Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 токтомуна) |
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктууларынын (мындан ары - чек ара ыйгарым укуктуулары) негизги милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, социалдык жана укуктук коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо түзөт.
3. Чек ара ыйгарым укуктуулары - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек мамилелеринде турган, чек арага жакын аймактардын (чек ара тилкесинин) чегинде туруктуу негизде түздөн-түз жашаган, өзүнүн моралдык-ишкердик сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары.
4. Чек ара ыйгарым укуктуулары Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик чек араны кайтарууну түздөн-түз жүзөгө ашыруучу бөлүкчөлөрүнүн (мындан ары - чек ара бөлүкчөлөрү) штатында жарандык персонал (кызматчылар) катары турат.
5. Чек ара ыйгарым укуктууларынын саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык санынын чегинде аныкталат.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларынын негизги милдеттери жана функциялары
6. Чек ара ыйгарым укуктууларына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) жана уюштуруу-укуктук менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын (мындан ары - уюмдар) Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара тилкесинин режимин жана чек ара режимин сактоосун камсыз кылууга катышуу;
2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана чек ара бөлүкчөлөрүнүн кызмат адамдары менен биргеликте алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
3) Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогунда жана чек ара бөлүкчөсүнүн жоопкерчилик участогунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо, аны чек ара бөлүкчөсүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирүү.
Мамлекеттик чек арадагы укукка каршы бардык аракеттер жөнүндө алынган маалымат жана кырдаал тууралуу башка маалыматтар токтоосуз берилет.
Чек ара ыйгарым укуктууларына кошумча милдеттер түзүлгөн кырдаалга жана мамлекеттик чек аранын кайтарылуучу участогунун өзгөчөлүктөрүнө жараша чек ара бөлүкчөсүнүн башчысы тарабынан коюлат.
7. Милдеттерди аткаруу үчүн чек ара ыйгарым укуктуулары төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча жергиликтүү калк менен ачык-айкын алдын алуу-профилактикалык иштерди жүргүзүү;
2) жергиликтүү калкта Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө позитивдүү түшүнүктү калыптандырууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3) Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогунун чегинде өз ишин жүзөгө ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү колдоо.
3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын милдеттери
8. Чек ара ыйгарым укуктуу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын билүүгө жана так аткарууга тийиш.
9. Чек ара ыйгарым укуктуу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Мамлекеттик чек аранын өткөн жерин жана анын жеринде белгиленишин, жанаша турган жерди билүүгө;
2) Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин сактоого;
3) чек ара режиминин жана чек ара тилкесинин режиминин эрежелерин билүүгө;
4) Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогунун чегинде чек арага жакын аймакта чарбалык жана башка иштерди жүргүзгөн жарандардын жана уюмдардын жайгашкан жерин жана иштөө режимин билүүгө;
5) ыктыярдуу элдик кошуундардын, өз ара аракеттенүүчү бөлүкчөлөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жайгашкан жерин билүүгө;
6) жергиликтүү калктын сандык, улуттук жана конфессиялык курамын, алардын иш менен камсыз болуу мүнөзүн, үрп-адаттарын, каада-салттарын жана маданиятын билүүгө жана урматтоо менен мамиле кылууга;
7) Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек арага жакын аймакта укукка каршы аракеттерди жасоого даярдыктын аныкталган фактылары же жасалгандыгы жөнүндө чек ара бөлүкчөлөрүнүн кызмат адамдарына өз убагында билдирүүгө. Күжүрмөн-кызматтык ишти уюштуруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө;
8) чек ара кезметтеринин кызматына катышууга;
9) Мамлекеттик чек араны бузуучуларды жана укукка каршы аракеттерди жасаган башка адамдарды кармоодо чек ара кезметтерине жардам көрсөтүүгө;
10) жоопкерчилик участогунда кырсыкка учураган адамдарга жардам берүүгө;
11) туруктуу байланышуу жерлерин жана чек ара бөлүкчөсү менен, анын ичинде шашылыш байланышуунун жолдорун билүүгө;
12) өз коопсуздук чараларын, чек ара кызматын коопсуз өтөө эрежелерин сактоого;
13) иш процессинде белгилүү болгон маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик же башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
14) чек ара бөлүкчөсүнүн башчысы белгилеген мөөнөттө тапшырмаларды алуу жана өзүнүн иши жөнүндө отчеттук материалдарды берүү үчүн бөлүкчө жайгашкан жерге же башка жерге келүүгө.
10. Чек ара ыйгарым укуктууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) чектеш мамлекеттин аймагына кирүүгө;
2) чектеш мамлекеттин чек ара күзөтүнүн өкүлдөрү менен кандай гана болбосун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, алардан кандайдыр бир буюмдарды же предметтерди алууга же аларга берүүгө;
3) Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогун чек ара бөлүкчөсүнүн кызмат адамдарына билдирүүсүз калтырууга.
4. Чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктары
11. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча негизги милдеттерди аткаруу максатында чек ара ыйгарым укуктуу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогунда чек ара кезметчилери жок учурда белгиленген тартипте инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга чек ара тилкесинде жана чек арага жакын аймактарда болууга жана иш жүргүзүүгө укук берүүчү документтерди текшерүүгө;
2) Мамлекеттик чек арада жана чек арага жакын аймактарда укукка каршы ишти даярдоо (жүзөгө ашыруу) фактылары жөнүндө алдын ала (ырастоочу) маалыматтарды алуу максатында жарандарды суроого, маалыматтарды (маалымкаттарды) алууга, жер-жерлерди текшерүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык күч, анын ичинде күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын жана өзүн коргоо үчүн атайын каражаттарды колдонууга.
12. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгектенип жаткан мезгилдеги чек ара ыйгарым укуктууларына чек ара бөлүкчөлөрүнүн турак жайларын сактоо максатында аларда жашоого укук бере алат.
Бул укук чек ара ыйгарым укуктуу жумуштан бошотулган же чек ара бөлүкчөсүнүн өздүк курамы ал жерде туруктуу жайгашкан учурда токтотулат.
5. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишин уюштуруу
13. Чек ара ыйгарым укуктууну ишке алуу үчүн негиз болуп чек ара бөлүкчөсүнүн башчысынын негиздемеси менен өтүнүчү жана жарандын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын башчысынын (чек ара отрядынын башчысынын) атына жазган жеке арызы эсептелет.
Чек ара ыйгарым укуктуулары катары эмгектенүүгө каалоосун билдирген жарандардын моралдык-ишкердик сапаттарын жана алардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аларды ишке кабыл алуу же коюлган талаптарга ылайык келбегенде жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын башчысы (чек ара отрядынын башчысы) тарабынан кабыл алынат.
14. Чек ара ыйгарым укуктуулары чек ара бөлүкчөлөрүнүн башчысына жана анын орун басарларына баш иет жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча алардын алдында турган милдеттерди өз алдынча же бөлүкчөнүн кызмат адамдарынын жетекчилиги алдында аткарат.
15. Чек ара ыйгарым укуктууга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
16. Чек ара ыйгарым укуктуулары зарыл болгон учурда аларга белгиленген тартипте берилүүчү байланыш, байкоо каражаттары жана атайын каражаттар менен камсыз кылынат.
Чек ара ыйгарым укуктууларынын жоопкерчилик участоктору Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын облус боюнча башкармалыгынын башчысынын (чек ара отрядынын башчысынын) чечими менен аныкталат.
Чек ара ыйгарым укуктуунун жоопкерчилик участогу ал туруктуу жашаган же чарбалык иш жүргүзгөн жерде болууга тийиш.
6. Чек ара ыйгарым укуктууларын укуктук жана социалдык жактан коргоо
17. Чек ара ыйгарым укуктууларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эмгек мыйзамдарына ылайык өмүрүн, саламаттыгын, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн укуктук жана социалдык жактан коргоого кепилдик берилет.
18. Мамлекеттик чек аранын кайтаруу үчүн тапшырылган участогунун чегинде чек ара ыйгарым укуктууларынын өз милдеттерин аткаруудагы талаптары жарандар жана уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
19. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча алардын ишине түздөн-түз жетекчилик кылган адамдарды кошпогондо, чек ара ыйгарым укуктууларынын мыйзамдуу аракеттерине эч ким кийлигишүүгө укуктуу эмес.
7. Чек ара ыйгарым укуктууларынын жоопкерчилиги
20. Чек ара ыйгарым укуктуулары берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Чек ара ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
22. Чек ара ыйгарым укуктуу менен белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бузулушу мүмкүн.