Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 8-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек араларынын сыпатталышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек араларынын СЫПАТТАЛЫШЫ
Чек араларды сыпаттоо батыштан чыгышка карай тартипте келтирилген.
1:500000 масштабындагы топографиялык карталар негиз болуп саналат (1997-жылга карата аймактын абалы: 1963-1980-жж. Мамкартография, 2006-жыл).
Мамлекеттик чек ара 2004-жылдагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геодезиялык көзөмөлүнүн материалдары боюнча киргизилген.
Аталыштар 1:500000 масштабындагы топографиялык карталардын негизинде келтирилген.
I. Талас бассейни
Башталышы: Майдантал жана Талас Ала-Too кыркаларынын кесилиши (4131 м), андан ары Талас облусунун түндүк административдик чек арасы менен туш келген Казакстан Республикасынын чек арасы боюнча Кыргыз-Ала-Тоо кыркасынын Кара-Төбө ашуусуна чейин жана андан ары Талас облусунун административдик чек арасы менен туш келген Казакстан Республикасынын чек арасы боюнча, Аспара-Ашуу (3796 м) ашуусуна чейин, андан кийин Нарын дарыясынын суу бөлүнгөн жери менен туш келген Талас облусу менен Чүй облусунун чек арасы, Каракол-Ашуу ашуусу (3647 м), Токойлуу-Ашуу, Корумду-Ашуу (3648 м), Балыкты- Ашуу, Өтмөк ашуусу (3300 м), 4002 м чоку, Чычкан дарыясынын бөлүнгөн жери, Чолок-Төр ашуусу (3526 м), Жерүй ашуусу (3678 м), Калба ашуусу (3772 м), Беш-Таш ашуусу (3573 м) боюнча, андан ары Талас жана Жалал-Абад облустарынын чек арасы боюнча Терек ашуусуна чейин, Жол-Төр ашуусу (3416 м). Андан ары Талас облусунун чек арасы боюнча, 3681 м чоку боюнча Каман-Суу ашуусуна чейин (3312 м), андан ары Урмарал жана Узун-Акмат дарыяларынын бөлүнгөн жери боюнча Талас облусунун чек арасы менен туш келген Талас Ала-Тоосуна чейин, 4094 м чоку, Чийим-Таш ашуусу (3601 м), Курама-Тер ашуусу (3460 м), Кара-Буура ашуусу (3302 м), Корум-Төр ашуусу Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейин, андан кийин Талас облусунун чек арасы менен тушташ чек ара бойлой, 3883 м бийиктик белги аркылуу Түз-Ашуу ашуусу (3746 м) жана 4131 м бийиктик белгидеги чокуга чейин.
II. Чүй бассейни
Башталышы: Аспара-Ашуу ашуусу (3796 м), андан ары Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы болуп саналган Аспара дарыясынын нугунун фарватери боюнча жана андан ары түндүк-чыгыш багытында мамлекеттик чек ара боюнча Чу дарыясына чейин. Андан ары түштүк-чыгыш багытында бир эле маалда Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара жана Чүй облусунун түндүк чек арасы болуп саналган Чу дарыясынын фарватери боюнча Кара-Булак айылына чейин. Андан кийин түндүк, түндүк-чыгыш багытында 1803 м чоку, Коңуртөбө тоосу (2782 м), Кастек кырка тоосунун чыгыш учун бойлой 2972 м чоку, Теккыя ашуусу, Кум-Бел ашуусу (3518 м), Каскелең ашуусу, андан ары чыгышты карай 3599 м чоку, Көлмө ашуусу (3503 м), ЦДКА чокусу (4384 м), Чолок-Кемин ашуусу жана Кант-Баш-Тоо чокусуна (4569 м) чейин жана андан ары түштүктү көздөй Аксуу ашуусуна чейин (4052 м), андан кийин Көк-Айрык ашуусундагы (3889 м) чекит аркылуу Күңгөй Ала-Too кыркасын бойлой батышка карай, Чоктал ашуусу (4760 м), Дөрө ашуусу (3734 м), Тер-Айгыр ашуусу (3238 м), Кызыл-Булак чокусу (3833 м), Калмак-Ашуу ашуусу (3540 м), андан кийин Калмак-Ашуу (Ысык-Көл) дарыясынын суу бөлүнгөн жеринен түштүк багытында Боз-Бармак тоосуна (1815 м) чейин, андан ары Ысык-Көл менен Чу дарыясынын ортосундагы билинер-билинбес суу бөлүнгөн жерден чыгыш багытында 3772 м чокуга чейин жана Сары-Төр тоосунан (4502 м) Кичкине-Үкөк, Үкөк кырка тоолору (3938 м), андан ары чыгыш багытында Турасуу (3786 м), 4069 м чоку, 4159 м чокудан Коңур-Өлөң ашуусуна чейин (3875 м), андан ары Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чек араларын бойлой түштүк-чыгышка Жалпак-Бел ашуусуна (3300 м) чейин, андан кийин Кара-Жорго кырка тоосун бойлой батышты көздөй, Шамалдуу-Жылга ашуусу (3414 м), Кашка-Суу ашуусу (3687 м), Түз-Ашуу ашуусу (3723 м), Ак-Кыя ашуусу (3499 м), Долон ашуусу (3038 м) Кумбел-Ата ашуусу (3536 м), Кең-Суу ашуусу (3644 м), 3991 м тоо, Калмак-Ашуу ашуусу (3446 м), түндүк-батышка карай Ак-Таш ашуусу (3645 м), Төлөк ашуусу (3242 м). Андан ары Кызарт кырка тоосун бойлой батыш багытында Кызарт ашуусуна (2664 м) чейин, андан ары түндүк-батышка Кум-Бел ашуусуна, Окторкой ашуусуна (3265 м) чейин, 3832 м чоку, андан кийин Нарын жана Чүй облустарынын ортосундагы чек арадагы участканы бойлой 3951 м чокуга чейин, Сөөк ашуусуна чейин (3506 м), андан ары түндүк-чыгышты көздөй 4262 м чокуга, Каракол ашуусуна (3485 м) чейин, андан ары түндүк батышка Аламүдүн ашуусуна (4023 м) чейин, батышка карай Кыргыз кырка тоосун бойлой 4248 м чоку, Ала-Арча ашуусу (3907 м), Сокулук ашуусу (3767 м), Жар-Таш ашуусу (3823 м), Бөйрөк ашуусу, Ак-Суу ашуусу (3767 м), Төө-Ашуу ашуусу (3586 м), Токойлуу-Ашуу ашуусу (3597 м), андан ары Каракол-Ашуу ашуусу (3647 м) аркылуу түндүккө, андан ары Талас жана Чүй облустарынын чек араларын бойлой Аспара-Ашуу ашуусуна (3796 м) чейин.
III. Ысык-Көл - Тарим бассейни
Башталышы: Калмак-Ашуу ашуусу (Күңгөй Ала-Too кырка тоосу (3540 м) андан ары Күңгөй-Ала-Тоо кырка тоосун бойлой түндүк-чыгыш багытында 3863 м чоку, Кызыл-Булак тоосу (3833 м), Тер-Айгыр ашуусу (3238 м), 3819 м чоку, Дере ашуусу (3734 м), Чоктал тоосу (4760 м), Көк-Айрык ашуусу (3889 м), Ак-Суу ашуусу (4052 м), Кант-Баш-Тоо чокусу (4769 м), андан ары Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясын бойлой, 4653 м чоку, Куганты ашуусу (3908 м), Желкарагай ашуусу, Сүт-Булак ашуусу, Бургансуу ашуусу (3755 м), Чоң-Өрүктү ашуусу, Орто-Өрүктү ашуусу (3618 м), Кутургу ашуусу (3808 м), Күрмөнтү ашуусу, Сары-Булак ашуусу (3278 м), Саты ашуусу (3281 м), Корумду ашуусу (3174 м), Кең-Суу ашуусу, Табылгаты ашуусу, Тукум-Булак тоосу (3185 м), Сынташ ашуусу. Андан ары мамлекеттик чек аранын линиясын бойлой түндүк-чыгыш багытында Каркыра дарыясынын нугунун кесилишине чейин, андан ары ошол эле Каркыра дарыясынын нугунун ортосу болгон мамлекеттик чек ара линиясын бойлой түштүк-чыгыш багытында Оролмо ашуусу (3302 м), Аюу-Сай тоосу (3957 м), Какпак ашуусу (3482 м), 4024 м чоку, Ашуу-Төр ашуусу (3933 м). Андан ары Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын линиясын бойлой түштүк-чыгыш багытында Ашуу-Төр кырка тоолору, Семенов чокусу (Семенов мөңгүсү), Хан-Теңир чокусу (6995 м), андан ары Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясы боюнча түштүккө карай Ак-Too чокусу (5800 м), Жеңиш чокусу (7439 м), андан ары батышты көздөй Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясы болуп саналган Какшаал-Тоо кырка тоосун бойлой. Андан ары Айран-Суу ашуусу, Май-Баш ашуусу (4001 м), андан ары Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясын бойлой түштүк-батыш багытында Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясы болуп саналган Май-Баш-Too кырка тоосунун линиясын бойлой түштүк-батыш багытында Кара-Эчкитак тоосу (4382 м), Чел-Чоку тоосу (4680 м), Үч-Чоку ашуусу (4301 м), Суук-Төр ашуусу (4583 м), Кичи-Суук-Төр ашуусу (4670 м), Ак-Өгүз ашуусу (4572 м), Кайчы ашуусу (4463 м), Пикертын ашуусу (4358 м), Көк-Ирим ашуусу (4395 м), Бедел ашуусу (4284 м), 4741 м чоку, 4511 м чоку, андан ары түштүк багытында Үзөңгү-Кууш дарыясынын нугунун Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясы менен кесилишине чейин. Андан ары түштүк-батыш багытында Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясы болуп саналган Какшаал-Тоо кырка тоосунун линиясына чейин, 5697 м чоку, 4438 м чоку, Балгынды-Бел ашуусу (4607 м), 4230 м чоку, Көгарт ашуусу (4113 м), Чычар ашуусу (3355 м), 4942 м чоку, Чоң-Ууру ашуусу (4096 м), 4548 м чоку, Туюк-Бел ашуусу, Бото-Мойнок ашуусу, Ак-Сай-Бел ашуусу, Кара-Бел ашуусу (4088 м), Кумбел ашуусу (4012 м), 4291 м чоку, Ходжент ашуусу (3798 м), Көрпө-Бел ашуусу (3665 м), Кыпчак ашуусу (3922 м), Орто-Суу ашуусу (3365 м), 4497 м чоку, 4367 м чоку, Кызыл-Hyp ашуусу (3805 м), Чоколай ашуусу (3883 м), 3846 м чоку, Уселек ашуусу (3671 м), Торугарт ашуусу (3752 м), Котур-Таш тоосу (4198 м) жана андан ары Чатыр-Көлдүн жана Айран-Суу дарыясынын (Тарим дарыясынын бассейни) аты жок куймасынын суу бөлүнгөн жерин бойлой. Андан ары түндүк-батыш багытында Түз-Бел ашуусу, 3434 м чоку, андан ары түндүк-чыгыш багытында Бейит-Жылга тоосу (4272 м), андан ары чыгыш багытында Ат-Башы кырка тоосунун линиясын бойлой, Жеңи-Ичке ашуусу (4062 м), Таш-Рабат ашуусу (3964 м), Шырыкты ашуусу (4127 м), 4516 м тоо, Баш-Келтебек ашуусу (4185 м), 4757 м чоку, 4628 м чоку, Богошту ашуусу (3928 м), Талды-Суу ашуусу (4025 м), Түз-Ашуу ашуусу (3302 м), Арашан ашуусу (3413 м), Кайнар ашуусу (3293 м). Андан ары түндүк багытында Балыкты ашуусуна чейин (3561 м), андан ары чыгыш багытында Карга-Жайлоо ашуусу (3671 м), Арчалы ашуусу (3936 м), андан кийин Жаңы-Жер кырка тоосунун линиясын бойлой, Орто-Кашка-Суу ашуусу (4042 м), Кең-Суу ашуусу (4025 м), 4716 м чоку, Көбүргөнтү ашуусу (3907 м), андан ары түндүк-чыгыш багытында Борколдой-Тоо кырка тоосунун линиясын бойлой, 5060 м чоку, Тешик, Ашуу-Суу ашуулары, 4401 м чоку, андан кийин түндүк-чыгыш багытында Ыштык ашуусу (3689 м), андан кийин түндүк-батыш багытында Тажике ашуусуна чейин (3723 м), андан ары түндүк-чыгыш багытында Ак-Шыйрак кырка тоосунун линиясын бойлой, Коенду ашуусу (4327 м), 4 764 м чоку, андан ары түндүк-батыш багытында Жуукучак ашуусуна чейин (4042 м), андан ары батыш багытында Кашка-Суу ашуусуна чейин, андан кийин түштүк-батыш багытында Ит-Тиш тоосу (4808 м), Тескей-Ала-Тоо кырка тоосунун линиясын бойлой, Жууку ашуусу (3672 м), Барскоон ашуусу, Чымчык тоосу (4467 м), андан ары түндүк-батышка карай Кереге-Таш ашуусу (3650 м). Андан ары чыгыш багытында Тосор ашуусу (3893 м), Тоң ашуусу (4003 м), 4479 м, 4676 м, 4747 м болгон чокулар, андан кийин түндүк-батыш багытында Кичкине-Үкөк ашуусуна чейин, Сары-Тер тоосу (4502 м), аты жок ашуу (3772 м), андан ары түндүк багытында Кара-Күңгөй дарыясынын суу бөлүнгөн линиясы боюнча (Чу дарыясынын бассейни), Боз-Бармак тоосу (1815 м), андан ары Калмак-Суу дарыясынын (Ысык-Көл бассейни) суу бөлүнгөн линиясы жана Чу дарыясынын аты жок куймасы боюнча Калмак-Ашуу ашуусуна (3540 м) чейин.
IV. Нарын-Сырдарыя бассейни
Башталышы: Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын линиясы болуп саналган Көк-Суу кырка тоосун бойлой түндүк-чыгыш багытындагы мамлекеттик чек аранын эң четки батыш жагы болуп саналган Чаткал дарыясынын жана Тереклисай дарыясынын кошулган жери, 2914 м, 2664 м, 3462 м, 3806 м чокулар, Сарыбай-Турган ашуусу, 4065 м, 4144 м чокулар, андан ары түндүк багытында Беш-Төр (4291 м) тоосуна чейин, Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясы болуп саналган Пскем кырка тоолорун бойлой, андан ары чыгыш багытында чек араны бойлой Түндүк ашуусуна чейин. Андан кийин түндүк-чыгышында Капчыгай, Тастар, Токмок-Салды (3627 м) жана 4395 м чокусу аркылуу Пскем жана Талас Ала-Тоосу кошулган жерге чейин. Андан ары Талас жана Жалал-Абад облустарынын чек арасы болуп саналган Талас Ала-Тоосун бойлой чыгыш багытында Түз-Ашуу ашуусу (3746 м), 3883 м чокусу, Корум-Төр ашуусу, Кара-Буура ашуусу (3302 м), Курама-Төр ашуусу (3460 м), Чийим-Таш ашуусу (3601 м), 4094 м чокусу жана андан ары Талас облусунун түштүк чек арасын бойлой Талас Ала-Тоо кырка тоосун бойлой Каман-Суу ашуусу (3312 м), 3681 м чокусу, Жол-Төр ашуусу (3416 м), Терек ашуусу, Беш-Таш ашуусу (3573 м), Калба, Жер-Үй ашуулары (3678 м), Чолок-Төр (3526 м), Өтмөк (3330 м), Балыкты-Ашуу, Корумду-Ашуу (3648 м) ашуусу, 4244 м чокусу, Токойлуу-Ашуу (3597) м ашуусу аркылуу, андан ары Чүй жана Нарын облустарынын чек аралары боюнча Кыргыз кырка тоосун бойлой Төө-Ашуу (3586 м) ашуусу, 4075 м чоку, Ак-Суу ашуусу (3767 м), 4157 м чоку, Бөйрөк, Сокулук (3767 м), Ала-Арча ашуулары (3907 м), 4248 м чоку, Аламүдүн ашуусу (4023 м) аркылуу, андан ары Батыш жана Чыгыш Каракол дарыяларынын түштүк-чыгыштагы суу бөлүнгөн жери, Кочкор жана Жумгал райондорунун административдик чек арасына Каракол ашуусу (3485 м) аркылуу 4262 м чокуга чейин, андан ары батышка Кара-Мойнок кырка тоосун бойлой, андан ары Сөөк ашуусу аркылуу түштүк-батышка, андан ары Орто-Куганды жана Чыгыш Сөөк дарыяларынын суу бөлүнгөн жери боюнча. Андан ары түштүк-чыгыш багытында 3832 м чоку, Окторкой ашуусу аркылуу андан ары чыгышка карай Сандык кырка тоосундагы Кум-Бел ашуусуна чейин, андан ары түштүк-чыгышка Кызарт ашуусуна (2664 м) чейин, андан кийин Кызарт кырка тоосун бойлой Төлөк (3242 м), Акташ (3545 м), Калмак-Ашуу (3446 м) ашууларына чейин, 3991 м чоку, андан ары Кара-Жорго кырка тоосун бойлой чыгышка Кең-Суу (3644 м), Кумбел-Ата (3536 м), Долон ашуусу (3038 м), Ак-Кыя ашуусу (3499 м) аркылуу, Түз-Ашуу (3723 м) тоосу, 3933 м чокусу, Кашка-Суу (3627 м) ашуусу, Шамалдуу-Жылга (3414 м) ашуусу, 3679 м чоку, Жалпак-Бел ашуусу (3300 м). Андан ары түндүк-чыгышка Ысык-Көл жана Нарын облустарынын административдик чек арасын бойлой 4747, 4676 м, 4479 м чокуларга чейин, Тоң ашуусу (4003 м), Тосор ашуусу (3893 м), Кереге-Таш ашуусу (3650 м), андан ары түштүк-чыгышка Чымчык тоосуна чейин, андан ары түндүк-чыгышта Барскоон ашуусу (3756 м), Жууку ашуусу (3672 м) жана андан ары түндүк-чыгышында Ит-Тиш тоосуна (4808 м), Кашка-Суу ашуусуна чейин, андан кийин түштүк-чыгышка Жуукучак ашуусуна (4042 м) чейин, 4764 м чоку, андан кийин түштүк-батышка Ак-Шыйрак кырка тоосу аркылуу, Коенду ашуусу (4327 м) аркылуу 4826 м чокуга чейин, 4674 м чоку аркылуу Тажике ашуусуна чейин. Андан кийин түштүк-чыгышка Ыштык ашуусуна (3689 м) чейин, андан ары түштүк-батыш багытына Борколдой кырка тоосу, Ашуу-Суу ашуусу (4401 м), Тешик ашуусу (4139 м), андан кийин түштүк-батышка 5060 м чоку, андан ары түштүк-батыш багытында Борколдой-Тоо кырка тоосунун батыш участогун бойлой Көбүргөнтү ашуусу (3907 м), андан кийин батыш багытта Жаңы-Жер кырка тоосун бойлой, 4716 м чоку, Кең-Суу ашуусу (4025 м), Орто-Кашкасуу ашуусу (4042 м), Арчалы ашуусу (3936 м), Карга-Жайлоо ашуусу (3671 м), Балыкты (3561 м), Кайнар (3293 м), Арашан (3413 м) м), Түз-Ашуу (3302 м), Талды-Суу (4025 м), андан ары Ат-Башы кырка тоосу, Богошту ашуусу (3928 м), андан ары түштүк-батышка 4628 м, 4788 м, 4757 м, 4327 м чокулар, Баш Келтебек ашуусу (4185 м), 4516 м чоку, Шырыкты ашуусу (4127 м), Таш-Рабат ашуусу (3964 м), Жеңи-Ичке ашуусу (4062 м), Бейит-Жылга тоосу (4272 м), андан кийин түштүк-чыгыш багытында Түз-Бел ашуусу Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек арага чейин.
Андан ары түндүк-батыш багытында Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара өткөн Торугарт-Тоо кырка тоосун бойлой, 5108 м чоку, Туюк-Сөөк ашуусу (3933 м), Фергана кырка тоосунун линиясын бойлой өткөн Ош жана Нарын облустарынын ортосундагы чек ара боюнча, Сөөк ашуусу (4024 м), 4818 м чоку, Каракол ашуусу (4163 м), 4549 м, 4702 м, 4893 м чокулар, Шилбили ашуусу (3878 м), Чытты ашуусу (3698 м), Корумду ашуусу (3569 м), Туюк ашуусу (3405 м), Чаар-Таш ашуусу, Аубек ашуусу (3446 м), андан ары Фергана кырка тоосун бойлой өтүүчү Жалал-Абад жана Нарын облустарынын чек арасы боюнча 3635 м чоку, Кызыл-Суу (3072 м), Урум-Башы ашуусу (3036 м), 3746 м чоку, Айлампа тоосу, Күмүш-Бел ашуусу, андан ары Кеңкол кырка тоосун бойлой анын батыш учуна чейин, андан кийин түштүк-батыш багытында 4126 м чоку, Кулмамбес ашуусу, Ак-Зоо тоосу (3142 м), андан ары түштүк багытында 2458 м, 1639 м чокулар, Нарын жана Майлуу-Сай дарыяларынын суу бөлүнгөн жерин бойлой Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арага чейин.
Андан ары түндүк-батыш багытында Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны бойлой Падыша-Ата дарыясына чейин, андан ары түштүк-батыш багытында мамлекеттик чек ара линиясы боюнча Сумсар дарыясына чейин жана андан ары да мамлекеттик чек ара линиясы боюнча батышка Гавасай дарыясына чейин, андан ары түндүк-батыш багытында Чаткал менен Тереклисай дарыялары кошулган жерге чейин.
V. Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя бассейни
Башталышы: Майлуу-Суу дарыясынын нугунун Майлы-Суу жана Нарын дарыяларынын суу бөлүнгөн жери боюнча түндүк багытта Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара кесилишкен жери, 1639 м, 2458 м чокулар, андан ары түндүк-чыгыш багытында Ак-Зоо тоосу (3142 м), андан ары Базар-Коргон жана Токтогул райондорунун административдик чек ара линиясы боюнча, Кулдамбес ашуусу, 4126 м чоку, Кеңкол кырка тоосуна чейин, андан түштүк-батыш багытында, Күмүш-Бел ашуусу, Айлампа тоосу (3752 м), андан соң Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун административдик чек ара линиясы боюнча, 3746 м чоку, Урум-Башы ашуусу (3036 м), Кызыл-Суу ашуусу (3072 м), 3635 м чоку, Аубек ашуусу (3446 м), Чаар-Таш ашуусу, Туюк ашуусу (3405 м), Корумду ашуусу (3569 м), Чытты ашуусу (3698 м), Шилбили ашуусу (3878 м), 4893 м, 4702 м, 4549 м чокулар, Каракол ашуусу (4163 м), 4818 м чоку, Сөөк ашуусу (4024 м), Торугарт-Тоо кырка тоосуна чейин, андан кийин Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясын бойлой түштүк багытта Жетим-Ашуу ашуусуна чейин, түштүк-чыгышка Көк-Арт ашуусуна чейин (3958 м), андан ары да Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясы боюнча түштүк-батыш багытында, 4733 м чоку, Алайкуу кырка тоосунун линиясы боюнча, Түз-Ашуу ашуусу (3628 м), Талгы ашуусу, Сыйдам ашуусу (3865 м), Саваярды тоосу (4689 м), Саваярды ашуусу (3682 м), 3863 м, 4571 м чокулар, Кыздар ашуусу (4334 м), Төө-Жайлоо (4444 м), Муз-Бел, Карачал-Суу (4201 м), Дүңгүрөмө (4067 м), 4694 м чоку, Ытык тоосу (4767 м), Кара-Бел ашуусу (Терек-Тоо тоо кыркасы), Эгизек тоосу, Ворота ашуусу, Малтабар тоосу (4867 м), Тогочор ашуусу (4360 м), Ат-Жайлоо чокусу (5820 м), андан ары Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аранын линиясын бойлой батышка карай 5788 м чоку, Чыгыш таңы чокусу (6349 м). Андан ары батышка Алай кырка тоосунун линиясына дал келген Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясын бойлой, Корумду тоосу (6613 м), 5190 м чоку, Кызыл-Арт ашуусу (4280 м), 5082 м чоку, Корженевский чокусу (6008 м), Кызылагың тоосу (6683 м), Ленин чокусу (7134 м), Дзержинский чокусу (6717 м), 5358 м, 5860 м, 5705 м, 5284 м чокулар, андан ары түштүк-батышка карай Сууксай дарыясынын нугунун Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен кесилишкен жерге чейин. Андан кийин түндүк-батышты карай Терс-Агар ашуусуна чейин, 5541 м, 5077 м чокулар, Кыз-Коргон (5491 м). Андан ары да түндүк-батышка карай 4120 м чоку, Кызыл-Суу дарыясынын мамлекеттик чек ара линиясы менен кесилишине чейин, андан ары батыш багытында мамлекеттик чек ара линиясы боюнча Узун-Мурун ашуусу, Шумкар чокусу (4687 м). Андан ары түндүккө карай мамлекеттик чек ара линиясы боюнча Гадайюл ашуусуна (4497 м) чейин. Андан ары Алай кырка тоосунун линиясына дал келген мамлекеттик чек ара линиясын бойлой батышка, Жаңы-Дабан чокусу (4379 м), 5046 м, 4285 м, 4052 м чокулары. Андан ары мамлекеттик чек ара линиясы боюнча түштүккө Тамды-Кел чокусу (5544 м), андан ары батышка карай Карагушкан ашуусу (4410 м), 5295 м чоку, Жашыл-Көл ашуусу (3940 м), Түтөк ашуусу. Андан ары түндүк-батыш багытында Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара линиясын бойлой, Түркстан кырка тоосун бойлой, Ыгла (4730 м), Кшемыш-Башы (5290 м), 5482 м, 4445 м чокулары, Бузтоз ашуусу, Пирамидальный чокусу (5509 м), Төрө ашуусу (4525 м), Ак-Суу чокусу (5355 м), Самжон ашуусу (4256 м), Сабах чокусу (5282 м), Янги-Сабах ашуусу, Кырк-Булак ашуусу (4355 м), 4723 м чоку, Ак-Чукур тоосу (5101 м), Дан-Агба ашуусу (4245 м), Пирях тоосу (4681 м), андан ары түндүк-батыш багытында Наумин ашуусу (3013 м). Андан ары Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны бойлой Саркатсуу жана Ак-Суу дарыяларынын кошулган жерине чейин, андан ары түндүк-чыгыш багытында Ак-Суу дарыясынын чек ара линиясын кесип өткөнгө чейин, андан ары түштүк-чыгыш багытында Исфара дарыясынын нугунун кесилишкен жерине чейин жана андан ары түндүк-батышка мамлекеттик чек аранын линиясын бойлой Майлуу-Суу дарыясынын нугунун Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек аранын кесилишкен жерине чейин.
Эскертүү: мамлекеттик чек аранын линиясына ылайык Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя бассейнинин жоопкерчилик зонасынан Исфара, Сох жана Шахимардан дарыяларынын бассейндериндеги анклавдар алып салынат.