Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-октябры № 565
Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган катализаторлорду; ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы башкысы баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу иштетилген катализаторлордо камтылган палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |