Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 598 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (мындан ары - Мамлекеттик фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Мамлекеттик фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) ведомстволук уюму болуп саналат.
3. Мамлекеттик фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик фонд юридикалык жак, уюштуруу-укуктук формасы мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугуна берилген мекеме болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби бар, Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү жана штамптары, фирмалык бланктары бар.
5. Мамлекеттик фонддун фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Государственный фонд интеллектуальной собственности при Государственном агентстве интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамлекеттик фонд" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Государственный фонд".
7. Мамлекеттик фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.
2. Мамлекеттик фонддун максаты
8. Мамлекеттик фонддун ишинин максаты илимий-техникалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын бекемдөө, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерин жаратууга жана колдонууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Мамлекеттик фонддун милдеттери
9. Мамлекеттик фонддун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) интеллектуалдык менчик объекттерин жаратууда авторлорго жана ойлоп табуучуларга, маданият жана искусство ишмерлерине колдоо көрсөтүү;
2) интеллектуалдык менчик объекттерин жана инновацияларды жаратуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттер.
4. Мамлекеттик фонддун функциялары
10. Мамлекеттик фонддун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чыгармалардын авторлоруна жана патенттердин авторлоруна/ээлерине интеллектуалдык менчик объекттерин илгерилетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана башка жардам берүү;
2) интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
3) инновациялык долбоорлорду, стартаптарды аныктоо, тандоо жана илгерилетүү жолу менен башталгыч ишкерлерге дем берүү жана колдоо;
4) балдарды жана жаштарды илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишке тартуу үчүн иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) интеллектуалдык менчик объекттерин жаратуу, укуктук коргоо берүү жана пайдалануу жаатында консультациялык жана маалымдама-маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
6) акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалыматтар базасын, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалымат издөөгө көмөктөшүү, ошондой эле маалыматтар базаларынын эл аралык системалары боюнча издөөнү үйрөтүү;
7) студенттердин, жаш окумуштуулардын, окутуучулардын ж.б. стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун иштеп чыгууга жана андан ары илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн бизнес-инкубаторлордун ишин уюштуруу;
8) интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
9) маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын басып чыгаруу жана сатуу, ошондой эле Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын жана анын ведомстволук уюмдарынын полиграфиялык продукциясына болгон керектөөлөрүн камсыздоо;
10) келишимдик негизде жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
11) Мамлекеттик фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашыруу.
5. Мамлекеттик фонддун укуктары
11. Мамлекеттик фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке дем берүү максатында авторлорго, ойлоп табуучуларга, маданият жана искусство ишмерлерине финансылык, уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүүгө жана башка жардам берүүгө;
2) Мамлекеттик фондго бөлүнгөн финансылык каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга контролду жүргүзүүгө;
3) Мамлекеттик фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен тыюу салынбаган ар түрдүү гранттарды алуу үчүн конкурстарга катышууга;
4) интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жаатындагы расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле башка адабияттарды басып чыгарууга;
5) Кыргыз Республикасында салттуу билимди каттоого жана пайдалануу укугун берүү үчүн өтүнмөлөрдү берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден интеллектуалдык менчикке жана инновацияларга байланыштуу зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
7) Мамлекеттик фонддун негизги милдеттерин ишке ашырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө;
8) интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого көмөк көрсөтүү боюнча ишти уюштурууга;
9) Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишти өнүктүрүү жана дем берүү боюнча, ошондой эле Мамлекеттик фонддун башка маселелери боюнча Кыргызпатентке белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Мамлекеттик фонддун ишин уюштуруу
12. Мамлекеттик фонддун ишине жетекчиликти Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу аткаруучу директор жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
13. Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору Кыргызпатенттин директоруна түздөн-түз баш иет жана Мамлекеттик фонддун ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
14. Мамлекеттик фонддун аткаруучу директору:
1) Мамлекеттик фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамлекеттик фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) Мамлекеттик фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Мамлекеттик фонддун атынан чыгат;
3) Мамлекеттик фонддун аткаруучу директорунун, башка кызмат адамдарынын ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк жана Мамлекеттик фонддун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча милдеттерин аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик фонддун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) Мамлекеттик фонддун түзүмүн, штаттык расписаниесин, чыгымдар сметасын бекитүүгө киргизет;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамлекеттик фонддун ишин жөнгө салуучу документтерди бекитет, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
7) Мамлекеттик фонддун мүлкүн, анын ичинде бекитилген сметага ылайык, банктык документтерге биринчи кол коюу укугу менен Мамлекеттик фонддун акчалай каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;
8) Мамлекеттик фонддун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
9) Мамлекеттик фонддун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Аткаруучу директордун бир орун басары бар, ал Кыргызпатенттин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Аткаруучу директордун орун басары Мамлекеттик фонддун ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
16. Аткаруучу директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюу укугу менен аткаруучу директордун орун басарына жүктөлөт.
17. Мамлекеттик фонддун иш чөйрөсүндөгү негизги маселелерди чечүү үчүн Мамлекеттик фонддун Башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) түзүлөт, ал Мамлекеттик фонддун коллегиялык башкаруу органы болуп саналат, анын негизги милдети ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишти жүзөгө ашырууга финансылык жана башка жардамды берүү жөнүндө маселелерди кароо саналат.
18. Мамлекеттик фонддун Башкармалыгынын ишин жөнгө салуучу жобо жана Башкармалыктын жеке курамы Кыргызпатенттин директору тарабынан бекитилет.
19. Мамлекеттик фонддун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразиялык патенттерди күчүндө кармап туруу үчүн жана 2019-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколуна ылайык Кыргызпатенттин атайын казыналык эсептеринде евразиялык патенттерди күчүндө кармоо үчүн топтолгон каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
20. Мамлекеттик фонддун каражаттары ушул Жободо каралган максаттарга жана милдеттерге пайдаланылат.
21. Мамлекеттик фонд өзүнүн ишинде Кыргызпатентке отчет берет.
7. Мамлекеттик фондду кайра уюштуруу жана жоюу
22. Кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Корутунду жоболор
23. Мамлекеттик фонддун иши токтотулган учурда анын мүлкү Кыргызпатентке өткөрүлөт, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.