Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү
жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) карамагында турган мамлекеттик мекеме болуп саналат.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Борбор юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган мөөрү бар. Борбор өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
Уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Центр по развитию и продвижению экспорта "Кыргыз Экспорт" при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики".
7. Борбордун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Кыргыз Экспорт".
8. Борбор обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ болот жана сотто доочу жана жоопкер катары чыга алат.
2. Борбордун максаты
9. Борбордун максаттары продукциянын экспортун илгерилетүү жана өнүктүрүү, товарларды тышкы рынокторго илгерилетүүдө жана өнүктүрүүдө ата мекендик потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Борбордун милдеттери
10. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын продукцияны экспорттоону илгерилетүү бөлүгүндө өнүктүрүү;
- экспортту илгерилетүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсүн жана координациялоону камсыз кылуу.
4. Борбордун функциялары
11. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- продукциянын экспортун илгерилетүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын иштеп чыгууга, ошондой эле пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү максатында аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө катышат;
- экспорттук потенциалды жогорулатуу жана продукциянын экспортун илгерилетүү программаларын ишке ашырат;
- ата мекендик компаниялардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана экспортко продукцияны илгерилетүү маселелери боюнча эл аралык финансылык институттар менен кызматташтыкта акселерациялык программаларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- катталган экспорттоочулар (REX) системасын администрациялоону, ошондой эле аталган системанын маалыматтар базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттоону жүзөгө ашырат;
- өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды аныктоо максатында продукцияны экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү чөйрөсүндө мониторинг жана талдоо жүргүзөт, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуш киргизет;
- экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктары, анын ичинде жаштардын ишкердикке жана экспорт маселелерине кызыгуусуна дем берүү боюнча билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү тууралуу коомчулукка маалымат берет;
- тышкы рынокторду түшүнүүнү жогорулатууга багытталган иштеп жаткан жана иштеп баштаган экспорттоочулар үчүн маркетингдик жана аналитикалык материалдарды даярдайт (рыноктук мүмкүнчүлүктөрдүн серептерин; максаттуу рыноктор боюнча колдонмолорду; экспорт үчүн кызмат көрсөтүүчүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн жана контрагенттердин жыйнактарын; сертификациялоо, дизайн, максаттуу рыноктордогу талаптар жөнүндө маалымат боюнча адистештирилген колдонмолорду кошуп жана чектелбестен);
- потенциалдуу импорттоочулардын типтүү контракттарын укуктук изилдөөнү жана экспорттоочулардын арасында андан ары жайылтуу үчүн финансылык кесепеттерге баа берүүнү жүзөгө ашырат;
- экспорт боюнча адистештирилген порталда (веб-сайтта), ошондой эле социалдык барактарда контентти башкарууну жана башкарууну жүзөгө ашырат;
- ата мекендик продукция жөнүндө чет өлкөлүк импорттоочуларга маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын продукцияларын илгерилетүү маселелери боюнча чет өлкөлүк мекемелердин жана эл аралык бизнес-чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат (максаттуу рыноктордун соода ченемдерин; өкмөттүк бюллетендерди; соода маалымдамаларын; адистештирилген журналдар жана башка маалымат булактарын кошуп жана чектелбестен);
- экспортко багытталган товарлардын тизмесин түзөт, ал Министрликтин чечими менен бекитилет;
- экспорттоочуларга транспорттук чыгымдардын айрым бөлүгүнүн ордун толтурууну республикалык бюджеттен субсидиялайт;
- маркетингдик маалыматка, максаттуу рыноктордо продукцияны сатууну тестирлөөгө, өздүк наркты калькуляциялоого жана баа түзүүгө, ошондой эле технологиялык жакшыртууларга жана башка факторлорго муктаждыктарга негизделген продукцияны экспорттоо боюнча бизнес-пландарды даярдоодо экспорттоочуларга көмөк көрсөтөт;
- ата мекендик ишканалардын (иштеп жаткан жана потенциалдуу экспорттоочулардын, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн) жана чет өлкөлүк импорттоочулардын маалыматтар базаларын системалаштырылган эсепке алууну түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле маалыматтар базасын дайыма жаңылап турат;
- экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланыштуу консультацияларды, кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү, соода миссияларын жана башка уюштуруу, маалыматтык, жарнамалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- продукцияны максаттуу рынокторго чыгаруу үчүн соода көргөзмөлөрүн жана соода миссияларын уюштуруучулук жактан даярдоону камсыз кылат;
- экспорттоочулар менен чет өлкөлүк импорттоочулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- потенциалдуу чет өлкөлүк импорттоочулар, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен аларды экспорттук контракттарды ишке ашырууга тартуу максатында байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу боюнча чараларды көрөт;
- экспорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө экспорттук диагностика жана баалоо жүргүзөт;
- экспорттук саясаттын артыкчылыктарына жараша чет өлкөлүк импорттоочуларга максаттуу издөө жүргүзөт;
- ар кандай номинациялар менен "Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу" туруктуу конкурсун өткөрөт;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товардык белгилерин илгерилетүү боюнча маалыматтык иш-чараларды өткөрөт;
- бул тармактагы адистер менен биргеликте эл аралык маркетплейстерге кирүү шарттары боюнча окутууларды өткөрөт;
- продукцияны даярдоо жана максаттуу рынокторго чыгаруу менен байланышкан маселелер боюнча окутууларды өткөрөт;
- продукцияга талаптар жөнүндө (техникалык талаптар, санитардык-фитосанитардык талаптар, стандарттар ж.б.), эл аралык логистикалык маршруттар жөнүндө (өткөрүү пункттарындагы жол-жоболор, эл аралык ташуучулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө баалар, ишенимдүү ташуучу компаниялардын тизмеси, логистикалык каттамдарды бойлото ташуу боюнча тобокелдиктер ж.б.) маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана жайылтууну жүргүзөт;
- экспорттоочуларга маркетингдик жана аналитикалык колдоону даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултат жана иштеп чыгат (рыноктордун жана өлкөлөрдүн баяндамалары; сатып алуу жүрүм-турумунун серептери; максаттуу рыноктордогу тармактык серептер; максаттуу рыноктордогу экспорттун, импорттун, ички өндүрүштүн тышкы соода статистикасы; рыноктор боюнча статистика - рыноктун сыйымдуулугу, атаандаш компаниялардын үлүшү; экспорт рынокторун изилдөө менен чектелбестен);
- чет өлкөлөрдүн потенциалдуу импорттоочуларын жана башка кызыкдар тараптардын арасында экспорттоочулар жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукция жөнүндө маалыматты жайылтат;
- импорттоочу тараптын компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча чыгарылган жери жөнүндө декларацияда/арызда көрсөтүлгөн товарлардын чыккан жерине шайкештигин верификациялоону, анын ичинде жеринде текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- максаттуу рыноктордо эл аралык жана мамлекеттик тендерлердин рынокторуна кирүү боюнча шарттарды изилдөө менен алектенет.
5. Борбордун укуктары
12. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- продукциянын экспортун өнүктүрүү жана илгерилетүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- экспорттук стимулдарды, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- экспорттук ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары боюнча каржылоо, кредиттөө, гарантияларды жана кепилдиктерди берүү үчүн кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды келишимдик негизде белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек макулдашууларынын, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн жеке жана юридикалык жактарды тартууга;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана берүүгө;
- кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында катышуу үчүн иш сапарларга жиберүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, анын ичинде Борбордун каражаттарынын эсебинен окутууну жүзөгө ашырууга;
- материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
13. Борбор өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
6. Борбордун ишин уюштуруу
14. Борбордун ишине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин сунушу боюнча Кыргыз' Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетекчилик кылат.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине отчет берет.
15. Борбордо директордун орун басарынын кызмат орду каралат, аны Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Борбордун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
17. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт.
18. Борбордун директору:
- Борбордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары жана уюмдары, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде ыйгарым укуктарынын чегинде Борбордун атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Борбордун штаттык расписаниесин жана түзүмүн Министрликке бекитүүгө берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Борбордун кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Борбордун кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт, кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Борбордун аткарган иштери жөнүндө отчетту квартал сайын Министрликке берет;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматтык нускамалары жана кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Борбордун жылдык иш планын бекитет;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипте Борбордун мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Борбордун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Финансылык жана чарбалык иши
19. Борбор өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- мамлекеттин менчигинде турган, ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктү;
- финансылык каражаттар, мүлк жана башка объекттер, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продукттары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
20. Борбордун ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Корутунду жоболор
21. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же сот органдарынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
22. Борбор кайра уюштурулганда же жоюлганда бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
23. Борбордун иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.