мажордук жагдай деп таанылсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |