Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларды өткөрүүдө навигациялык пломбаларды колдонуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды өткөрүүгө контролду талаптагыдай камсыз кылуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 139-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу тартибинде:
- 4-пунктта:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- борттук же самосвал кузовдору бар ар кандай модификацияларда, цистерналарда жана жүк ташуучу кузовдордун, сыйымдуулуктардын башка түрлөрүндө куюлган же чубуртуп салынган түрдө өткөрүлүүчү товарлар;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- товарлардын категориясына кирген жана өзү жүрүүчү транспорт каражаттары.
Көзөмөлдөөчү объект жайгашкан транспорт каражаттарынын ар бир жүк салынуучу жайларына бир навигациялык (электрондук) пломба салынат.";
- 5-пунктта ", ошондой эле пломбалоо операторунун маалыматтык системасына" деген сөздөр "жана пломбалоо операторунун маалыматтык системасына, ошондой эле бажы органы менен улуттук пломбалоо операторунун өз ара аракеттенүү технологиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункттун экинчи абзацында "бир" деген сөз "ар бир" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүрүү жолундагы штаттан тышкары кырдаалдар (инциденттер) пайда болгон учурда бажы органынын иш-аракеттеринин тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.";
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 36, 37-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 38-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу (алып салуу), иштешин камсыз кылуу, андан ары колдонууга даярдоо жана ташууларды көзөмөлдөө боюнча кызматтарды көрсөтүү (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр);";
- жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "139, 338-беренелерине" деген сөздөр "139-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пунктта:
- 1, 2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 2023-жылдын 20-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды этап-этабы менен киргизүү үчүн даярдоо иштерин жүргүзсүн;
2) 2023-жылдын 20-ноябрынан тартып "Эркештам автожолу" өткөрүү пунктунда бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу боюнча иштерди баштасын;";
- 3-пунктчадагы "2023-жылдын 1-октябрынан" деген сөздөр "2024-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |