Документке
Мурунку18.10.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 18-октябры № 550

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун регламенттөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- МТББнын компетенциясынын чегинде Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасында түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тиешелүү тизмелерин түзүү жана жүргүзүү.";

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- түзүлүштөрдүн IMEI коддорун Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасынын бир тизмесинен башка тизмесине киргизет жана которот.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден колдонуудагы жана импорттолуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш, алардан ташып киргизилүүчү түзүлүштөр жана импорттоочулар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системаларына берилет.";

- 4-пунктта:

4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) мобилдик байланыш түзүлүшү, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүш (мындан ары - түзүлүш) - электр байланыш тармактарына абоненттик линиялар аркылуу же зымдуу, оптика-булалык жана электрмагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түз же түз эмес кошулган акыркы жабдуу (абоненттик терминал), анын жардамы менен пайдалануучу билдирүүлөрдү кабыл алып, өзгөртүп түзүп же өткөрүп бере алат;";

төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14-пунктчалар менен толукталсын:

"13) MSISDN (Mobile Station Integrated Services Digital Network) - мобилдик тармактык (абоненттик) номер;

14) МИТ субъекттери - Кыргыз Республикасынын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ички иштер органдары, ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, электр байланышынын операторлору, идентификациялоо оператору.";

- 5-пунктта "Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7, 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасындагы маалыматтардын сакталышын, купуялуулугун жана ушул маалыматтарды ИМТ субъекттеринин маалымат системаларына берүүнү камсыз кылат.

8. Кыргыз Республикасына ташып киргизүүчү жана аймагында жайгашкан түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын (мындан ары - түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздар) формаларын идентификациялоо оператору иштеп чыгат жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.";

- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:

"81. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасында каттоодон өтүүгө тийиш болгон ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын тизмесин аныктайт.";

- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Сатуу жана/же башка ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын рыногуна импорттолуучу түзүлүштөр идентификациялоо операторунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Эгерде мобилдик түзүлүштө эки же андан көп SIM-карт слоту, эки же андан көп IMEI коду болсо, ар бир IMEI код катталууга тийиш.

Түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө маалыматтар ИМТнын маалыматтар базасына төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө киргизилет:

- ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык бажы декларациясын берүүнүн алдында, ошондой эле ушул Тартиптин 17-1-пунктунда каралган учурларда ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташып киргизүүдө;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык отчётторун бергенден жана кыйыр салыктарды төлөгөндөн кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 17-1-пунктунда каралган учурларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө.

ИМТда түзүлүштүн IMEI кодун каттоонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берилет.";

- 16, 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Жеке колдонуудан тышкары, сатуу жана/же башка ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызын идентификациялоо оператору 3 (үч) жумуш күндүн ичинде карайт.

Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоо оператору арыз ээсине төмөнкүдөй жооп жөнөтөт:

- каттоого берилген документтерге сын пикирлер жана аларда кемчиликтер жок болсо жана ИМТнын маалыматтар базасына түзүлүштүн окшош идентификациялык коду болбогондо катталгандыгы жөнүндө. Идентификациялоо оператору арыз ээсине катталган түзүлүш жөнүндө электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берет;

- төмөнкүдөй учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен ИМТнын маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" түзүлүштү каттоодон баш тартылганы жөнүндө:

документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;

билдирилген идентификациялык коддор ИМТнын маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык кодду камтыса;

эгер жаңы түзүлүштүн инвойсунда/эсеп-фактурасында көрсөтүлгөн баа GSMA маалыматтарына негизделген өндүрүүчү заводдун баасынан төмөн болсо, түзүлүш катталбайт. Талаптарга жооп берген башка түзүлүштөр катталууга тийиш;

эгер бажы же салык органы ИМТ тутумунда алдын ала каттоону ырастабаса.

Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тартууда, ошондой эле билдирилген идентификациялык код буга чейин ИМТнын маалыматтар базасында болгон учурларда, идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду "Кара тизмеге" киргизет.

Талаш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси маалыматтар базасынын ээсине кайрылууга укуктуу.

17. Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу үчүн ташып киргизилген түзүлүштү каттоого арыз идентификациялоо оператору тарабынан 3 (үч) иш күндүн ичинде каралат.

Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоо оператору арыз ээсине төмөнкүдөй жооп жиберет:

- каттоого берилген документтерге сын пикирлер жана аларда кемчиликтер жок болсо жана идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында түзүлүштүн окшош идентификациялык коду болбогондо ийгиликтүү катталгандыгы жөнүндө. Идентификациялоо оператору арыз ээсине катталган түзүлүш жөнүндө электрондук сертификат берет;

- төмөнкүдөй учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен ИМТнын маалыматтар базасында түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тартылганы жөнүндө:

эгерде документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;

эгерде билдирилген идентификациялык коддор идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык кодду камтыса.

Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тарткан, ошондой эле билдирилген идентификациялык код маалыматтар базасында бар болгон учурларда идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду "Кара тизмеге" киргизет.

Эскертүү: жылына 2ден көп түзүлүш алынып келсе, түзүлүштөрдү каттоо ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.

Талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси маалыматтар базасын кармоочуга кайрылууга укуктуу.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 171 - 173-пункттар менен толукталсын:

"171. Жеке жак Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу үчүн жылына 2ден көп эмес түзүлүштү алып келүүгө укуктуу. Жылына 2ден көп түзүлүштү каттоого төмөнкү учурларда уруксат берилет:

1) үчүнчү өлкөлөрдөн түзүлүштөрдү алып келүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бажы төлөмдөрүн телөө менен мындай түзүлүштөрдү бажылык декларациялоодо;

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден түзүлүштөрдү алып келүүнү жүзөгө ашырууда салык мыйзамдарына ылайык салыктык отчёттуулукту берүүдө жана кыйыр салыктар боюнча төлөөдө.

172. ИМТ маалыматтар базасында билдирилген идентификациялык код жана/же клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык код бар болгондуктан, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген түзүлүштөрдү каттоодон баш тарткан учурларда мындай түзүлүштөр ЕАЭБ бажы аймагынан сырткары кайра ташып чыгарылууга тийиш, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баш тартуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылат.

173. Түзүлүштөрдү каттоого арыз ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилгендиктен, же болбосо ИМТ маалыматтар базасында билдирилген идентификациялык код жана/же клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык код бар болгондуктан, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерден алып келинген түзүлүштөрдү каттоодон баш тарткан учурларда мындай түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары кайра ташып чыгарылууга тийиш.";

- 18-пунктта:

- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- чыгарылган өлкө;";

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- түзүлүштүн абалы (колдонууда болгон, кайра калыбына келтирилген).";

- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 20, 21-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Идентификациялоо оператору GSMA маалыматтарына негизделген өндүрүүчү-заводдун расмий баасын, ошондой эле ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды салык, бажы органдарына берет.

Бажы органдары чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык, ошондой эле ушул Тартиптин 17-1-пунктунда каралган учурларда, ушул Тартиптин 18-пунктуна ылайык берилген документтерди бажы декларациясын тапшырууда импорттоочу берген документтер менен салыштыргандан кийин ички керектөө үчүн товарларды чыгарышат. Мындай салыштыруу билдирилген түзүлүштөрдү идентификациялоо максатында жүргүзүлөт.

Салыштыруудан кийин бажы органынын кызмат адамы ИМТ системасында алдын ала каттоону ырастайт жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды чыгарууну жүзөгө ашырат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү алып келүүдө, анын ичинде ушул Тартиптин 17-1-пунктунун 2-пунктчасында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык импорттоочу салык отчётун берет жана кыйыр салык төлөйт, андан кийин салык органы ИМТда алдын ала каттоону ырастайт.

21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды импорттоодо импорттоочу отчёт бербеген жана кыйыр салык төлөбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлүш каттоого алынбайт.";

- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

"221. Салык жана бажы органдары тарабынан ташылып келген түзүлүштөрдү алдын ала каттоону ырастоо ИМТда салык жана бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.";

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Түзүлүштөрдүн IMEI коддорун каттоону талдоо IMEI коддорун маалыматтар базасынын тиешелүү тизмегине, атап айтканда "Ак тизмеге", "Боз тизмеге" жана "Кара тизмеге" киргизүүдөн турат.

IMEI коддорунун ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесинде болуу мөөнөтү, ошондой эле IMEI коддорун бир тизмеден башка тизмеге которуу улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен аныкталат.

IMEI коддорун бир тизмеден башка тизмеге которуу аларды ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесине киргизген улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.";

- 25-пунктта:

биринчи абзацта "Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Абоненттен түзүлүштү каттоого арыз түшкөндө биринчи активдүүлүк учурунан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде идентификациялоо оператору тарабынан чечим кабыл алынганга чейин абоненттин мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсү чектелбейт.";

- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Түзүлүш жоголгон же уурдалган факты боюнча адамдар ички иштер органдарына кайрылганда, ошондой эле түзүлүш табылганда ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкери түзүлүштүн IMEI кодун ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесине киргизет.";

- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31. Электр байланыш операторлору ИМТ менен байланыш түйүндөрүн интеграциялоону камсыз кылууга жана идентификациялоо операторуна IMEI коддору, мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн пайдалануучуларынын IMSI жана MSISDN, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.";

- 32-пунктта:

7-пунктчада "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 8-10-пунктчалар менен толукталсын:

"8) өз каражаттарынын эсебинен ИМТ сатып алууну, орнотууну камсыз кылууга жана бул тутумду эксплуатациялоого киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө;

9) ИМТ маалыматтар базасынын кармоочусунун адистерин ИМТ колдонуу жана башкаруу боюнча даярдоого жана окутууга;

10) ИМТ субъекттеринин адистерин ИМТ ишке киргизүү жана пайдалануу боюнча окутууга.";

- 33-пункт "изин суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин "жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын;

- 34-35-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"34. Идентификациялоо операторунун идентификациялоо тутумунда пайдалануучулардын маалыматтарынын киберкоопсуздугу жана коргоо боюнча техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

35. Түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактар ИМТ ишке киргизилген учурдан тартып 6 (алты) айдын ичинде сатылууга тийиш түзүлүштөрдү ИМТда каттоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай түзүлүштердү каттоого ырастоочу документтер берилген учурда жол берилет:

- түзүлүштөрдү чекене сатуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү ташып келүүчү жеке жана/же юридикалык жактар үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген түзүлүштөргө бажы декларациясын же товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташылып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арызды берүү зарыл;

- түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик иш жүргүзгөн жеке жана/же юридикалык жактар үчүн андан ары сатууга түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алган учурда түзүлүштөрдү жеткирүүчүлөр тарабынан таризделген электрондук эсеп-фактураны берүү зарыл.

Идентификациялоо оператору алты айдын ичинде мындай түзүлүштөрдү каттоону акысыз негизде жүзөгө ашырат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 36-38-пункттар менен толукталсын:

"36. ИМТ ишке киргизилген учурга чейин электр байланыш операторунун тармагында активдештирилген бардык түзүлүштөр ИМТ ишке киргизилген учурдан тартып алты айдан кечиктирбестен ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" кайтарымсыз негизде автоматтык түрдө киргизилүүгө тийиш.

ИМТ ишке киргизилгендиги тууралуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдан кабарлама алган учурдан тартып алты айдын ичинде электр байланыш оператору электр байланыш операторунун тармактарында мурда активдештирилген жана колдонуудагы бардык түзүлүштөр жөнүндө маалыматтарды ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" киргизүү максатында IMSI жана MSISDN байлоо менен IMEI коддорду чагылдыруу менен түзөт жана ИМТга берет. Электр байланыш операторлору жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө берген, IMSI жана MSISDN пайдаланган байланган түзүлүштөрдүн IMEI коддору дубликацияланган, клондолгон, толук эмес, кайталанган же өзгөртүлгөн IMEI коддорунун болуу факттарына карабастан, ошондой эле IMEI коддордун форматына карабастан ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" киргизилүүгө тийиш.

37. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, "Электр байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын, терроризмге каршы, атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуунун алкагында ИМТ маалыматтар базасын пайдаланат.

38. Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, "Электр байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуунун алкагында ИМТ маалыматтар базасын пайдаланат.".

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августунда № 402 "Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибинде:

6-пункта "ТИСНдин өлчөмү" деген сөздөр "Маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, түзүлүштөрдүн салык салынуучу наркын кошпогондо, ТИСНдин өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункт төмөнкүдөй абзац менен толукталсын:

"Маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, түзүлүштөргө ТИСНдин өлчөмү идентификациялоо оператору тарабынан берилген Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.";

- 14-пунктта "ЕАЭБдин КНС" деген сөздөр "маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, түзүлүштөрдү кошпогондо, товарларга карата ЕАЭБдин КНС" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октября № 85 (3534) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

А.У. Жапаров

Жаңы05.02.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 18-октябры № 550

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)