Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-октябры № 562
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттердин жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүсүнүн шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер көмүр кен казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык конкурс өткөрбөстөн, башкача айтканда түздөн-түз келишим түзүү менен инвестор (инвесторлор) ишкердик оң абройго, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болгон шартта биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.";
- 10-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын өлчөмү 30%га чейин белгилениши мүмкүн болгон көмүрдү жер астындагы ыкма менен иштетүү учурларын кошпогондо, күйүүчү пайдалуу кендерге: көмүргө, мунайга, жаратылыш газына, күйүүчү сланецке 40%га чейин белгилениши мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |