Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-октябры № 582
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин жер участогун билим берүүнүн жаңы объектин куруу үчүн натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү деңгээлде мектептеги билим берүү системасынын натыйжалуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуучуларын даярдоону камсыз кылуу үчүн арналган материалдык жана техникалык каражаттарды (жабдууларды, техникаларды), ошондой эле ушул токтомдун 5-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды кошпогондо, түзүлгөн "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемесине имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;";
2) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин балансынан Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан имараттарды жана курулмаларды аянты 7,86 га жанаша жайгашкан жер участогу менен белгиленген тартипте төмөнкүлөргө өткөрүп берсин, анын ичинде:
- 4,86 га - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына;
- 3,0 га - жалпы билим берүү уюмун куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 5-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жогоруда көрсөтүлгөн жер участогундагы авариялык курулмаларды бузуу;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
- объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 88 (3537) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |