Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-октябры № 532
Кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мамлекеттик менчикте турган Баткен облусу, Кадамжай району, Халмион айылдык округу, Чекелик айылы дареги боюнча жайгашкан турак үйдү жалпы аянты 0,15 га жер участогу (идентификациялык коду 8-02-15-1007-0082) менен өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- өткөрүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчик объектине мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |