Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 513
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, отун-энергетикалык комплексинин ишкердик субъекттеринин аталыштарын шайкеш келтирүү, отун-энергетикалык комплексинин ишкердик субъекттеринин монополияга каршы мыйзамдардын, лицензиялоо шарттарынын, бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгынын сакталышы бөлүгүндөгү ишинин тобокелдик даражасын объективдүү баалоо максатында, «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоо критерийлеринде:
- 12-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12-глава. Отун-энергетикалык комплексинин субъекттери тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын, лицензиялоо шарттарынын, бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгынын сакталышы чөйрөсүндөгү тобокелдик даражасын баалоо критерийлери
54. Отун-энергетикалык комплексинин субъекттери тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын, лицензиялоо шарттарынын, бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгынын сакталышы чөйрөсүндөгү тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
№ | Критерийдин аталышы | Тобокелдик факторлору | Балл |
1 | Атаандаш рыноктун абалы | Табигый монополисттер (электр энергиясын, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү, сатуу) | 25 |
Табигый монополисттердин реестрине киргизилбеген жана электр энергиясын сатууда акыркы тарифке үстөгү бар лицензиаттар | 15 | ||
Башка лицензиаттар | 5 | ||
2 | Субъекттердин кирешелүүлүгү | Жылына 100,0 млн. сом жана андан жогору | 25 |
Жылына 10,0 млн. сомдон 100,0 млн. сомго чейин | 15 | ||
Жылына 10,0 млн. сомго чейин | 5 | ||
3 | Мамлекет жөнгө салуучу баалар (тарифтер) | Мамлекет тарабынан дайыма жөнгө салынуучулар | 15 |
Мамлекет тарабынан убактылуу жөнгө салынуучулар (лицензия жана тарифтер колдонулган убакта мезгил-мезгил менен) | 10 | ||
Мамлекеттик жөнгө салуу талап кылынбайт (жеке муктаждыктарга электр энергиясын керектөө, тарифтик жөнгө салуу талап кылынбайт) | 5 | ||
4 | Кызматтарды көрсөтүүчүнү тандоодо керектөөчүнүн мүмкүндүгү (бул учурда электр линияларын, жылуулук трассаларын, газ түтүктөрүн запиткага карата тандоо) | Тандоо мүмкүндүгү жок | 15 |
Анча эмес тандоо (спецификалык жана технологиялык шарттарга байланыштуу) | 10 | ||
Тандоо чектелген эмес | 5 | ||
5 | Керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, шарттарына (электр-жылуулук энергиясы, газ) карата даттанууларынын жана арыздарынын болушу | Системалуу даттануулар | 10 |
Жылына 1-2 даттануудан ашык эмес | 5 | ||
Даттануулар жок | 0 | ||
6 | Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген каражаттардан чыгымдардын сметасын ашыруу | 10%га жана андан көп ашыруу | 10 |
5%га жана андан көп ашыруу | 5 | ||
Ашыруу жок | 0 | ||
7 | Алынган лицензияларга байланыштуу ыйгарым укуктуу органга иши жөнүндө отчетту, маалыматты, кабарлоолорду берүү | Бербейт | 10 |
Берет, бирок белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен же бузуулар менен (анык эмес маалымат) | 5 | ||
Дайыма берет | 0 | ||
8 | Ченемден тышкаркы жоготуулардын болушу | 10%дан ашык | 15 |
1%дан 10%га чейин | 10 | ||
Ченемден тышкаркы жоготуулардын болбошу | 0 |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 80 (3529) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |