Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 548
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногунда лицензиаттын лицензиялык талаптарды сакташына лицензиялык контролду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
1) 2, 71, 72, 73, 74, 76, 78, 82, 83-пункттарда "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
2) 2, 71, 72, 73, 74, 76, 78, 82, 83-пункттарда "Өкмөтүнө" деген сөз "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 73-пунктта:
- 8-пунктчада "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12, 13-пунктчалар менен толукталсын:
"11) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте отчетторду берүүгө жана маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү;
12) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зайымдарды берүүнүн, зайым берүү боюнча документтерди тариздөөнүн, күрөөнү тариздөөнүн тартибин сактоого милдеттүү;
13) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтарды жана өзүнүн зайымчылары жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде зайым келишимдеринде жана күрөө билеттеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды пайдалануунун тартибин сактоого милдеттүү.";
4) 17-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги 47-54-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47) юридикалык чыгымдар тобокелдигинен камсыздандыруу;
48) коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
49) кредиттерди жаба албай калуу тобокелдигинен камсыздандыруу;
50) күтүүсүз чыгымдар менен байланышкан финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
51) ишкердик тобокелдиктерден камсыз кылуу;
52) башка финансылык чыгымдардан камсыздандыруу;
53) ишке берилгенден кийинки кепилдик милдеттенмелерин камсыздандыруу;
54) ушул пункттун 1-53-пунктчаларында аталбаган мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.";
5) 27-пункттун төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) расмий тилдеги редакциядагы 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Лицензионные требования к деятельности негосударственных пенсионных фондов:
- наличие в собственности или полном хозяйственном ведении основных фондов (средств), помещения, офисной техники и программно-технических средств, обеспечивающих деятельность фонда и его взаимодействие с лицензиаром по доверительному управлению инвестиционными активами;
- соблюдение норм и иных критериев финансовой устойчивости, установленных нормативными правовыми актами Кыргызской Республики для осуществления деятельности негосударственных пенсионных фондов;
- соответствие квалификационным требованиям, предъявляемым к должностным лицам негосударственных пенсионных фондов, установленным нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.";
7) мамлекеттик тилдеги редакциядагы 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өз капиталынын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайыктуулугу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгиленген техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинин талаптарын сактоо боюнча милдеттенмелер;
- кызмат адамдарынын экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- көз карандысыз реестр кармоочунун филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн штатында квалификациялык талаптарга ылайык келген бирден кем эмес адистин болушу;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасын түзгөн электрондук документтердин резервдик көчүрмөлөрүн, реестр кармоочунун жайгашкан жерин имараттан тышкары, коммерциялык банктын сейфинде сактоо, ошондой эле бул көчүрмөлөрдү мезгил-мезгили менен (айына бир жолудан кем эмес) жаңылоо;
- реестр кармоочунун жайына жана маалыматтар базасына бөтөн адамдардын кирүүсүн чектөө.
Жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун жоктугу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат ордуна дайындоодо документтерди берүүнүн алдында бир жылдын ичинде финансы рыногундагы ишке байланыштуу укук бузуу жасагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу фактысынын жоктугу.";
8) 66-пункттун он үчүнчү абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) төмөнкүдөй мазмундагы 24-32-главалар менен толукталсын:
"24-глава. Лицензиялык контроль
85. Лицензиялык контроль Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, банктык эмес финансылык рыноктун лицензиаттарынын ишин жөнгө салган атайын мыйзамдарда жана ушул Убактылуу жободо белгиленген лицензиялык талаптарды лицензиаттын сактоосун текшерүү максатында жүргүзүлөт.
86. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү түрүндө жүргүзүлөт. Лицензиялык текшерүү лицензияга чейинки, лицензиядан кийинки текшерүүлөр (пландуу) жана пландан тышкары лицензиялык текшерүүлөр түрүндө жүргүзүлөт.
87. Лицензияга чейинки текшерүүлөр - лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендиги жагынан арыз ээси лицензия алганга чейин лицензиар тарабынан жүргүзүлүүчү иликтөө.
88. Лицензиядан кийинки текшерүүлөр - пландуу текшерүүлөр, лицензиаттын лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензияларды колдонуу мезгилинде лицензиар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр.
89. Пландан тышкары текшерүүлөр - лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш иштин түрлөрү боюнча лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензиарлар жүргүзүүчү иликтөөлөр жана текшерүүлөр. Мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптарды бузууларды аныктоо жана жоюу жагынан пландан тышкары лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.
90. Лицензиатты пландуу лицензиялык текшерүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан иштелип чыккан жана буйругу менен бекитилүүчү пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча лицензиялык текшерүү баракчасын лицензиар милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
91. Лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп лицензиаттын лицензиялык талаптарды аткарышын текшерүү, лицензиаттын мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюшун текшерүү, лицензиаттын өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензиат лицензиялык талаптардын бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.
92. Лицензиатты пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиар орган мурда берген эскертүүнү лицензиат аткара турган мөөнөттүн аякташы;
2) лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын лицензиар органга түшүүсү;
3) лицензияны колдонуу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) лицензиаттын лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиар орган тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнүн болушу.
93. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ушул Убактылуу жобонун 92-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиатка алдын ала билдирүү жибербестен пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
94. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кайрылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана турган жерин аныктоо мүмкүн эмес болсо, анын кайрылуусу, арызы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болбойт.
95. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыкпайт.
25-глава. Постлицензиялык пландуу жана лицензиялык
текшерүү жүргүзүү
96. Пландуу текшерүүнүн предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиаттын документтеринде камтылган анын иши жөнүндө маалыматтар;
2) банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин лицензиялык талаптарга ылайык келиши;
3) банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензиат кабыл алган чаралар;
4) мурдагы лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бузуулардын четтетилиши жөнүндө эскертүүнүн аткарылышы.
97. Лицензиялык пландуу текшерүү лицензиардын лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
98. Лицензиялык пландуу текшерүүнү лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн лицензиардын кызмат адамдары гана жүргүзөт.
99. Лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиардын аталышы;
2) лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орундары;
3) текшерүү жүргүзүлө турган лицензиаттардын аталышы;
4) лицензиялануучу ишти иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун юридикалык дареги жана (же) жери;
5) лицензиялык пландуу текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана предмети;
6) лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү башталган күн жана аяктаган күн.
100. Лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлама ушул текшерүү жүзөгө ашырылган күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, лицензиаттарга жазуу жүзүндө жиберүү аркылуу жөнөтүлөт.
101. Лицензиялык пландуу текшерүү башталаардын алдында лицензиардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө;
- лицензиялык текшерүүнүн дайындалышы жөнүндө буйрукту лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тааныштырууга;
- лицензиялык текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тааныштырууга.
102. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык талаптардын сакталышын текшерет, ошондой эле төмөнкүлөрдү текшерет:
- мурдагы лицензиялык текшерүүлөрдүн актыларын;
- административдик укук бузуулар жөнүндө иштин материалдарын.
103. Ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамы лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы боюнча белгиленген формада эки нускада акт түзөт.
Актта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- актты түзүүнүн күнү, убактысы жана жери;
- лицензиардын аталышы;
- текшерүү жүргүзүүгө негиз болгон буйруктун чыгарылган күнү жана номери;
- текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматтык күбөлүгүнүн номери;
- текшерүүчү лизенциаттын аталышы жана дареги;
- текшерүү жүргүзүүнүн күнү, убактысы жана жери;
- текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде лицензиялык талаптарды табылган бузуулар жөнүндө маалыматтар;
- текшерүүнүн субъектинин өкүлүн текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар, алардын койгон колдору;
- текшерүү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын колу;
- лицензиаттын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу.
104. Акттын бир нускасы тиркемелердин көчүрмөлөрү менен бирге лицензиаттын жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тил кат алуу менен тапшырылат же болбосо тапшыруу жөнүндө кабарлама менен буйрутма кат аркылуу жөнөтүлөт.
Лицензиялык текшерүүнүн натыйжаларына карабастан актыга текшерүүчү, лицензиаттын жетекчиси же ыйгарым укуктуу башка өкүлү кол коюшат. Актта баяндалган фактыларга макул болбогон учурда лицензиаттын жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюуга жана каршы пикирлери жөнүндө жазууга милдеттүү. Ушул каршы пикирлердин түшүндүргөн жүйөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана документтерди лицензиаттар тарабынан актты алган учурдан тартып 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө лицензиарга жөнөтөт.
105. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиялык текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамы лицензиаттын лицензиялык текшерүүлөрүн эсепке алуу журналына жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүү жөнүндө жазат.
106. Лицензиялык текшерүү учурунда лицензиатта текшерүүлөрдү эсепке алуу журналы жок болгон учурда лицензиялык текшерүүнүн актына тиешелүү жазуу жазылат.
26-глава. Лицензиаттын жоопкерчилиги
107. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензиар лицензиатка карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:
1) эскертүү;
2) айып пул;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
108. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
27-глава. Лицензиялык текшерүүнү жүзөгө ашырууда
лицензиардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
109. Лицензиардын кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйруктун негизинде лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө;
2) лицензиаттын жумуш убактысында лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө;
3) текшерүүнүн предметине тиешелүү документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;
4) лицензиаттардын текшерүү жүргүзүүгө катышкан кызмат адамдарына текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
5) текшерүүнүн натыйжасын лицензиаттардын кызмат адамдарына тааныштырууга;
6) ушул Убактылуу жобо менен белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн сактоого;
7) текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө жазууга;
8) лицензиардын текшерүүчү кызмат адамынын талаптарын лицензиаттар аткаруудан баш тарткан учурда лицензиаттын кызмат адамдарын укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды кабыл алууга.
110. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерүүнүн субъекттеринен документтерди талап кылууга жана алууга жана текшерүү жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга;
- зарыл болгон учурда лицензиаттын документтеринен жазып алууга жана көчүрмөлөрүн алууга;
- эгерде лицензиялык текшерүү жүргүзүү менен байланышта болсо жайларга, жабдууларга, башка мүлктөргө кароолорду жүргүзүүгө;
- эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышы менен байланышта болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө.
111. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуксуз:
1) лицензиялык талаптарга тиешеси жок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө;
2) арыз берүүчүлөрдүн же лицензиаттардын каражаттарынын жана мүлктөрүнүн эсебинен лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.
28-глава. Лицензиаттардын укуктары жана милдеттери
112. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жооптуу кызматкерлердин катышуусун камсыз кылууга;
2) лицензиардын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарына иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
113. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензиаттар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүргүзүлгөн текшерүүгө түздөн-түз катышууга, лицензиялык текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) лицензиардын кызмат адамынан текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды алууга;
3) лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы менен таанышууга жана лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы менен өзүнүн таанышкандыгы, аны менен макул же макул эмес экендигин лицензиялык текшерүүнүн актында көрсөтүүгө.
29-глава. Лицензиялык контролдун натыйжалары
114. Лицензиардын лицензиялык контролду жүзөгө ашыруунун натыйжалары болуп төмөнкүлөрдүн бири же бир нечеси саналат:
1) текшерүүнүн акты;
2) лицензиялык талаптарды бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү;
3) укук бузуу (айып) жөнүндө протокол;
4) лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим;
5) лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечим;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө доо арызды сотко жөнөтүү жөнүндө чечим;
7) лицензияны чакыртып алуу, токтотуу жөнүндө чечим.
30-глава. Лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу
115. Текшерүүлөрдүн ар бирин жүргүзүүнүн мөөнөтү отуз календардык күндөн ашпоого тийиш.
116. Текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар табылган учурда лицензиардын таасир этүү чаралары ал аяктагандан кийин таризделет.
117. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун мөөнөтүн лицензиар белгилейт жана ал 90 календардык күндөн ашпайт.
31-глава. Лицензиялык контролдун жол-жоболору
118. Лицензиялык контролду жүргүзүүдө төмөнкүдөй жол-жоболор аткарылат:
1) лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар кварталдык планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) лицензиялык текшерүүнү жүргүзүү;
3) лицензиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүүнү чыгаруу жана аткарылышын контролдоо;
4) лицензиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган бузуулар жөнүндө протоколду түзүү;
5) лицензияны колдонууну токтото туруу жана кайра жаңылоо;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
7) лицензияны чакырып алуу.
32-глава. Лицензиялык текшерүүлөрдүн ар жылдык
планын иштеп чыгуу жана бекитүү
119. Лицензиар пландуу лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планын (мындан ары - План) иштеп чыгат жана бекитет.
120. Ар жылдык план жыл башталганга чейин 30 календардык күн калганда лицензиардын буйругу менен бекитилет.
121. План бекитилгенден кийин дароо аны лицензиардын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу кызыкдар болгон жактарга билдирилет.
122. Лицензиар зарыл болгон учурда Планга өзгөртүүлөрдү киргизет.
123. Планга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат он календардык күндүн ичинде лицензиаттарга билдирилет, ошондой эле өзгөртүүлөр киргизилген күнү лицензиардын расмий сайтына жайгаштырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 84 (3533) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ