Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 521
Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколунун X бөлүмүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечиминин 14-тиркемеси) ылайык бир тараптуу тартипте бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун негизинде баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларына Кыргыз Республикасынын аймагынан 500 кг ашык эмес көлөмдө ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө сандык чектөөлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн сандык чектөөлөр киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө арыздарын кароодо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти мамлекеттик контролду ишке ашырууда ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген сандык чектөөлөрдү так сактасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 147 "Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |