Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-апрели № 210
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын өндүрүүгө дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) КНС төлөөдөн бошотулган, дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды жеткирүүнү жана импорттону жүзөгө ашырган дары каражаттарын өндүрүүчүлөр катталган жери боюнча салык органына КНС боюнча салык отчеттуулугун берүүдө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги тууралуу маалымкатты көрсөтүүгө тийиш.
Фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги жөнүндө маалымкат дары каражаттарын өндүрүүчүлөр саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылганда берилет жана маалымкат берилген датадан тартып бир айдын ичинде колдонулат.
Фармацевтикалык ишке (дары каражаттарын өндүрүүгө) лицензиясынын бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы жана берүү тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2) КНС төлөөдөн бошотулган, дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды жеткирүүнү жана импорттоону жүзөгө ашырган дары каражаттарын дүң сатуучу уюмдар катталган жери боюнча салык органына КНС боюнча салык отчеттуулугун берүүдө баштапкы материалдарды дары каражаттарын өндүрүүчүлөргө же дары каражаттарын даярдоо укугуна ээ дарыкана мекемелерине гана жеткирүү жөнүндө кепилдик катты берүүгө тийиш.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 7-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |