Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген) |
Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321, 2017-жылдын 8-июнундагы № 353, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830, 2019-жылдын 29-августундагы № 437, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330, 2023-жылдын 20-февралындагы № 91, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин лицензиялануучу түрү менен алектенүүнү каалаган уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тиешелүү лицензия жана/же уруксат алууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, 2020-жылдын 30-январындагы № 43 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы лицензиар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп саналат, ал иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө жана аракеттерге лицензия жана уруксат берет:
- кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча иш;
- ломбарддардын иши;";
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө;
- кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандырууга;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине;
- баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштурууга;
- баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө;
- баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке;
- баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке;
- инвестициялык фонддун ишине;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга;

- аудитордук ишке.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321, 2017-жылдын 8-июнундагы № 353, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 91, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20-жылдын 2023-февралындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык, мамлекеттик тил расмий тилден айырмаланып, башка абзацты жоготот.
3. Лицензия жана/же уруксат алууга арыз ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө берилет.
Ушул Убактылуу жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензия берүүчүнүн фирмалык бланкында берилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык
4. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан банктык эмес финансылык рынок жаатында берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча
ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке берилүүчү лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

7. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- лотереяны өткөрүүнүн шарттары;
- бизнес-план;
- тез лотереялардын байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан кем эмесин түзөөрүн ырастаган документ;
- лотерея билеттеринин коргоо даражаларын сыпаттоо.";

21. Ломбарддардын ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Ломбарддардын ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Ломбарддардын ишине лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, аткаруу органынын жетекчисин жана башкы бухгалтерин (бар болсо) бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрү;
- ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ломбарддын кызмат адамдары (жетекчиси жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтар;
- юридикалык жактын эсебинин бар экендиги жөнүндө, ошондой эле ломбарддардын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүн коммерциялык банктын жазуу жүзүндөгү ырастоосу;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жак үчүн: арызды берип жаткан учурда бюджет алдында карызынын жоктугу туурасында салык органынан маалымкат;
- зайым келишиминин үлгүсү;
- обочолонгон бөлүмдөрдүн тизмеси (бар болсо);
- ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда, 100 (жүз) чарчы метрден кем эмес аянттагы аймагы бар экендиги жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган/күбөлөндүрүлгөн менчик укугундагы же пайдалануу укугундагы документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
Тыш өлчөмү чакан мүлктөр менен ломбарддык ишти жүргүзүүгө укук берген лицензияны тыш өлчөмү ири мүлктөргө кайра тариздеген учурда төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген түрдөгү арыз;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төгүлгөнүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
- ломбарддык иш жүргүзүү укугуна мурда берилген лицензия;
- менчик укугунда же пайдалануу укугунда 100 (жүз) чарчы метрден кем эмес аянттагы аймагы бар экендиги жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган/күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353, 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
73. Ломбард ишине карата лицензиялык талаптар:
1) жетекчи үчүн:
- жогорку кесиптик билиминин болушу (бакалавр, магистр, адис), аны ырастаган документтердин болушу;
- соттолбогондугу же болбосо соттолгондугун жоюу же белгиленген тартипте алып салуу;
- жалпы эмгек стажы 5 жылдан кем эмес болушу керек;
2) башкы бухгалтер үчүн (штатта башкы бухгалтердин кызмат орду жок болсо бухгалтер):
- уюмдарда бухгалтердик эсеп маселелери боюнча атайын даярдыктын болушу (аны ырастаган документтердин болушу);

- бухгалтер кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
3) ломбарддын аймагына карата коюлуучу минималдуу талаптар:
- соода уюмундагы жайда, турак жайда жана башка жайларда жайгашкан ломбарддын жайы жогоруда аталган уюмдардын персоналдарынан жана кардарларынан өзүнчө бөлүнгөн болушу керек, кардарларды тейлөө ломбарддын кассалык терезеси аркылуу гана жүргүзүлүшү керек;
- ижарага алынган же өзүнчө жайгашкан курулманы, турак эмес жайларда өзүнчө кирген жери менен жайды же турак үйдө батирди ээлеген ломбард жайларынын терезесинде металл торчолор жана металл эшиктер болушу керек. Кредиттерди берүү жана кайра кайтаруу ломбарддын жайында ломбарддын кассасы аркылуу гана жүргүзүлөт;
- ломбарддын кассалык жайы өзүнчө бөлүнүшү керек, ал эми кассанын эшиги операция жүрүп жаткан мезгилде ичинен бекитилиши керек;
- чакан габариттүү мүлктү сактоо үчүн күйбөй турган металл шкаф (сейф) болушу зарыл;
4) күрөө коюучу аз көлөмдөгү мүлктү күрөөгө кабыл алууда кабыл алынган күрөө буюму сейфтин ячейкасынын номерин көрсөтүү менен күрөө коюучунун катышуусунда конвертке салынып, мөөр басылат, конверттин чапталган жерине күрөө коюучу кол коёт;
5) күрөөгө коюлган аз көлөмдүү мүлк ломбарддын өзүнчө бөлүнгөн жайында сакталышы керек.
Иш күндүн аягында бул жайдын жана ломбарддын кассасынын эшиги ачкыч менен бекитилип, ломбарддын мөөрү басылышы керек. Ломбарддын ишине тиешеси жок адамдарга бул жайга кирүүгө тыюу салынат;
6) күрөөлөрдү сактоочу жайдын, металл шкафтардын (сейфтердин) ачкычтары жана ломбарддын мөөрлөрү жетекчиде же башкы бухгалтерде (башкы бухгалтер штатынын кызмат орду болбогон учурда бухгалтер) сакталат, аларды шартталган орундарда калтырууга, бөтөн адамдарга берүүгө, же эсепке алынбаган дубликаттарын жасоого тыюу салынат;
7) Ломбарддар ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдылышы керек: стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, иштөөгө жол берилген таразалар жана гирялар (баалуу металлдан жасалган буюмдарды күрөөгө кабыл алган учурда), алтындын тазалыгын текшерүү жана бриллианттарды аныктоо үчүн аспаптар;
8) ломбарддар финансылык туруктуулукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ломбарддын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде уставдык капиталдын өлчөмүн кармоого милдеттүү;
9) коопсуздук үчүн ломбарддын аймагы сейф, телефон, коркунучта басуучу кнопка, сигнализация, видео байкоо камерасы, видео жазууларды сактоо үчүн компьютер, электр энергиясын үзгүлтүксүз жабдуу системасы, түнкү терезеси жана коңгуроосу бар брондолгон металл эшик менен жабдылышы керек;
10) ломбарддын аймагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери жана турак жай фонду үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жана колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге ылайык келүүсү керек.
11) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте отчетторду берүүгө жана маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү;
12) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зайымдарды берүүнүн, зайым берүү боюнча документтерди тариздөөнүн, күрөөнү тариздөөнүн тартибин сактоого милдеттүү;
13) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтарды жана өзүнүн зайымчылары жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде зайым келишимдеринде жана күрөө билеттеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды пайдалануунун тартибин сактоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353, 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
74. Арыз ээси берилген документтерде аталган маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";

22-глава. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны
өткөрүүгө уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү

75. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө берилген уруксат мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

76. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- лотереяны өткөрүүнүн шарттары.

3. Өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
8. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
9. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) өмүрдү камсыздандыруу;
2) өмүрдү универсалдуу камсыздандыруу;
3) балдардын өмүрүн универсалдуу камсыздандыруу;
4) өмүрдү аралаш камсыздандыруу;
5) өлүмдөн, белгилүү куракка же мөөнөткө чейин жашоого, же болбосо башка окуялардын болушуна өмүрдү камсыздандыруу;
6) ушул пункттун 1-5-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн өмүрдү камсыздандыруунун башка түрлөрү.
10. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруучу уюмдун уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруучу уюмдун башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюмдаштыруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү;
- камсыздандыруучу уюмдун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруучу уюмдун акционерлери жөнүндө маалыматтар;
- уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);
- камсыздандыруучу уюмдун Директорлор кеңешинин (бар болсо) мүчөлөрүнүн тизмеси, мында Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруучу уюмдун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастоочу документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастоочу документтер, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастоочу документтер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруучу уюмду түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- акыркы үч жылдын финансылык отчётунун көчүрмөсү (чет өлкөлүк компания үчүн).

11. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай түрдө гана жүргүзүлөт;
- камсыздандыруучу уюмдар лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруучу уюмдар тарабынан сактоо.
4. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
12. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
13. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
2) туристтерди медициналык камсыздандыруу;
3) чет өлкөлөргө чыккан адамдарды медициналык камсыздандыруу;
4) кырсык окуяларынан жана оорудан камсыздандыруу;
5 адамдар тобун кырсыктардан (ооруканага жатуудан) камсыздандыруу;
6) кырсыктын кесепетинен камсыздандырылгандын өлүмү;
7) туруктуу жашаган жердин чегинен сыртка чыккан жарандарды комплекстүү камсыздандыруу;
8) жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу;
9 ) чет өлкөгө чыгууда медициналык чыгымдарды камсыздандыруу;
10) туруктуу жашаган жерден чыккан адамдарды медициналык жана башка күтүлбөгөн чыгымдардан камсыздандыруу;
11) балдарды жашы жеткендикке (нике кыюуга) камсыздандыруу;
12) чет өлкөгө чыккан жарандарды камсыздандыруу;
13) ушул пункттун 1-13-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн ыктыярдуу жеке камсыздандыруунун башка түрлөрү.
14. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- камсыздандыруучу уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында төраганын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруучу уюмдун коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруучу уюмду түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруучу компания үчүн);
- акыркы үч жылдын финансылык отчётунун көчүрмөсү (чет өлкөлүк камсыздандыруучу компания үчүн).

15. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүргүзүлөт;

5. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
16. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
17. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат:
1) курулмаларды жана турак жайларды камсыздандыруу;
2) подрядчыларды бардык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
3) курулуш-монтаждык тобокелдиктерди камсыздандыруу;
4) курулуш-монтаждык жумуштарды камсыздандыруу;
5) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн камсыздандыруу;
6) малды камсыздандыруу;
7) айыл чарба, мөмө-жемиш, жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн түшүмүн камсыздандыруу;
8) банк ишин камсыздандыруу;
9) аманаттарды, коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
10) аба транспорту каражаттарын камсыздандыруу;
11) аба кемелерин камсыздандыруу;
12) деңиз кемелерин камсыздандыруу;
13) суу транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
14) жер транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
15) кыймылдуу жабдууларды камсыздандыруу;
16) электр жабдууларын камсыздандыруу;
17) атайын техникаларды камсыздандыруу;
18) өнөр жай жана коммерция ишканаларын камсыздандыруу ("Бардык тобокелдиктер");
19) ишканалардын жана уюмдардын мүлктөрүн камсыздандыруу;
20) коммерциялык менчикти камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
21) документтерди камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
22) өндүрүш үзгүлтүктөрүнөн болгон чыгашаларды камсыздандыруу;
23) өрттөн камсыздандыруу (оттон камсыздандыруу);
24) өрттөн жана башка коркунучтардан юридикалык жактын мүлкүн камсыздандыруу;
25) сынып калуудан жабдууну камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
26) кыймылдоочу жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди камсыздандыруу;
27) темир жол транспортун камсыздандыруу;
28) менчик укугун жоготуунун кесепетинен мүлктүн жоголушун ыктыярдуу камсыздандыруу;
29) автотранспортту жана транспорт каражаттарын камсыздандыруу;
30) сынып калуудан машинаны камсыздандыруу (мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү);
31) мүлктүк укукту камсыздандыруу (титулдук камсыздандыруу);
32) транзиттеги жана кыскача сактоодогу товарларды камсыздандыруу (ташылган жүктү камсыздандыруу);
33) ташууну камсыздандыруу;
34) жол жүктөрдү камсыздандыруу;
35) жол жүктөрдү камсыздандыруу (жүк ташууну камсыздандыруу);
36) контейнерлерди камсыздандыруу;
37) банк жана башка финансы-кредит мекемелерин финансылык тобокелдиктерден комплекстүү камсыздандыруу;
38) ташуу мезгилинде накталай акчаны камсыздандыруу;
39) депозиттерди камсыздандыруу;
40) аба ырайынын бузулушунан камсыздандыруу (коммерциялык тобокелдиктерден камсыздандыруунун түрү катары);
41) уурдоодон камсыздандыруу;
42) саясый тобокелдиктерден камсыздандыруу (инвестицияларды камсыздандыруунун түрү катары);
43) фрахтты камсыздандыруу (кеме ээлерин камсыздандыруунун түрү катары);
44) электрондук жабдууларды камсыздандыруу (камсыздандыруучунун эскертилген учурлардын кесепетинен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу, мисалы, учу бириге калуу, чыңалуунун күтүүсүз жогорулашы, электр индукциясы ж.б., тышкы факторлор, ошондой эле уурдоолор);
45) жылып жүрүү чыгымдары менен байланышкан финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
46) келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо, тиешеге ылайык аткарбаган учурлардагы финансылык (ишкердик) тобокелдиктерден камсыздандыруу;
47) юридикалык чыгымдар тобокелдигинен камсыздандыруу;
48) коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
49) кредиттерди жаба албай калуу тобокелдигинен камсыздандыруу;
50) күтүүсүз чыгымдар менен байланышкан финансылык тобокелдиктерден камсыздандыруу;
51) ишкердик тобокелдиктерден камсыз кылуу;
52) башка финансылык чыгымдардан камсыздандыруу;
53) ишке берилгенден кийинки кепилдик милдеттенмелерин камсыздандыруу;
54) ушул пункттун 1-53-пунктчаларында аталбаган мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.
55) ушул пункттун 1-54-пунктчаларында аталбаган мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- арызды кароо жана лицензия үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- камсыздандыруучу уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруучу уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер;

- акыркы үч жылдагы финансылык отчёттордун көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк камсыздандыруучу компания үчүн).

19. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:

- камсыздандыруучу уюмдар лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүргүзүгө укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруучу уюмдардын аткаруусу.
6. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
20. Камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
21. Камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызматтарын аткаруудан турат:
1) баалоочулардын жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
2) риэлторлордун жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
3) нотариустардын жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
4) юристтердин жарандык (кесиптик) жоопкерчилигин камсыздандыруу;
5) кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу;
6) бажы брокерлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
7) медициналык жана фармацефттик компаниялардын кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу;
8) аудитордук ишти жүргүзүүдө кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу;
9) товарлардын, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапаты үчүн болгон жоопкерчиликти камсыздандыруу;
10) риэлтордук ишти жүргүзүүдө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу;
11) товарларды жасоочулардын жана сатуучулардын, жумуштарды (кызматтарды) аткаруучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
12) экспедитордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
13) жалпы жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
14) директорлордун жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
15) аэропорттордун администрацияларынын жана кызматтарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
16) кампалардын жана терминалдардын ээлеринин/операторлорунун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
17) атомдук энергия объекттерин эксплуатациялоочу уюмдардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
18) гидротехникалык курулманын авариясынын кесепетинен келтирилген зыяндардан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
19) жаныбарлардын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
20) мергенчилердин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
21) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
22) ишканалардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
23) айлана-чөйрөгө жогорку коркунуч булагы болгон ишканалардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
24) эмгектик милдеттерин аткарууда кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилүүчү зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
25) жогорку коркунуч булагы болгон ишканалардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
26) опурталдуу өндүрүштүк объекттердеги авариянын же кырсыктын кесепетинен үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, айлана турган чөйрөгө келтирилүүчү зыян үчүн опурталдуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланган уюмдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
27) скважиналарда жумуштарды аткарууда жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
28) үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилүүчү зыян үчүн юридикалык жана жеке жактардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
29) үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилүүчү зыян үчүн өндүрүштүк объектини пайдаланган уюмдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
30) жогорку коркунуч булагы болгон ишканаларды камсыздандыруу;
31) аба кемелеринин ээлеринин жана авиа ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
32) аба каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
33) аэропорттордун ээлеринин жана аларды пайдалангандардын жана аба кыймылын башкарган органдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
34) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
35) суу транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
36) аба транспорту каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
37) аэропорттордун ээлеринин жана диспетчерлердин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
38) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу;
39) эл аралык жол ташууларынын китепчелерин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажы конвенциясынын шарттарында жүзөгө ашырылган ташууларда бажы органынын алдындагы автоташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
40) авиаташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу;
41) уулуу жана опурталдуу жүктөрдү жана өндүрүштүн калдыктарын ташууда үчүнчү жактын алдындагы ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
42) автоташуучулардын жана экспедиторлордун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
43) курулуш-монтаж жумуштарында үчүнчү жактардын алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу;
44) курулуш-монтаждагы тобокелдерди жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу;
45) курулуш-монтаж жумуштарын камсыздандыруу;
46) ушул пункттун 1-48-пункттарында аталбаган жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү.
22. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, камсыздандыруу уюмунун уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруу уюмунун башкармасынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү;
- камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар;

- камсыздандыруу уюмунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (бар болсо), мында Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнү жана жашаган дареги көрсөтүлөт;
- камсыздандыруу уюмунун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, мында ар бир адамдын аты-жөнү жана жашаган дареги, алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер көрсөтүлөт;
- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган документтери, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарга жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
- акыркы үч жылдагы финансылык отчёттордун көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк компания үчүн).

23. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:

- камсыздандыруучу уюм лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруучу уюмдардын аткарышы.
7. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
24. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
25. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй камсыздандыруу кызматтарын аткаруудан турат:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруу;
2) опурталдуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
3) опурталдуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
4) жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
5) кызматкерге ал эмгектин (кызматтык) милдеттерин аткарууда өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу;
6) нотариустардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
7) риэлторлордун кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
8) аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
9) туроператорлордун жана турагенттердин кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
10) капиталдык курулмалардын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
11) өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу;
12) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу;
13) калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын куткаруучуларын жана башка кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу;
14) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу;
15) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү.
26. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, камсыздандыруучу уюмдун уставынын, уюштуруучулардын жыйналышынын уставды кабыл алуу, камсыздандыруучу уюмдун башкармасынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө протоколунун көчүрмөсү;

- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган документтери, эмгек китепчеси жана анын башкы бухгалтер үчүн ишенимдүүлүк талаптарына жана квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер;

27. Камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө коюлуучу лицензиялык талаптар:

- камсыздандыруучу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген камсыздандыруу тарифтеринин чектик өлчөмдөрүн жана жоопкерчилик лимиттерин сактоо;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруучу уюмдар тарабынан аткаруу.

8. Кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоонун
өзгөчөлүктөрү
28. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу лицензиясы мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
29. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча лицензиялык иш ушул Жобонун 3-7-главаларына ылайык камсыздандыруунун бир же бир нече түрлөрүн камтыган камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандыруу боюнча лицензиялык ишти түзүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат.
30. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруучу уюмдун түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);

31. Камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга коюлуучу лицензиялык талаптар:
- уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүзөгө ашырылат;
- камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюмдар лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруунун түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укуктуу;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммасын) төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) уюмдар тарабынан аткаруу.
9. Камсыздандыруу брокерлеринин ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
91. Актуардык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

10. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
35. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
36. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун лицензиялык иши мамлекеттик эмес (топтомо) пенсиялык фонддун ишин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн аткаруудан турат.
37. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик катталышы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер (тийиштүү банктын маалымкаты);
- фонддун жетекчисинин, анын орун басарынын, башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындалгандыгы (шайлангандыгы) жөнүндө документ (ар бир адамдын аты-жөнү, паспорттук маалыматтар, жашаган жеринин дареги), алардын ишенимдүүлүк талаптарына ылайыктыгы тууралуу документтер; башкы бухгалтер үчүн - билим деңгээлин ырастаган жана мурдагы эмгек жолу жөнүндө маалыматтар;
- Фонддун директорлор кеңеши бекиткен фонддун эрежелери (эки нускада), пенсиялык келишимдер (фонддун пенсиялык эрежелери), милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу (фонддун камсыздандыруу эрежелери) жөнүндө келишимдер боюнча фонддун милдеттенмелерин аткаруунун тартибин жана шарттарын аныктоочу документтер;
- жеке жактардын - аманатчылардын жана алуучулардын, камсыздандырылган жактардын болжолдуу санын, максаттуу акчалай төгүмдөр менен төлөмдөрдүн болжолдуу көлөмүн (иштин алгачкы 2 жылына), негизги маалыматтарды эсептеп чыгарууда пайдаланылган эсептөө методикасын тиркөө менен максаттуу акчалай төгүмдөрдү киргизүүнүн жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун тартибинин, шарттарынын варианттарынын ар бири боюнча милдеттенмелерди фонддун кабыл алышын ырастаган эсептерди көрсөткөн, фонддун ишинин келечегинин экономикалык негиздемеси (бизнес-план).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине коюлуучу лицензиялык талаптар:
- фонддун ишин жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча анын лицензиар менен болгон өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылган жайдын, офис техникаларынын жана программалык-техникалык каражаттардын менчикте болушу же негизги фонддордун (каражаттарды) толук чарбалык жүргүзүшү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун кызмат адамдарына коюлуучу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктыгы.

Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтому менен берилген өзгөртүүлөр 38-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
11. Баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштуруу боюнча ишти лицензиялоо ишинин өзгөчөлүктөрү
39. Баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштурууну лицензиялоо мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
40. Баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштуруу боюнча лицензиялык иш жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
41. Баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштурууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайыктыгын ырастаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттардан түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин документтери (дипломдордун, эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- баалуу кагаздардын соода-сатык эрежелери;
- маалыматтарды сактоонун жана коргоонун тартиби;
- листинг жана делистинг эрежелери;
- маалыматты ачып берүүнүн тартиби;
- тооруктарга катышуучулар тоорукту уюштуруучунун эрежелерин, баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда аларга таасир этүүнүн тартиптик чара көрүү кодекси.
42. Баалуу кагаздар рыногунда соода сатыкты уюштурууга карата лицензиялык талаптар:
- өз капиталынын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияларга ээ адистердин болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишке карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өз каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- тооруктарга 5тен кем эмес катышуучунун болушу;
- реалдуу убакыт режиминде өткөрүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыздоо үчүн тиешелүү операциялык эрежелердин жана техникалык потенциалын болушу;
- алдамчылык аракеттерге жол бербөө жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын тиешелүү операциялык эрежелерди сакташы боюнча мониторингди жүзөгө ашыруу максатында баалуу кагаздар рыногуна көзөмөл жүргүзүүгө жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарым укуктарды аныктоочу ички документтердин болушу;
- баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти, клирингди жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу менен байланышкан коркунучтарды башкаруунун механизмдеринин болушу.
Жетекчи кызматтарды ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү;
- мыйзамдык тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттуулугунун жок болушу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
43. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
44. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти лицензиялоо баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишти жүргүзүү боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
45. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайыктуулугун ырастаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттардан түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;

- банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар экендигин ырастаган документ (банктар үчүн);
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
46. Баалуу кагаздар рыногундагы брокердик ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өз капиталынын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайыктуулугу;

- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүргүзүү белгиленген, зарыл техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Брокердик компаниялардагы баалуу кагаздар менен операциялардын ички эсебинин стандарттарынын, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өз каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун фондулук биржаларынын отчет берүүсү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептик регистрди жүргүзүүнүн эрежелеринин жана ички жол-жоболордун жана ички отчетту түзүүнүн эрежесинин болушу;
- кардарлардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын эсебин алууну брокердин өз каражаттарынан өзүнчө камсыз кылуу;
- өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарын депозитарийде сактоо;
- кардарлардын акча каражаттарын коммерциялык банктардын өзүнчө эсебинде (эсептеринде) сактоо;
- кардарлардан брокер же брокердин ыйгарым укуктуу адамы алган буйруктардын эсебин камсыз кылуу.

13. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
47. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
48. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү ишине лицензиялык иш баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
49. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- маалыматтарды сактоо системасы, ошондой эле адистештирилген каттоочуда болгон кайталоо системасы жөнүндө маалымат;

50. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө коюлуучу лицензиялык талаптар:

- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгиленген техникалык каражаттардын болушу;

- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинин талаптарын сактоо боюнча милдеттенмелер;
- кызмат адамдарынын экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- көз карандысыз реестр кармоочунун филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн штатында квалификациялык талаптарга ылайык келген бирден кем эмес адистин болушу;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасын түзгөн электрондук документтердин резервдик көчүрмөлөрүн, реестр кармоочунун жайгашкан жерин имараттан тышкары, коммерциялык банктын сейфинде сактоо, ошондой эле бул көчүрмөлөрдү мезгил-мезгили менен (айына бир жолудан кем эмес) жаңылоо;
- реестр кармоочунун жайына жана маалыматтар базасына бөтөн адамдардын кирүүсүн чектөө.
Жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдарга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун жоктугу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат ордуна дайындоодо документтерди берүүнүн алдында бир жылдын ичинде финансы рыногундагы ишке байланыштуу укук бузуу жасагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу фактысынын жоктугу.

14. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
51. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
52. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык иштин лицензиялык иши баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
53. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- жеке капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин ырастаган документтер. Капитал акчалай эмес каражаттардан түзүлсө, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу берилет;

- банктык иштерди жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын бар экендигин ырастаган документ (банктар үчүн);
- кардарды көз карандысыз каттоочу жана/же Борбордук депозитарий менен баалуу кагаздарга ээлигин салыштыруунун жол-жобосу жөнүндө маалымат;
- депоненттердин/кардарлардын акча каражаттарынын эсебин алуу үчүн банк менен түзүлгөн келишим;
- акцияларды жана/же акциялардын сертификаттарын коргоо үчүн керектүү шарттар жөнүндө маалымат (атап айтканда, сактоо үчүн сактагычты же башка ылайыкталмаларды пайдалануу);
- коопсуздук системасын камсыз кылуу (сигнализация, коддуу кулпу, компьютердик жабдуулардын ж.б. жеке коопсуздугу) жөнүндө маалымат;
- депозитарийдин бөлүмдөрүнүн, депозитарий менен рыноктун башка катышуучулары - көз каранды эмес каттоочулар жана фондулук биржанын - баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктарды уюштуруучунун ортосундагы коммуникациялык системанын (телефон, факс, почта боюнча) камсыздалышы жөнүндө маалымат;
- компьютердик маалыматтардын корголушунун жана сакталышынын шарттары (кардардын компьютердик маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн, колдоо системасын, ошондой эле юридикалык жак ээлик кылган кайталама системаларын контролдоо) жөнүндө маалымат;
- маалыматтарды сактоо системасы жөнүндө маалымат;
- кардардын жоголгон активдеринин ордун толтуруу үчүн төлөмдөрдүн камсыз кылынышы же кепилдүүлүгү жөнүндө маалымат;
- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызматта иштеген адам үчүн).
54. Баалуу кагаздар рыногундагы депозитардык ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:
- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн ылайык келиши;

- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгиленген керектүү техникалык каражаттардын болушу;
- баалуу кагаздар рыногунда иштөөнүн шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген ички документтеринин болушу;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Депозитардык иш жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;

- коммерциялык банкка депозитарий ачкан (ачылган) өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;
- кардардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын депозитарийдин өздүк активдеринен обочолонгон эсебин камсыз кылуу.
Жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар:

- мыйзамда белгиленген тартипте жабылбаган же алынып салынбаган, экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыш үчүн соттолуунун жоктугу;

15. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
55. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
56. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иштин лицензиялык иши баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
57. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жетекчи кызмат орунда иштеген адам үчүн).
58. Баалуу кагаздар рыногундагы дилердик ишке коюлуучу лицензиялык талаптар:

- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин белгилеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген ички документтеринин болушу;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесипкөй иши жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- кызмат адамдарында экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.

16. Инвестициялык фонддун ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
59. Инвестициялык фонддун ишин жүргүзүүгө берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
60. Инвестициялык фонддун лицензиялык иши инвестициялык фонддун ишин жүргүзүү боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
61. Инвестициялык фонддун ишине лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

- депозитардык келишимдин көчүрмөсү;
- акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү:
тышкы башкаруу органында - башкаруу компаниясы менен;
ички аткаруу органында келишим түзүлгөн учурда - башкармалыктын мүчөлөрү же башкы директор, же болбосо башкаруучу менен;
- ички аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин чечиминин көчүрмөсү;
- акционердик инвестициялык фонддун башкаруу компаниясынын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;

Пайлуу инвестициялык фонддор үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:
- пайлуу инвестициялык фонддун эрежелери;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишими;
- башкаруучу компаниянын тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсү;
- башкаруучу компаниянын депозитарий, атайын каттоочу жана көз карандысыз аудитор менен түзгөн келишимдеринин көчүрмөлөрү;

62. Инвестициялык фонддун ишине коюлуучу лицензиялык талаптар:

- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Пайлуу инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобонун, Пайлуу инвестициялык фонддун эрежелерин, инвестициялык пайлардын эмиссиясынын проспектисин жана пайлуу инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоонун тартиби жөнүндө жобонун, Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Акционердик инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобонун, Пайлуу инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан иш жөнүндө маалыматты пайлуу инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын бериши жана жарыялашы жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй катышуучулардын отчет берүү тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
Жетекчи кызматтарда иштеген адамдарга коюлуучу талаптар;

- инвестициялык фонддун депозитарийинин болушу;
- мыйзамдардын талаптарына ылайык фонддун каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруу;
- инвестициялык декларациянын болушу.

17. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
63. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
64. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча лицензиялык иш инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат.
65. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

66. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга коюлуучу лицензиялык талаптар:

- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобонун, Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобонун талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;

- башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ички жол-жоболордун жана эсептик каттоолорду жүргүзүү эрежесинин жана ички отчетту түзүүнүн болушу;
- кардардын акча каражаттарынын жана баалуу кагаздарынын башкаруучу компаниянын өздүк активдеринен обочолонгон эсебин камсыз кылуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 437, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Аудитордук ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

19. Лицензиардын ыйгарым укуктары
71. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү;
- лицензиялардын жана уруксаттардын дубликаттарын берүүнү;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды жана уруксаттарды таанууну;
- лицензияларды жана уруксаттарды кайра тариздөөнү;
- лицензиялык талаптардын лицензиаттар тарабынан сакталышына лицензиялык контроль жүргүзүүнү;
- лицензиялардын жана уруксаттардын колдонулушун токтотууну;
- лицензиялардын жана уруксаттардын колдонулушун калыбына келтирүүнү;
- лицензияларды жана уруксаттарды жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүнү;
- лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартууну;
- лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
72. Лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.

73. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензиат жүргүзүп жаткан иштин лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү. Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш;
- текшерүү жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү лицензиаттан суроого жана алууга;
- текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде бузууларды так көрсөтүү менен акты (протокол) түзүүгө;
- аныкталган бузууларды четтетүүнү лицензиатка милдеттендирген чечимдерди чыгарууга, андай бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн белгилөөгө;
- эскертүү, айып салуу, лицензиянын колдонушун токтотуу, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыздарын берүү түрүндөгү таасир этүү чараларын лицензиатка карата колдонууга.

20. Арыздарды кароонун жана лицензия, уруксат берүүнүн мөөнөттөрү

74. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы арыз бардык зарыл болгон документтер менен бирге берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбей лицензия, уруксат берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат.

75. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер лицензия, уруксат берүү жана берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

76. Лицензияларды, уруксаттарды берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын буйругу менен таризделет.

77. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия, уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.

78. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензия, уруксат берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

21. Лицензиянын, уруксаттын дубликатын берүү

79. Лицензия жоголгон, бузулган учурда лицензиат лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензиянын дубликатын берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
22. Лицензиялык жыйымдар
80. Лицензияны жана/же уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде аныкталган тартипте, "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык бир жолку лицензиялык жыйым алынат.

23. Лицензияны, уруксатты кайра тариздөө

81. Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде каралган тартипте жана учурларда ишке ашырылат.

82. Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз кайра тариздөө үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү, тиешелүү өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен кайра тариздөө үчүн негиздер жаралган күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына берилет.

83. Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат. Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөөдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

84. Лицензия жана/же уруксат кайра таризделгенге жана аларды колго алганга чейин лицензиат ишин мурда берилген лицензиянын, уруксаттын негизинде жүргүзөт.

24-глава. Лицензиялык контроль
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Лицензиялык контроль Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, банктык эмес финансылык рыноктун лицензиаттарынын ишин жөнгө салган атайын мыйзамдарда жана ушул Убактылуу жободо белгиленген лицензиялык талаптарды лицензиаттын сактоосун текшерүү максатында жүргүзүлөт.

86. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү түрүндө жүргүзүлөт. Лицензиялык текшерүү лицензияга чейинки, лицензиядан кийинки текшерүүлөр (пландуу) жана пландан тышкары лицензиялык текшерүүлөр түрүндө жүргүзүлөт.

87. Лицензияга чейинки текшерүүлөр - лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендиги жагынан арыз ээси лицензия алганга чейин лицензиар тарабынан жүргүзүлүүчү иликтөө.

88. Лицензиядан кийинки текшерүүлөр - пландуу текшерүүлөр, лицензиаттын лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензияларды колдонуу мезгилинде лицензиар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр.

89. Пландан тышкары текшерүүлөр - лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш иштин түрлөрү боюнча лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензиарлар жүргүзүүчү иликтөөлөр жана текшерүүлөр. Мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптарды бузууларды аныктоо жана жоюу жагынан пландан тышкары лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.

90. Лицензиатты пландуу лицензиялык текшерүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан иштелип чыккан жана буйругу менен бекитилүүчү пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча лицензиялык текшерүү баракчасын лицензиар милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.

91. Лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп лицензиаттын лицензиялык талаптарды аткарышын текшерүү, лицензиаттын мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюшун текшерүү, лицензиаттын өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензиат лицензиялык талаптардын бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.

92. Лицензиатты пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиар орган мурда берген эскертүүнү лицензиат аткара турган мөөнөттүн аякташы;
2) лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензиат лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын лицензиар органга түшүүсү;
3) лицензияны колдонуу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) лицензиаттын лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиар орган тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнүн болушу.

93. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ушул Убактылуу жобонун 92-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиатка алдын ала билдирүү жибербестен пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

94. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кайрылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана турган жерин аныктоо мүмкүн эмес болсо, анын кайрылуусу, арызы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болбойт.

95. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыкпайт.
25-глава. Постлицензиялык пландуу жана лицензиялык
текшерүү жүргүзүү

96. Пландуу текшерүүнүн предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиаттын документтеринде камтылган анын иши жөнүндө маалыматтар;
2) банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин лицензиялык талаптарга ылайык келиши;
3) банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензиат кабыл алган чаралар;
4) мурдагы лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бузуулардын четтетилиши жөнүндө эскертүүнүн аткарылышы.

97. Лицензиялык пландуу текшерүү лицензиардын лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

98. Лицензиялык пландуу текшерүүнү лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн лицензиардын кызмат адамдары гана жүргүзөт.

99. Лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиардын аталышы;
2) лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орундары;
3) текшерүү жүргүзүлө турган лицензиаттардын аталышы;
4) лицензиялануучу ишти иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун юридикалык дареги жана (же) жери;
5) лицензиялык пландуу текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана предмети;
6) лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү башталган күн жана аяктаган күн.

100. Лицензиялык пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлама ушул текшерүү жүзөгө ашырылган күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, лицензиаттарга жазуу жүзүндө жиберүү аркылуу жөнөтүлөт.

101. Лицензиялык пландуу текшерүү башталаардын алдында лицензиардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө;
- лицензиялык текшерүүнүн дайындалышы жөнүндө буйрукту лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тааныштырууга;
- лицензиялык текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тааныштырууга.

102. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык талаптардын сакталышын текшерет, ошондой эле төмөнкүлөрдү текшерет:
- мурдагы лицензиялык текшерүүлөрдүн актыларын;
- административдик укук бузуулар жөнүндө иштин материалдарын.

103. Ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамы лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы боюнча белгиленген формада эки нускада акт түзөт.
Актта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- актты түзүүнүн күнү, убактысы жана жери;
- лицензиардын аталышы;
- текшерүү жүргүзүүгө негиз болгон буйруктун чыгарылган күнү жана номери;
- текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматтык күбөлүгүнүн номери;
- текшерүүчү лизенциаттын аталышы жана дареги;
- текшерүү жүргүзүүнүн күнү, убактысы жана жери;
- текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде лицензиялык талаптарды табылган бузуулар жөнүндө маалыматтар;
- текшерүүнүн субъектинин өкүлүн текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар, алардын койгон колдору;
- текшерүү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын колу;
- лицензиаттын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу.

104. Акттын бир нускасы тиркемелердин көчүрмөлөрү менен бирге лицензиаттын жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тил кат алуу менен тапшырылат же болбосо тапшыруу жөнүндө кабарлама менен буйрутма кат аркылуу жөнөтүлөт.
Лицензиялык текшерүүнүн натыйжаларына карабастан актыга текшерүүчү, лицензиаттын жетекчиси же ыйгарым укуктуу башка өкүлү кол коюшат. Актта баяндалган фактыларга макул болбогон учурда лицензиаттын жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюуга жана каршы пикирлери жөнүндө жазууга милдеттүү. Ушул каршы пикирлердин түшүндүргөн жүйөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана документтерди лицензиаттар тарабынан актты алган учурдан тартып 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө лицензиарга жөнөтөт.

105. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиялык текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамы лицензиаттын лицензиялык текшерүүлөрүн эсепке алуу журналына жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүү жөнүндө жазат.

106. Лицензиялык текшерүү учурунда лицензиатта текшерүүлөрдү эсепке алуу журналы жок болгон учурда лицензиялык текшерүүнүн актына тиешелүү жазуу жазылат.

26-глава. Лицензиаттын жоопкерчилиги

107. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензиар лицензиатка карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:
1) эскертүү;
2) айып пул;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.

108. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

27-глава. Лицензиялык текшерүүнү жүзөгө ашырууда
лицензиардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

109. Лицензиардын кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйруктун негизинде лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө;
2) лицензиаттын жумуш убактысында лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө;
3) текшерүүнүн предметине тиешелүү документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;
4) лицензиаттардын текшерүү жүргүзүүгө катышкан кызмат адамдарына текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
5) текшерүүнүн натыйжасын лицензиаттардын кызмат адамдарына тааныштырууга;
6) ушул Убактылуу жобо менен белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн сактоого;
7) текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө жазууга;
8) лицензиардын текшерүүчү кызмат адамынын талаптарын лицензиаттар аткаруудан баш тарткан учурда лицензиаттын кызмат адамдарын укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды кабыл алууга.

110. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерүүнүн субъекттеринен документтерди талап кылууга жана алууга жана текшерүү жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга;
- зарыл болгон учурда лицензиаттын документтеринен жазып алууга жана көчүрмөлөрүн алууга;
- эгерде лицензиялык текшерүү жүргүзүү менен байланышта болсо жайларга, жабдууларга, башка мүлктөргө кароолорду жүргүзүүгө;
- эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышы менен байланышта болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө.

111. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуксуз:
1) лицензиялык талаптарга тиешеси жок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө;
2) арыз берүүчүлөрдүн же лицензиаттардын каражаттарынын жана мүлктөрүнүн эсебинен лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.

28-глава. Лицензиаттардын укуктары жана милдеттери

112. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жооптуу кызматкерлердин катышуусун камсыз кылууга;
2) лицензиардын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарына иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө.

113. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензиаттар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүргүзүлгөн текшерүүгө түздөн-түз катышууга, лицензиялык текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) лицензиардын кызмат адамынан текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды алууга;
3) лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы менен таанышууга жана лицензиялык текшерүүнүн натыйжасы менен өзүнүн таанышкандыгы, аны менен макул же макул эмес экендигин лицензиялык текшерүүнүн актында көрсөтүүгө.

29-глава. Лицензиялык контролдун натыйжалары

114. Лицензиардын лицензиялык контролду жүзөгө ашыруунун натыйжалары болуп төмөнкүлөрдүн бири же бир нечеси саналат:
1) текшерүүнүн акты;
2) лицензиялык талаптарды бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү;
3) укук бузуу (айып) жөнүндө протокол;
4) лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим;
5) лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечим;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө доо арызды сотко жөнөтүү жөнүндө чечим;
7) лицензияны чакыртып алуу, токтотуу жөнүндө чечим.

30-глава. Лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу

115. Текшерүүлөрдүн ар бирин жүргүзүүнүн мөөнөтү отуз календардык күндөн ашпоого тийиш.

116. Текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар табылган учурда лицензиардын таасир этүү чаралары ал аяктагандан кийин таризделет.

117. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун мөөнөтүн лицензиар белгилейт жана ал 90 календардык күндөн ашпайт.

31-глава. Лицензиялык контролдун жол-жоболору

118. Лицензиялык контролду жүргүзүүдө төмөнкүдөй жол-жоболор аткарылат:
1) лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар кварталдык планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) лицензиялык текшерүүнү жүргүзүү;
3) лицензиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүүнү чыгаруу жана аткарылышын контролдоо;
4) лицензиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган бузуулар жөнүндө протоколду түзүү;
5) лицензияны колдонууну токтото туруу жана кайра жаңылоо;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
7) лицензияны чакырып алуу.

32-глава. Лицензиялык текшерүүлөрдүн ар жылдык
планын иштеп чыгуу жана бекитүү

119. Лицензиар пландуу лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планын (мындан ары - План) иштеп чыгат жана бекитет.

120. Ар жылдык план жыл башталганга чейин 30 календардык күн калганда лицензиардын буйругу менен бекитилет.

121. План бекитилгенден кийин дароо аны лицензиардын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу кызыкдар болгон жактарга билдирилет.

122. Лицензиар зарыл болгон учурда Планга өзгөртүүлөрдү киргизет.

123. Планга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат он календардык күндүн ичинде лицензиаттарга билдирилет, ошондой эле өзгөртүүлөр киргизилген күнү лицензиардын расмий сайтына жайгаштырылат.

| Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Лицензияны алууга АРЫЗ
Төмөнкүдөй ишке лицензия берүүңүздү өтүнөм ________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
(иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) так жана толук аталышы)
Иш жүргүзүлүүчү аймак:

Юридикалык жак үчүн:

(юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышы,
анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы)
Мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн сериясы ______________________ № __________________,
берилди ___________________________________________________________________________________
(ким тарабынан, качан берилген)
Юридикалык дареги: ________________________________________________________________________
ИНН: ______________________________________________________________________________________
Жеке жак үчүн:
Аты-жөнү __________________________________________________________________________________
Анын ким экендигин ырастаган документтин маалыматы

(документтин аталышы)

Арызга лицензия алуу үчүн керектүү документтер тиркелет:
тизмек жана барактардын саны.
Байланыш маалыматтары: телефон номери, e-mail, факс ________________________________________
М.О. | ________________________________ | __________________________ |
| (колу) | (датасы) |
| Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
_________________________________________________________________________________ (лицензия берүүчү органдын - лицензиардын толук аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ
____________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы же жеке ишкердин, лицензиаттын аты-жөнү)
Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоосу
(кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү ______________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
(номери жана датасы)
Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жазуунун каттоо номери

Иштин лицензиялануучу түрү ___________________________________________________________________
Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: мөөнөтсүз ______________________________________________________
Иш жүргүзүлүүчү аймак: _______________________________________________________________________
Берилген дата: 20___-жылдын "____" _______________________
Лицензиянын каттоо номери: ___________________________________________________________________
(номерди көрсөтүү керек)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ___________________________________________________
Лицензияны ээликтен ажыратууга болбойт _______________________________________________________

(лицензия берген адамдын кызмат орду, колу)
М.О.
№ ___________________________ (лицензиянын бланкынын сериясы)
| Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 3-тиркемеси |

|
Анкета |
(сүрөт) |
_______________________________________________________________________________________
(кызмат орду)

(ломбарддын аталышы)
1. Аты-жөнү ____________________________________________________________________________
(туулган күнү жана жери)
Паспортунун сериясы ____________ номери ___________
ким тарабынан берилген ________________ берилген датасы __________________
Жарандыгы ____________________________________________________________________________
Катталган жери боюнча үй дареги, телефонун № _____________________________________________
______________________________________________________________________________________
Иш жүзүндө жашаган жеринин үй дареги, телефонун № _______________________________________
2. Үй-бүлөлүк абалы _____________________________________________________________________
3. Жогорку билими ______________________________________________________________________
(бакалавр, адис, магистр)

дипломдун № ___________ берилген датасы _____________
ким тарабынан берилген _________________________________________________________________
Окуу жайдын аталышы жана жайгашкан жери | Факультет же бөлүмү | Тапшырган жылы | Аяктаган жылы | Алган дипломуна ылайык адистиги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Курстарда окугандыгы
Семинардын темасы | Семинардын уюштуруучусу | Өткөн жери | Өткөн датасы | Сертификатынын болушу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Эмгек иши башталгандан тартып аткарылган жумушу:
Жалпы эмгек стажы ______________________________________________________________
анын ичинде финансы же экономика чөйрөсүндө ______________________________________
Жумушка кирген күнү | Кеткен күнү | Ээлеген кызмат орду | Мекеменин аталышы, жайгашкан жери | Жумуштан кетүүнүн себеби |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Сиз кызматкери же мүчөсү болгон бардык башка уюмдарды, бирикмелерди, ассоциацияларды, юридикалык жактардын мекемелерин көрсөтүңүз.
Уюмдун аталышы | Уюмдун жайгашкан жери | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
6. Ломбарддын кызматкерлери менен болгон туугандык байланыштарды, ломбардды контролдоочу жактар же компаниялар менен байланышты, баардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз
___________________________________________________________________________________

1. Сизде иштин ушул түрүн алып барууга тыюу салуучу соттун чечими барбы

(бар же жок)
2. Банкроттук процессте турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредиттик мекемелерге тиешеңиз барбы

(эгер болсо, анда банктын же финансы-кредиттик мекеменин аталышын, сиз ээлеген кызмат ордун көрсөтүңүз)

Мен, ______________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
жогоруда берилген маалыматтар анык жана толук экендигин ырастайм жана мындан ары ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анда болгон баардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдарды берүүгө милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана каталарга жол берилген болсо, бул ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия алуудан баш тартууга негиз болушу, ошондой эле мага жана ломбардга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкцияларды андан ары колдонууга алып келиши мүмкүн экендигин тааныйм.
__________________ ____-ж. "__" _______________
(колу)
| Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 4-тиркемеси |

___________________________________________________________________________
(лицензия берүүчү органдын - лицензиардын толук аталышы)
УРУКСАТ
________________________________________________________________________________________

Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө
күбөлүгү _______________________________________________
(номери жана датасы)
Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери _________________________
(номери жана датасы)
Иштин лицензиялануучу түрү __________________________________________________________
Уруксаттын колдонуу мөөнөтү: _________________________________________________________
Иш жүргүзүлүүчү аймак: ______________________________________________________________
Берилген дата: 20__-жылдын "__" ___________________
Уруксаттын каттоо номери: ____________________________________________________________
(номерди көрсөтүү керек)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ____________________________________________
Уруксатты ээликтен ажыратууга болбойт _________________________________________________
(Уруксат берген адамдын кызмат орду, колу)
М.О.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ