Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-октябры № 580
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө
Прокуратура органдарынын, юстиция, укук коргоо жана сот органдарынын кадрларын даярдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы" мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансында турган, Бишкек шаары, Белорус көчөсү, 6 жана 6а дарегинде жайгашкан имараттарды "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы" мекемесине оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы" мекемесинин уюштуруучусу болуп чыгуу;
2) белгиленген тартипте жогоруда аталган мекемени юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы" мекемесин түзүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жогоруда аталган мекемени мамлекеттик каттоого көмөк көрсөтсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |