Сравнение редакций…
Тиркеме 1
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы N 654 токтому менен бекитилген |
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет (мындан ары - Комитет) аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду (мындан ары - баңги заттар) мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча координациялоо жана оптималдаштыруу үчүн өз ишин коомдук негиздерде жүзөгө ашырууга чакырылган координациялык кеңешчи орган болуп эсептелет.
2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - КР ИИМ) Комитеттин ишин аткаруучу, отурумдарды уюштуруу жана аларды өткөрүүнү камсыздоочу орган болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Комитеттин негизги милдеттери
4. Комитеттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жана профилактикалоо, ошондой эле бул тармактагы максаттык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттин ченемдик укуктарынын негизин өркүндөтүү;
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жагында эл аралык кызматташтыкка, анын ичинде Кыргыз Республикасынын келишимдеринин долбоорлорун даярдоого катышуу;
- башка баңги заттар боюнча мыйзамдардан чыккан маселелерди чечүү.
III. Функциялары
5. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык комитет төмөнкү функцияларды аткарат:
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет үчүн мамлекеттик органдардын жалпы координациясын иш жүзүнө ашырат, ошондой эле алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы маселелер боюнча кызыкчылыкты билдирген министрликтер менен жана мекемелер менен шериктештикти өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык, регионалдык бирге иштөөчүлүк боюнча иш чараларды алат;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы маселелер боюнча сунуштарды, стратегиялык пландар долбоорлорун карап чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет талаасында мамлекеттик саясатты түзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды, ошондой эле Комитеттин ишмердүүлүгү боюнча жылдык баяндамаларын даярдайт;
- Комитеттин регионалдык бөлүктөрүнүн ишин жетектөөнү жана контролдоону жүргүзөт;
- иштин планын бекитет жана техникалык бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун угат;
- программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн байкайт жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана баңгиликтин таралышына каршы аракет боюнча жасалган иш чаралардын натыйжалуулугуна баа берет;
- баңги заттарына каршы айкын иш чараларды аткаруу үчүн зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык мекемелердин, ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан бирикмелердин жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого карама каршы келбеген Комитеттин негизги милдеттер жана функциялар алкагындагы башка иш аракеттерди аткарат.
IV. Комитеттин укуктары
6. Өз функцияларын аткаруу үчүн Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын уюштуруу, координациялык, өркүндөтүү жана натыйжалуулук иштерин баалоо боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле ушул чечимдерди аткаруу боюнча контролдоо жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган маселелер боюнча мыйзам менен белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
- Комитеттин кароосуна киргизилген, убактылуу же туруктуу негизинде, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча маселелерди изилдөө, даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Комитеттин регионалдык бөлүктөрүн(*), ведомстволор аралык жумушчу топторун жана техникалык секторлорун түзүүгө;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине катышуу үчүн, белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттерди жана кеңешчилерди тартууга жана ушул топтордун (кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдардын сунуштарына ылайык) тизмесин, милдетин жана иш тартибин аныктоого;
- зарыл болгон учурда Комитеттин тизмесине кирбеген кызыкчылыгын билдирген мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышкан кеңейтилген кеңешмелерди жүргүзүүгө, ошондой эле тажрыйбалар жана керектүү маалыматтар менен алмашуу максатында ведомстволор аралык атайын семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
- кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун уюштуруу, ошол эле убакта Комитеттин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды, белгиленген тартипте суратып алууга жана ушул органдардын, бирикмелердин жана уюмдардын (жетекчилердин макулдашуусу менен) кызматкерлерин Комитеттин ишине чакырууга;
- Комитеттин мүчөлөрүнөн жана Комитеттин регионалдык бөлүктөрүнөн баңги заттарына каршы жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча, ошондой эле республикалык бюджет жана эл аралык донордук уюмдардын долбоорлорунун эсебинен чыккан каражаттарды өздөштүрүү боюнча каржылык отчет маалыматтарын сурап алууга;
- өзүнүн кеңешмелеринде Комитеттин регионалдык бөлүктөрү, ведомстволор аралык жумушчу тобу жана техникалык секторлордун өкүлдөрүнүн баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча маселелер тууралуу маалыматтарды угууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана баңгиликтин таралышына каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды жана алар тарабынан баңги заттарына каршы алынган иш чаралар жөнүндө отчетторду угуу;
- баңги заттарды жүгүртүү аймагында укук бузуу боюнча күнөөлүү кызмат адамдарын администрациялык жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, зарыл болсо, укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү аймагында кылмыш жасаган кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча материалдарды жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарына каршы иш чараларды иш жүзүнө ашырбаган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу маселелерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кароосуна киргизүүгө.
V. Комитеттин түзүлүшү жана ишин уюштуруу
7. Комитеттин бардык мүчөлөрү өз иштерин акысыз жүргүзүшөт.
8. Комитеттин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
9. Комитет төрагасы Кыргыз Республикасынын күч органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр болуп эсептелет. Комитеттин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Комитеттин кеңешмесинде мүчөлөрдүн катышуусу милдеттүү. Кеңешмедеги маселелерди талкуулоодо Комитеттин мүчөлөрү тең укуктарга ээ.
Комитеттин мүчөлөрү башка адамдарга өз укуктарын ыйгара алышпайт. Эгер Комитет мүчөсүнүн кеңешмеге катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, бир күн мурдараак Комитеттин төрагасына же анын орун басарына билдирет. Зарыл болсо, келе жаткан күндөгү маселелер боюнча өз ой пикирин Комитеттин төрагасына же анын орун басарына кат аркылуу жөнөтөт.
Комитеттин мүчөсү болуп эсептелген мамлекеттик органдын жетекчисинин милдетин аткарган адам же бөлөк кызматтагы адамдын кеңешчи добушуна ээ укугу менен Комитеттин кеңешмесине катышат.
11. Комитет өз ишин төрага менен бекитилген регламентке ылайык пландын негизинде аткарат.
Комитеттин кеңешмелери иш планына ылайык, жылда экиден кем эмес өткөрүлөт жана Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес саны катышкан болсо укуктуу болуп саналат.
Кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдардын демилгесине жана Комитеттин төрагасы же анын орун басарынын чечимине ылайык кезексиз Кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн.
Комитеттин кеңешмелерин төрага өткөрөт, ал жок учурда - Комитеттин төрагасынын орун басары өткөрөт.
12. Комитеттин чечими Комитеттин кеңешмесине катышкан мүчөлөрдүн сандык көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Эгер Комитеттин мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калса, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комитеттин жыйынында кабыл алынган чечимдер Комитеттин кеңешмесинин төрагасы же кеңешмени жетектеген төраганын орунбасары жана Комитеттин жооптуу катчысы кол койгон протокол менен таризделет.
Жооптуу катчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунуштамасы боюнча комитеттин төрагасынын чечими менен КР ИИМдин кызматкерлеринин жана кызматчыларынын арасынан дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Чечимдерди карап жана кабыл алып жаткан учурда мүчөлөрдүн өзгөчө ой-пикирлери милдеттүү түрдө протоколго киргизилип, Комитеттин мүчөлөрүнө өзүнчө документ менен сунушталат.
Комитеттин кеңешмелериндеги Протоколдордун көчүрмөлөрү (протоколдон жаздырып алуулар) он күндүн ичинде Комитеттин мүчөлөрүнө жана кызыкчылыгын билдирген органдардын, зарыл болсо, массалык маалымат каражаттарынын дарегине жөнөтүлөт.
14. Комитеттин компетенциясына ылайык кабыл алынган чечимдер Комитетте көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын аткаруусуна милдеттүү болуп эсептелет.
Комитеттин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана тапшырмаларынын долбоорлору даярдалат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом жана буйрук долбоорлору кароого белгиленген тартипте киргизилет.
Комитетке караштуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан кеңешмелерде аталган долбоорлор каралып кабыл алынса, долбоорлорду белгиленген тартипте киргизүүдө аталган органдар менен макулдашууга киргизилбейт.
Комитетке кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Комитеттин чечимдерин ишке ашыруу үчүн актыларды (биргелешкен актыларды) кабыл алат.
15. Комитеттин ишкердигин Кыргыз Республикасынын ИИМи камсыздайт, ал:
- Комитеттин кеңешмелерин даярдоону уюштурат;
- Комитеттин иш планынын, кеңешмелердин күн тартибинин долбоорлорун даярдалышын камсыздайт, кеңешмелерге материалдарды жана Комитеттин чечимдерин даярдоону уюштурат;
- Комитеттин мүчөлөрүнө Комитеттин кеңешмесинин өткөрүү күнү, өтүүчү жайы жана убакыты, Комитеттин кеңешмесинин күн тартибине киргизилген маселелер боюнча, Комитеттин кеңешмеси өтүүчү күндөн беш күн эртерээк мөөнөттө маалымат берет;
- Комитетке ылайыктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колу коюлган расмий бланкта, кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген күн тартиби боюнча маселелер тууралуу материалдар, Комитеттин кеңешмесин даярдоо үчүн Комитеттин кеңешмеси өтүүчү күндөн 15 иш күнүнө эртерээк жөнөтүлөт.
- Комитеттин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзөт;
- документтерди жол жоболоштурат, Комитеттин иши боюнча суроолор боюнча комитеттин мүчөлөрү, регионалдык комитеттер жана ведомстволор аралык жумушчу топтору менен кат алышууну ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кеңейтилген кеңешмелер жүргүзүлүп жатканда Комитеттин тизмесине кирбеген кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышканы учурда, күн, өтүүчү жай жана убакыт, кеңешмелердин күн тартиби боюнча маалыматтар, Комитеттин төрагасы же анын орун басарынын колу коюлган жазуу түрүндө ылайыктуу кызыкчылыкты билдирген органдарга же уюмдарга жеткирилет.
17. Регионалдык деңгээлде Комитет өз ишин Комитеттин регионалдык өкүлчүлүктөрү аркылуу жүргүзөт, алар Комитеттин төрагасы тарабынан бекитилген регионалдык комитеттер боюнча жобонун негизинде иштешет.
18. Комитеттин түзүмүндө 4 техникалык сектор бар. Техникалык секторлор, Комитеттин төрагасы менен бекитилген Жоболордун негизинде иштейт. Техникалык сектордун адам курамы Комитеттин төрагасы тарабынан бекитилет.
Техникалык секторлор төмөнкү багыттарда иштейт:
- коргоо жана укук коргоо органдарынын сектору - баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүн азайтуу маселелери боюнча;
- саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо сектору - баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсү келтирген зыяндын жана өлүм санын азайтуу маселелери боюнча;
- маалымат, илим жана коммуникациялык сектору - эл арасындагы баңги заттарга суроо-талабын азайтуу маселелери боюнча;
- мониторинг жүргүзүү жана баалоо сектору - мониторинг бирдиктүү тутумун, Кыргыз Республикасында иш жүзүнө ашырылып жаткан программаларды, долбоорлорду жана баңгичиликтин таралышына жол бербөө жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы маселелер боюнча иш чаралардын бирдиктүү мониторинг системасын жаратуу жана өздөштүрүүнү иш жүзүнө ашырат.
Эскертүү: Комитеттин регионалдык бөлүктөрү, объективдүү керектигинен жана ар бир региондордо/райондордо баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө тиешелүү төмөнкү критерийлер болгондо түзүлөт:
- наркотрафиктин өтүүсү;
- өзүнүн сырьелук базасы болсо;
- калк арасында баңгичиликтин өнүгүүсү;
| Тиркеме 1 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген |
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет (мындан ары - Комитет) аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду (мындан ары - баңги заттар) мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча координациялоо жана оптималдаштыруу үчүн өз ишин коомдук негиздерде жүзөгө ашырууга чакырылган координациялык кеңешчи орган болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - КР ИИМ) Комитеттин ишин аткаруучу, отурумдарды уюштуруу жана аларды өткөрүүнү камсыздоочу орган болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Комитеттин негизги милдеттери
4. Комитеттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жана профилактикалоо, ошондой эле бул тармактагы максаттык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттин ченемдик укуктарынын негизин өркүндөтүү;
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жагында эл аралык кызматташтыкка, анын ичинде Кыргыз Республикасынын келишимдеринин долбоорлорун даярдоого катышуу;
- башка баңги заттар боюнча мыйзамдардан чыккан маселелерди чечүү.
III. Функциялары
5. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык комитет төмөнкү функцияларды аткарат:
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет үчүн мамлекеттик органдардын жалпы координациясын иш жүзүнө ашырат, ошондой эле алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы маселелер боюнча кызыкчылыкты билдирген министрликтер менен жана мекемелер менен шериктештикти өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык, регионалдык бирге иштөөчүлүк боюнча иш чараларды алат;
- баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы маселелер боюнча сунуштарды, стратегиялык пландар долбоорлорун карап чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет талаасында мамлекеттик саясатты түзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды, ошондой эле Комитеттин ишмердүүлүгү боюнча жылдык баяндамаларын даярдайт;
- жаңы синтетикалык баңги заттардын, психоактивдүү заттардын, прекурсорлорго жакын жана прекурсорлорду алмаштыруучу заттардын пайда болушу жөнүндө эрте алдын алуунун улуттук механизминин алкагында Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун улуттук тизмесине (тизмегине) киргизүү боюнча сунуштарды карайт;
- Комитеттин регионалдык бөлүктөрүнүн ишин жетектөөнү жана контролдоону жүргүзөт;
- иштин планын бекитет жана техникалык бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун угат;
- программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн байкайт жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана баңгиликтин таралышына каршы аракет боюнча жасалган иш чаралардын натыйжалуулугуна баа берет;
- баңги заттарына каршы айкын иш чараларды аткаруу үчүн зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык мекемелердин, ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан бирикмелердин жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого карама каршы келбеген Комитеттин негизги милдеттер жана функциялар алкагындагы башка иш аракеттерди аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Комитеттин укуктары
6. Өз функцияларын аткаруу үчүн Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын уюштуруу, координациялык, өркүндөтүү жана натыйжалуулук иштерин баалоо боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле ушул чечимдерди аткаруу боюнча контролдоо жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин талап кылган маселелер боюнча мыйзам менен белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
- Комитеттин кароосуна киргизилген, убактылуу же туруктуу негизинде, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча маселелерди изилдөө, даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Комитеттин регионалдык бөлүктөрүн(*), ведомстволор аралык жумушчу топторун жана техникалык секторлорун түзүүгө;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине катышуу үчүн, белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттерди жана кеңешчилерди тартууга жана ушул топтордун (кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдардын сунуштарына ылайык) тизмесин, милдетин жана иш тартибин аныктоого;
- зарыл болгон учурда Комитеттин тизмесине кирбеген кызыкчылыгын билдирген мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышкан кеңейтилген кеңешмелерди жүргүзүүгө, ошондой эле тажрыйбалар жана керектүү маалыматтар менен алмашуу максатында ведомстволор аралык атайын семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
- кызыкчылыкты билдирген мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун уюштуруу, ошол эле убакта Комитеттин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды, белгиленген тартипте суратып алууга жана ушул органдардын, бирикмелердин жана уюмдардын (жетекчилердин макулдашуусу менен) кызматкерлерин Комитеттин ишине чакырууга;
- Комитеттин мүчөлөрүнөн жана Комитеттин регионалдык бөлүктөрүнөн баңги заттарына каршы жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча, ошондой эле республикалык бюджет жана эл аралык донордук уюмдардын долбоорлорунун эсебинен чыккан каражаттарды өздөштүрүү боюнча каржылык отчет маалыматтарын сурап алууга;
- өзүнүн кеңешмелеринде Комитеттин регионалдык бөлүктөрү, ведомстволор аралык жумушчу тобу жана техникалык секторлордун өкүлдөрүнүн баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча маселелер тууралуу маалыматтарды угууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана баңгиликтин таралышына каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды жана алар тарабынан баңги заттарына каршы алынган иш чаралар жөнүндө отчетторду угуу;
- баңги заттарды жүгүртүү аймагында укук бузуу боюнча күнөөлүү кызмат адамдарын дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чараларды көрүүгө зарыл болсо, укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү аймагында кылмыш жасаган кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча материалдарды жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарына каршы иш чараларды иш жүзүнө ашырбаган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кароосуна киргизүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Комитеттин түзүлүшү жана ишин уюштуруу
7. Комитеттин бардык мүчөлөрү өз иштерин акысыз жүргүзүшөт.
8. Комитеттин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комитеттин төрагасы болуп баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары саналат. Комитеттин төрагасынын орун басарлары болуп тейлеген багыттарына жараша Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Комитеттин кеңешмесинде мүчөлөрдүн катышуусу милдеттүү. Кеңешмедеги маселелерди талкуулоодо Комитеттин мүчөлөрү тең укуктарга ээ.
Комитеттин мүчөлөрү башка адамдарга өз укуктарын ыйгара алышпайт. Эгер Комитет мүчөсүнүн кеңешмеге катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, бир күн мурдараак Комитеттин төрагасына же анын орун басарына билдирет. Зарыл болсо, келе жаткан күндөгү маселелер боюнча өз ой пикирин Комитеттин төрагасына же анын орун басарына кат аркылуу жөнөтөт.
Комитеттин мүчөсү болуп эсептелген мамлекеттик органдын жетекчисинин милдетин аткарган адам же бөлөк кызматтагы адамдын кеңешчи добушуна ээ укугу менен Комитеттин кеңешмесине катышат.
11. Комитет өз ишин Комитеттин төрагасы бекиткен регламентке ылайык пландуу негизде жүзөгө ашырат. Комитеттин жыйналыштары анын иш планына ылайык, бирок жылына экиден кем эмес жолу өткөрүлөт жана Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат.
Кызыкдар мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комитеттин төрагасынын же маселенин предметин жүргүзүү тиешелүү болгон орун басарынын чечими боюнча Комитеттин кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.
Комитеттин жыйналыштары Комитеттин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда - жыйналыштын күн тартибине ылайык маселенин предметин жүргүзүү тиешелүү болгон Комитеттин төрагасынын орун басарлары тарабынан өткөрүлөт.
Комитеттин жыйналыштары аралыктан (онлайн) режимде өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Комитеттин чечими Комитеттин кеңешмесине катышкан мүчөлөрдүн сандык көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Эгер Комитеттин мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калса, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комитеттин чечими протокол менен таризделет, ага Комитеттин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган анын орун басарларынын бири жана Комитеттин жооптуу катчысы кол коет.
Жооптуу катчы Комитеттин чечими менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин же жумушчуларынын ичинен дайындалат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 560, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Чечимдерди карап жана кабыл алып жаткан учурда мүчөлөрдүн өзгөчө ой-пикирлери милдеттүү түрдө протоколго киргизилип, Комитеттин мүчөлөрүнө өзүнчө документ менен сунушталат.
Комитеттин кеңешмелериндеги Протоколдордун көчүрмөлөрү (протоколдон жаздырып алуулар) он күндүн ичинде Комитеттин мүчөлөрүнө жана кызыкчылыгын билдирген органдардын, зарыл болсо, массалык маалымат каражаттарынын дарегине жөнөтүлөт.
14. Комитеттин компетенциясына ылайык кабыл алынган чечимдер Комитетте көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын аткаруусуна милдеттүү болуп эсептелет.
Комитеттин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана тапшырмаларынын долбоорлору даярдалат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом жана буйрук долбоорлору кароого белгиленген тартипте киргизилет.