Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2023-жылдын 25-октябры № 576
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан № 36 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн эски имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Регионду экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 192 "Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомольская көчөсү, 79 дарегинде жайгашкан № 36 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн эски авариялык имаратын аянты 0,13 га жанаша жайгашкан жер участогу менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомольская көчөсү, 79 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын № 36 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн эски имаратын (мындан ары - объект) жалпы аянты 0,13 га жанаша жайгашкан жер участогу (идентификациялык номери 2-02-10-1001-0041) менен соода-базар комплексин ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) имаратты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) өткөрүп берилүүчү объектти так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
4) өткөрүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
5) аталган объектти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылоону камсыз кылуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |