Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 103-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |