Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 610 токтомуна) |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы абалды жалпы баалоо
Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө адал индустриянын күчтүү, оперативдүү жооп кайтаруучу рыногун, анын ичинде адал туризмди экономиканын маанилүү сегменттеринин бири катары өнүктүрүү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү шарты катары кызмат кылары белгилүү болду.
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү концепциясынын (мындан ары - Концепция) максаты адал туризм жаатында жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү, аны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногунда алдыга жылдыруу болуп саналат.
Ушул Концепцияны иштеп чыгуунун артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 531-пункту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 390-т тескемеси менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын 5.1-пункту менен аныкталган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында адал индустрия, адал туризм жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу маселелер толук көлөмдө регламенттелген эмес, "адал", "адал индустрия" же "адал туризм" деген түшүнүктөрдүн бирдиктүү так аныктамасы жок.
"Адал" терминин кыргыз эли өзүнүн тарыхында жана азыркы мезгилге чейин колдонуп келген.
Бул термин "адал" деген сөз менен жалпы мааниге ээ. Мунун баары мусулманчылыкта уруксат берилген жана жол берилген жана ал адам жашоосунун дээрлик бардык чөйрөсүнө: тамак-аш азыктарына, кийимге, жасалгаларга, косметикага жана парфюмерияга, жеке гигиенага, туризмге, эс алууга, көңүл ачууга, финансы чөйрөсүнө, адамдардын ортосундагы мамилелерге, айлана-чөйрөгө, аткарган ишине, өз мүлкүн тескөөгө ж.б. тиешелүү.
Адал индустриясы - бул адал стандарттардын белгиленген талаптарынын алкагында адал продукцияны өндүрүүгө, тейлөөгө, пайдаланууга багытталган методдордун, процесстердин жана материалдардын жыйындысын өзүнө камтыган, ислам принциптерине ылайык иштин чөйрөсү.
Адал туризм - адал стандарттардын принциптерине жана талаптарына ылайык келген туризмдин түрү.
Кыргыз Республикасы светтик мамлекет экендигин жана продукциянын коопсуздугуна, кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан бардык ченемдер, анын ичинде туристтик ченемдер биринчи кезекте техникалык коопсуздук ченемдери жана адал стандарттардын талаптары менен жөнгө салынарын түшүнүү маанилүү.
Азыркы учурда адал туризмге инвестициялар, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө олуттуу түрдө көбөйүүдө. Бул баарынан мурда дүйнөдө мусулман калкынын көбөйүшү жана алардын кирешелеринин өсүшү себеби боюнча улам болууда.
Ошондой эле адал принциптерине ылайык келген табигый жана органикалык азыктарга суроо-талаптын өсүшү байкалууда. Буга Малайзиянын, Түркиянын жана БАЭнин, ошондой эле Индонезиянын тажрыйбасы ачык мисал боло алат. Туура маркетинг стратегиясы, ойлонулган инвестициялык саясат менен бирге, туризм секторунун бул тармагында ийгиликке кепилдик бере алат.
Жалпысынан, адал туризм дүйнөлүк туризм индустриясынын динамикалуу өсүп жаткан сектору болуп саналат жана Кыргыз Республикасы бул сектордун потенциалын тааныйт, анткени республиканын табигый-климаттык шарттары Борбордук Азиянын кооздугун жана маданиятын изилдөөгө умтулган мусулман-саякатчыларга уникалдуу жана аутенттүү таасирлерди сунуштоого мүмкүндүк берет.
Мында мыйзам актысы түрүндө жөнгө салуунун укуктук механизмдерин белгилөө зарыл, анда бул процесстин катышуучуларынын ролу аныкталат, ошондой эле адал туризм секторунда болгон терминдер жана аныктамалар, ушул чөйрөдө ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин статусу, ошондой эле мусулман өлкөлөрүнөн туристтердин диний жана маданий өзгөчөлүктөрү белгиленет.
Кыргызстандын Чыгыш жана Батыш Азиянын ортосундагы каттамдардын кесилишинде жайгашуусу адал туризмди өнүктүрүү жана адал товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана өлкөнүн экономикасына кошумча инвестицияларды тартууга жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет, анткени адал бизнес баарынан мурда өндүрүш үчүн капиталды мобилизациялоого, экономиканын реалдуу секторуна инвестициялардын өтүүсүн камсыздоого багытталган.
Кыргыз Республикасында адал туризмдин негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп өлкөнүн мусулман калкы эсептелет, ал калктын жалпы санынын 85%ын түзөт. Бул демографиялык топ адал туризм кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү үчүн даяр рынокту камсыз кылат жана укмуштуудай табигый ландшафттар, бай маданий мурастар жана жылуу меймандостук биздин өлкөнү адал туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу жайга айландырат, муну менен адал индустриянын туруктуу экосистемасын түзөт.
Кыргызстанда адал туризм салыштырмалуу жакында эле өнүгө баштады, бирок өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ, өлкөдө адал индустрия жаатында 6 стандарт, анын ичинде: KMC OIC/SMIIC 9:2022 "Адал туристтик кызмат көрсөтүүлөр. Жалпы талаптар" стандарты (OIC/SMIIC 3:2019, IDT) иштеп жатат.
2022-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык туристтик иш чөйрөсүндөгү киреше 35447,4 млн. сомду түздү, муну менен ички дүң продукциясында (ИДП) 3,9% деңгээлинде үлүштү камсыз кылды.
Кыргызстан акыркы алты жылда. адал туризмди өнүктүрүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирип, Global Muslim Travel Index рейтингинде 25-орунду ээледи, ал жыл сайын MasterCard биргелешип CrescentRating компаниясы тарабынан түзүлөт. Global Muslim Travel Index тизмесинде жалпысынан 130 мамлекет бар. Рейтингдин критерийлери болуп мусулмандар үчүн үй-бүлөлүк эс алуунун ыңгайлуулугу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана сервистин мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде адал продукциялардын жеткиликтүүлүгү, туристтерди жайгаштыруу варианттары, маркетинг программалары эсептелет, бул рейтингде Кыргызстан 56,4% алган.
Ошентип, экономиканын бул секторун өнүктүрүү үчүн жана ИДПда туризмдин үлүшүн көбөйтүү максатында укуктук жана жөнгө салуучу базаны жакшыртуу боюнча активдүү иштерди, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен адал продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу зарыл, бул Кыргызстанды дүйнөлүк аренада туристтик бренд катары илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.
Концепция "жашыл экономика" принциптерин киргизүүгө негизделет, ал Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн келечектүү багыты болуп саналат, анткени өлкө бул демилгени илгерилетүү үчүн жаратылыш ресурстарынын көптөгөн түрлөрүнө ээ.
Бул багыт Кыргыз Республикасы үчүн жаңы болуп саналат, бирок бүгүнкү күндө адал туризмди өнүктүрүүнү токтотууга өбөлгө боло турган факторлор бар.
Адал туризмдин өнүгүшүн кечеңдетүүчү негизги факторлор болуп мыйзамдуу жөнгө салуунун жоктугу же жетишсиздиги, адал туризм инфраструктурасынын өнүкпөгөндүгү, зарыл болгон квалификациядагы кадрлардын жетишсиздиги же жоктугу саналат.
2-глава. Концепциянын максаты
Ушул Концепциянын максаты болуп адал туризм жаатында жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү, аны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногунда илгерилетүү саналат.
3-глава. Артыкчылыктары
Өнүктүрүү саясаты адал туризм инфраструктурасын жакшыртуу, адал кызмат көрсөтүүлөр боюнча ата мекендик ишканаларды заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу, адал кызмат көрсөтүүлөрдүн (жол-жоболордун) белгиленген адал стандарттарга шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү жолу менен адал туризмди өнүктүрүүгө тоскоол болгон факторлорду жоюуга багытталышы керек.
Биринчи артыкчылыктуу багыт адал туризм чөйрөсүн өнүктүрүү жана туристтердин санын көбөйтүү болушу керек.
Экинчи артыкчылыктуу багыт адал туризм инфраструктурасын жакшыртуу, адал кызмат көрсөтүүлөр боюнча ата мекендик ишканаларды заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу болуп саналат. Адал кызмат көрсөтүүлөрдүн (жол-жоболордун) белгиленген адал стандарттарга шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү, калкты адал туризм чөйрөсүндө иштөөгө окутуу.
Үчүнчү артыкчылык - бул адал туризмди өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды жана маркетинг куралдарын колдонуу болуп саналат.
Төртүнчү артыкчылык - адал туризмди эс алуунун башка түрлөрү (маданий, спорттук, экотуризм ж.б.) менен айкалыштырып өнүктүрүү, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү жана туристтик маршруттардын географиясын кеңейтүү.
4-глава. Артыкчылыктардын ар бири боюнча милдеттер жана чаралар/аракеттер
Адал туризмди өнүктүрүү төмөнкүдөй маселелерди чечүүнү талап кылат:
1-милдет. Адал индустрия, анын ичинде адал туризм чөйрөсүндө бекитилген конституциялык ченемдерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо.
2-милдет. Адал туризм инфраструктурасын, адал кызмат көрсөтүүлөрдүн (жол-жоболордун) белгиленген адал стандарттарга шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү.
3-милдет. Адал туризмди илгерилетүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу.
4-милдет. Адал туризмди дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү тажрыйбасы менен алмашуу үчүн адал уюмдар жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү.
§ 1. Адал туризм чөйрөсүн өнүктүрүү жана туристтердин санын көбөйтүү
Бул багыттын алкагында туристтер үчүн адал кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана сапатын жакшыртуу, адал стандарттардын (адал кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү потенциалдуу объекттерди сертификациялоо) талаптарын сактоо менен туристтерге тийиштүү кызматтарды көрсөтүү жана жеңилдиктерди берүү жана башка чараларды (виза режимин алып салуу ж.б.) көрүү боюнча иштерди аткаруу болжолдонууда.
§ 2. Адал туризм инфраструктурасын, адал кызмат көрсөтүүлөр боюнча ата мекендик ишканаларды заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу. Белгиленген адал стандарттарга адал кызмат көрсөтүүлөрдүн (жол-жоболордун) шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү, калкты адал туризм чөйрөсүндө иштөөгө окутуу
Бул багыт боюнча адал туризм маселелери боюнча туристтик зоналардын калкынын да, ошондой эле түзүлүп жаткан инфраструктуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин да квалификациясын жогорулатуу болжолдонууда. Келечекте жергиликтүү калк адал туризм жана туристтер үчүн кызмат көрсөтүү, жергиликтүү маданият жана каада-салттар менен таанышууда аларга жардам көрсөтүү жаатында эксперттер боло алат.
Ишке тартылган тараптардын жергиликтүү адистери (мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ассоциациясынын өкүлдөрү жана башкалар) тийиштүү алдыңкы чет өлкөлүк уюмдарда адал туризмди түзүү жана өнүктүрүү, бул тармакта жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жаңы долбоорлорду ишке киргизүү же өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү максатында калкка жеңилдетилген шарттарда кредит бере турган адал туризмди өнүктүрүү боюнча фонд (адал кызмат көрсөтүүчү субъекттерге финансылык кызмат көрсөтүүчү) түзүү жолу менен адал туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн калкка колдоо көрсөтүү.
Адал индустрия чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган ишканаларды түзүү. Калкты арзан баада адал азыктар жана адал кызматтар менен камсыздоого жаңыча мамилени жүзөгө ашыруу жана адал продукциянын жана адал кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында.
§ 3. Адал туризмди илгерилетүү үчүн заманбап технологияларды пайдалануу
Бул милдеттин алкагында адал сертификацияланган отелдер, ресторандар жана башка кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын маданияты жана салттары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу максатында адал туризмге арналган сайтты жана мобилдик тиркемени түзүү боюнча иштер пландалууда.
Виртуалдык реалдуулук технологиялары туристтерди тартууга жардам бере турган уникалдуу жана интерактивдүү тажрыйбаларды түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Мисалы, жергиликтүү кооз жерлерге, мечиттерге жана башка объекттерге виртуалдык турларды түзсө болот.
§ 4. Эс алуунун башка түрлөрү (маданий, спорттук, экотуризм ж.б.) менен айкалыштырып адал туризмди өнүктүрүү, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү жана туристтик каттамдардын географиясын кеңейтүү
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү боюнча милдет өзүнө эс алуунун ар кандай варианттарын камтыган туристтик маршруттарды (турпакеттерди) түзүүнү карайт. Мындай маршруттарды ар кайсы өлкөлөрдө туристтик агенттиктер, социалдык тармактар жана башка жарнамалык каналдар аркылуу жайылтууга болот. Натыйжада туристтер барган жерлери жөнүндө толук маалымат ала алышат, ошондой эле алардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайыктуу туристтик пакетти тандай алышат.
Маданий туризм музейлерге, галереяларга жана кыргыз тарыхын жана маданиятын чагылдырган башка маданий жайларга барууну, ал эми спорттук туризм - тоо туризми, балык уулоо жана башка спорттун ар кандай түрлөрүнө катышууну камтышы мүмкүн. Экотуризм өз кезегинде улуттук парктарга жана резерваттарга экскурсияларды, тоолорго чыгууларды жана жаратылышта башка активдүү эс алууну камтышы мүмкүн.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Концепция Кыргыз Республикасында адал туризмди туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнү, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтерди тартууну жана региондордун ортосунда ички туристтердин агымын кеңейтүүнү, инфраструктураны өнүктүрүүнү жана адал стандарттардын принциптери боюнча туристтер үчүн берилүүчү товарлардын жана көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну, жайгаштыруу каражаттарын этап-этабы менен өнүктүрүүнү, чоң, орто жана чакан адал мейманканалардын курулушуна дем берүүнү камсыз кылышы мүмкүн.
Ушул Концепциянын алкагында адал туризмди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер:
- адал чөйрөсүндө сапаттуу туристтик продуктуну калыптандыруу үчүн ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын туристтик продуктусун ички жана тышкы рыноктордо илгерилетүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү улуттук туристтик адал брендин, ага негизделген ар бир региондун өзгөчөлүгүнөн чыккан региондордун туристтик бренддерин түзүү аркылуу өлкөнүн имиджин бекемдөө;
- туристтик мүнөздөгү эл аралык иш-чараларда туристтик уюмдардын өздөрүнүн турпродукттарын илгерилетүүгө катышуусуна дем берүү.
2027-жылга чейин жетишүү керек болгон аралыктык жана акыркы жыйынтыктарга көз салуу үчүн ушул концепцияга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы сандык жана сапаттык индикаторлордун базасында түзүлөт. Бул индикаторлор үзгүлтүксүз негизде байкалып турат.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
§ 1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- адал индустрия тармактарынын классификациясын түзүү (адал фешн, адал медицина жана фармацевтика, адал косметика, адал билим берүү ж.б.);
- жөнгө салуу үчүн бирдей жана системалуу укуктук негизди түзүү;
- Кыргыз Республикасында адал стандарттар боюнча өндүрүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө карата принциптерди жана талаптарды аныктоо.
§ 2. Тобокелдиктер
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуунун мүмкүн болуучу тобокелдиктери жана коркунучтары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө мүмкүн болуучу туруксуздук;
- Концепцияны ишке ашырууну мамлекеттик бюджеттен каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги жана эл аралык уюмдар же жеке инвесторлор тарабынан колдоонун жетишсиздиги;
- Концепциянын максаттарына жетүү үчүн мыйзамдар, институттук жана жөнгө салуучу чаралар чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун узак мөөнөттүүлүгү;
- жооптуу тараптардын ортосундагы Концепцияны ишке ашыруу боюнча аракеттерди талаптагыдай координациялоонун жана шайкештигинин жоктугу;
- адал туризм чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды тандоо боюнча кыйынчылыктар.
7-глава. Каржылоо ресурстары жана булактары
Концепциянын алдыга коюлган милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун тартуу боюнча ресурстарды мобилизациялоо пландалууда.
Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгууда Концепциянын багыттары боюнча донордук коомчулуктун катышуусун аныктоо пландалууда.
Ушул Концепцияны практикалык ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн ишке ашырууну караган Иш-чаралар планы иштелип чыгат жана бекитилет.
8-глава. Эл аралык тажрыйбага сереп
Crescent Rating алдынкы сингапурдук изилдөө компаниясынын отчетуна ылайык бүгүнкү күндө адал туризм уюму дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндө иш алып барат. Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Индонезия, Түркия, Сауд Аравиясы, Катар жана Марокко өлкө лидерлери болуп саналат. Бул тизмеге, албетте, Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан ж.б. кирет.
Азыркы учурда Түркиядагы эң популярдуу: "Sah Inn Paradise 5*", "Adenya Hotel 5*" жана "Bera Alanya 5*" отелдери бар, алардын аймагында мечиттер бар, азандар угулат, жамааттык намаздар окулат.
Малайзия "адал" стандартынын сервисинин ар түрдүүлүгү боюнча алдынкы орунда турат. Мусулмандардын үй-бүлөлөрү менен эс алуусу үчүн эң мыкты курорттордун бири - Порт Диксон курорттук шаары. Мындан тышкары Рамазанда орозо кармоо учурунда Малайзиянын отелдери атайын меню сунуштайт: таң атар алдында саарлыкка - таң атканга чейин эрте мененки тамак (сухур), ифтарга - шведдик стилдеги стол.
Египетте адал эс алуу да ар түрдүү. Бир катар мейманканаларда эркек кызматкерлерге аял туристтерди кароого тыюу салынган, мейманкана залдарында жана пляжда музыка жок, сууга никаб менен түшүүгө уруксат берилген.
БАЭнин көптөгөн адал отелдеринде атайын жуманын белгиленген күнү пляжда аялдар гана эс алышат. Отелдерде аялдар үчүн бассейндер, өзүнчө фитнес клубдар бар. Бөлмөлөрдө Куран, намаз килеми жана Каабага багыт бар.
Мекке жана Медина шаарларындагы отелдер, айрыкча Ажылык жана Умра мезгилинде Сауд Аравиясында адал туризм боюнча эң популярдуу болот.
Global Islamic Economy Report 2020/21 (GMTI) изилдөөсүнө ылайык Ислам экономикасынын дүйнөлүк рыногу 2020-жылы 2,4 триллион АКШ долларына жетти, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп. Ислам экономикасында 2020-жылы COVID-19 пандемиясына карабастан өсүш болду, бул анын туруктуулугун жана экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрүп турат.