Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 587
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салыктык тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5209 | 969 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 239 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 544 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4426 | 776 |
2024-жылдын 1-январынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5409 | 969 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 239 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 544 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4626 | 776 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 89 (3538) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |