Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 538
Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнүн маселелери жөнүндө
Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнүн аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 89 "Жер участокторун алмашууга макулдук берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин "Элита" республикалык асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган 22 га жер участогу (жайыт) (идентификациялык номери: 7-01-14-0028-0049) Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнүн аймагын кеңейтүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Башка жерлерге" которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу которулгандан (трансформациялангандан) кийин бул жер участогуна менчик укугун Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнүн пландалган жер участогуна чейин Чоң-Арык - "Ала-Арча" жаратылыш паркы автомобиль жолун долбоорлоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырсын;
- автомобиль жолун капиталдык оңдоо аяктагандан кийин аны Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.
4. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун андан ары эксплуатациялоо жана күтүү үчүн баланска кабыл алуу;
- Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүн жана автомобиль жолун абаттоо, күтүү, андан ары тейлөө.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |