Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 591
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы, 6-пункттун алтынчы абзацында "жана анын коду" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 13-пунктта:
1-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же болбосо жалпы жарандык паспорт (болсо) - КБМРде маалыматтар болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат;";
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 16 жаш куракка толо элек адам үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документтерди көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- ата-энеси же ата-энесинин бири (ата-энесинин бири болбогон учурда) же 16 жаш куракка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же болбосо жалпы жарандык паспорт (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат;
- 16 жаш куракка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүчү. Эгерде ата-энеси же ата-энесинин бири мындай өтүнүчтү бере албаган же документтерди тариздөөгө катыша албаган учурда алардын жалпы жарандык паспортту алуу үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Ата-энесинин өтүнүчү болбогон учурда жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
16 жаш куракка чыга элек адамдын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арыздары жок болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен өз алдынча чыгуу зарыл болгон учурда 16 жаш куракка чыга элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;";
- 16-пункттун төртүнчү абзацында:
төртүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өз колу менен кол коё албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өз колтамгасынын ордуна аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери чийип коёт же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасы коюлат.";
төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Ошол эле учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын түп нуска экендиги нотариус тарабынан берилген күбөлүк аркылуу ырасталат.";
- 32-пункттун 1-пунктчасында:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 16 жаш куракка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүчү. Эгерде ата-энеси же ата-энесинин бири мындай өтүнүчтү бере албаган же документтерди тариздөөгө катыша албаган учурда алардын жалпы жарандык паспортту алуу үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Ата-энесинин өтүнүчү болбогон учурда жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт;";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 1-пунктчасынын он экинчи абзацында, 3-пунктчасынын он экинчи абзацында "жана анын коду" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 591
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы, 6-пункттун алтынчы абзацында "жана анын коду" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)